АК ҮЙДӨ КООПТУУ ЖАГДАЙ ЖАРАЛДЫБЫ?

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

ЖКнын 14-ноябрдагы чоң жыйынында «Ата Журт» жана «Республика» фракцияларынын депутаттары арданып чыгышты. Эл өкүлдөрүн Ак үйдүн кире беришинен УМККнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери бир аптадан бери ит менен текшерип жатышкан. «Депутаттын статусу жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинде «кызматтык унаа текшерүүгө алынбайт» деп жазылган. Бирок ага карабастан, УМКК «жогору жактан буйрук болду» деп депутаттарды тинтип жатат. Бул бейбаштыкты токтотуш керек»,- деди «ата журтчу» Курмантай Абдиев. Ошол эле учурда коалицияга кирген фракция депутаттары текшерилбей жатканы айтылды.
Нааразы болгон депутаттарды спикер Асылбек Жээнбеков гана жооткотту. Тиешелүү органдарды чакыртып, бул боюнча маалымат укмай болушкан. УМКК атайын билдирүү жасап, текшерүүлөр Ак үйдүн алдындагы ар кандай митингдер менен байланыштуу экенин түшүндүрдү. Ошондой эле УМКК 2011-2012-жылдары парламенттин аймагына айрым депутаттар тарабынан ок атуучу куралдарды алып кирген учурлар катталганын белгиледи. Эске салсак, 3-октябрдагы митингден кийин депутат Садыр Жапаровдун унаасынан Калашников автоматы, травматикалык жана Макаров үлгүсүндөгү тапанчалар табылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
22.11.2012. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
«кызматтык унаа текшерүүгө алынбайт» деп эле депутаттар силер эркин гулдоп журо бересинерби? Силерди ким билет мумкун норотик алып журосуорбу. Ошондуктан туура кылган силерди ит менен текшерип туруш керек. Керек болсо кундо кылган ишинерге отчет берип турушунар керек. Эмгек кылгыла да жон эле элдин эмгегин жеп ичип жата бербей. Алганынар болсо 31000ден 50000сом го чейин айлык алат экенсинер. Карапайым элдин алган айлыгы 1500ден 3000сом экен. Ал сумма ичкен тамагына дагы жарабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо