КЫНА

№524 16-22-Ноябрь, 2012-ж

Бүгүнкү күндө боёктордун жардамы менен кааласаңыз чачыңызды сарыга, кызылга боёп аласыз. Илгери заманбап боёктор жок кезде табигый жол менен алынган боёкторду пайдаланышчу. Эмесе, бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келген табигый чач боёгу кына (хна) тууралуу кеп козгойлу.

ЭМНЕДЕН ЖАСАЛАТ?
Кына – лавсония өсүмдүгүнүн кургатылган жалбырагынан даярдалат. Лавсония бул – ысык климатта өсүүчү бийик бадал. Анын орточо бийиктиги 2 метрди түзөт. Түнкүсүн өзүнө гана тиешелүү жыт бөлүп чыгарат. Түндүк Африкада өтө көп таралган. Ал эми Индия, Мисир өлкөлөрүндө жана Сауд аралдарында аны атайын өстүрүшөт. Илгери араб элдери аны дары катары колдонушкан. Жалбырагынан боёк жасалса, гүлдөрүнөн май алынат.

КОЛДОНУУ

  • Кынаны чач боёк катары тааныйбыз. Ал чачты жалтыратып, кызыл күрөң түскө боёйт.
  • Чачтын өсүүсүн тездетет жана бекемдейт.
  • Майлуу чачтардын майынан арылтат.
  • Индиялыктар майрам күн­дөрү денелерине сүрөт, оюу тартууда колдонуп келишет.
  • Элдик медицинада кына кеңири пайдаланылып келген. Мисалы:
    1.араларды, теридеги тытыктарды айыктырууда пайдаланылат.
    2.Сөөктөр, бел омурткасы ооруганда кына сыйпоо сунушталат.
    3.Кынанын эритмесин сууга аралаштырып оозду чайкоо менен оозулдан арылууга болот.
    4.Кына пастасын сүртүп турса­ңыз, тырмактарыңыз жалтырак болот.
    5.Чечек оорусунда денедеги ыйлаакчаларга кына пастасын жаап койсо, тез күбүлүп түшөт.
    6.Кынанын жыты баш оорудан айыктырары айтылып келет.
    7.Курт-кумурска жолобосун деген жерлерге бир аз кына сээп коюуга болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
19.11.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле чачка койсо 20 мунотко аябай чачын тируу болуп жашоо киргендей болуп калат.
07.12.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info sizderden suranich oshol hnani kantip tandap alish kerek ? Jana Bizde bazardagi kaysitl turu paydaluu ? Koburook malimat berip koysobuzdar? Rahmat
08.12.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirin27,
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо