БИР КЕЗДЕГИ КУМИРИҢИЗ УЧУРДА

№525 23-29-Ноябрь, 2012-ж

Кино дүйнөсүндө кайталангыс из калтырып, көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан актёр, актрисалар көп. Алардын айрымдарынын кайда, эмне кылып жүргөнүн, өң-келбетинин канчалык деңгээлде өзгөргөнүн төмөнкү макаладан табасыз.

СИЗ СҮЙГӨН МИТХУН ЧАКРАБОРТИ
Индия киносунун көрүнүктүү жылдыздарынын бири – Митхун Чакраборти. Митхун «Диско бийчиси» («Танцор диско»), «Бийле, бийле» («Танцуй, танцуй») тасмаларынан соң эл оозуна алынып, дүйнөгө таанылган. Талыкпаган эмгек, ташкындаган талантынын артынан ийгилик жылмайып, бүтүндөй Советтер Союзу анын чыгармачылыгына таазим этип, ашык болгон заман да өткөнүн баса белгилебесек болбос.
Кинодон кийин биз Жимми деп билген актёр учурда Индиянын Мумбай шаарында жашайт. Анын күнүмдүк жашоосу кадимкидей эле нукта өтөт. Багбанчылыкты абдан жакшы көрөт. Жаныбарлар менен да жакшы тил табышкандыктан, үйүндө үй канаттуулары, иттери көп экендиги айтылат. Учурда 62 жашка барып калганына карабастан, мыкты ашпоз дагы. Анан, албетте, анда-санда индия кинолоруна тартылууну да унутпайт.

ҮЙ-ЧАРБА ИШТЕРИ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН НАТАЛИЯ ОРЕЙРО
Аргентиналык «Жапайы периште» («Дикий ангел») сериалын көрбөгөн жан болбосо керек. Андагы баш каарман Милагрос бизге оюнда эч жамандыгы жок, башына кепканы бастыра кийип алып футбол ойногон баёо кыз катары таанымал. Ал – Наталия Орейро. Ошол бакыраң көз актриса учурда Рикардо аттуу мырзанын сүйүктүү жары, Мерлин деген уулдун энеси.
"Адамда жөн гана үйдө отуруп эс алуу деген да каалоо болот экен. Эс алганда кандай? Чалкалап эле жатып алуу эмес. Үй-чарба иштери менен алектенүү, короону иретке келтирүү дегендей",- дейт өзүнүн акыркы кездеги жашоосу тууралуу. Мындан тышкары Орейро бир тууган эжеси Адриана Орейро менен биргеликте бренддик кийимдерди чыгарып, бир катар өлкөлөргө жайылтуу менен алек.
Эскерте кетсек, 35 жаштагы Наталия актрисалыктан алыстабай, дагы деле тасмага тартылып жүрөт.

ТОЛУП КЕТКЕНИНЕ АРДАНБАГАН АЙШВАРИЯ РАЙ
Индиялык актриса, Голливуд жылдызы, 1994-жылдын «Дүйнө сулуусу» наамынын ээси Айшвария Рай формасын жоготуп, толуп кеткени тууралуу оң да, терс да пикирлер айтылып келет. Бул тууралуу Айшвария: «Ооба, толдум. Мындай доор ар бир аялзатынын башында бар. Кызымдын, өзүмдүн ден соолугум үчүн ар кандай каражаттарды колдонуп арыктагым келбейт »,- дейт. 65-Канн кинофестивалына чакыруу алганда да индиялык кино жаратуучулардын «кашыктап жыйнаган аброюңду чөмүчтөп чачканы турасың. Муну менен Индия кинематографиясына да көп сын алып келесиң, барбай эле кой» дешкенине карабай фестивалга катышып, өзүнүн өлчөмү менен элди айран таң калтырган. Айшвария 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Карнатака штатынын Мангалор шаарында жарыкка келген. Ал Индия кино жылдызы Амитабх Баччандын келини. Жолдошу Абхишек Баччан да актёр, продюсер катары таанымал.

СЫРЫ КЕТСЕ ДА, СЫНЫ КЕТПЕГЕН ФАКУНДО АРАНА
Факундо Арана же болбосо «Жапайы периштедеги» («Дикий ангел») Милагростун (Наталия Орейро) тасмадагы сүйүктүүсү, ашынган мактанчаак, көйрөң жигит Иво ди Карло. Аталган сериалдын күнү тууп, дүйнөнүн ар бурчунда көрсөтүлө баштаганда Факундо «Учурдун эң сексуалдуу мырзасы» аталып, кыздардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Андан бери канчалаган күндөр өттү, суулар акты. Бирок Факундо дале жигит сынын жогото элек.
Жубайы – белгилүү аргентиналык модель Мария Сусини. Ортолорунда Индия аттуу кызы, Моро, Яко деген эгиз уулдары бар. Башкы ролдор сунушталбаса да, ата мекендик киноиндустрияга аз да болсо салымын кошуп, азыр да актёрлук кызматын улантып келет. Анан да жаз стилиндеги ырларды аткарган «Ла Карранса» тобун жетектеп, музыка жаатында да бир топ атагы чыккан. «Менден «сени жакшы актёр катары билебиз, жакшы адамсыңбы?» деп көп сурашат күйөрмандар, а мен «мыкты болгонго күн сайын аракет кылам» деп жооп берем»,- дейт Факундо. Учурда ал 40тын кырында.

УУЛУНУН КҮЙӨРМАНЫНА АЙЛАНГАН МАРТИНЕС
Санта-Барбарадагы» Круз Кастильонун ролу Эй Мартинеске дүйнөлүк атак жана популярдуулук алып келди. Албетте, «Санта-Барбарага» чейин көп эле ролдорду жараткан. Бирок анын атагы дал ушул тасмадан улам чыга баштаган. Ошол ролунан кийин Мэрси Уолкер (Иден) экөөнүн ортосунда сүйүү романы бар экенин да айтып чыгышкан. Бирок Эй ошол учурда Лесли Брайанс аттуу айымга үйлөнүп, чогуу жашап жатышкан эле. Учурда Лесли экөөнүн ортосунда Дакота аттуу уулу, Девона, Рей деген кыздары бар. АКШнын Сан-Фернандо аймагында жашашат. Жашы 64тү таяп калган Мартинес учурда бейсбол менен машыгып, баласы ойногон жергиликтүү бейсбол командасына күйөрмандык кылып келет.

«САНТА-БАРБАРАГА» ӨМҮРҮМДҮ БЕРИП КОЙДУМ»
«Өмүр бою бир ролдун кулу болуп калгандан чочулачу элем. Адам эмнеден корксо, ошол нерсе башына келет экен. Алгачкы ролум жети жылдык өмүрү бар айтылуу «Санта- Барбара» сериалында сары чачтуу ишенчээк кыз Иден Кэпвеллдин образы болду. Бул мага бир чети эргүү берсе, бирде өкүнүү алып келди. Анткени бүтүндөй өмүрүмдү ошол тасмага арнагандай сезилет»,- дейт Мэрси Уолкер. Бирок мен актрисанын бул оюна кошулбайм. Себеби учурунда аталган тасма популярдуу болуп, каармандардын жашоосу көрөрмандарды ыйлатып да, сүйүнтүп да келген. Мэрси беш жолу турмуш жолуна аттанып, бири менен да үй-бүлө очогун тутантып кете алган эмес. Азыр IBM фирмасынын филиалынын башкы мүдүрү Даг Смит менен жашайт. Нью-Йорктогу чиркөөлөрдүн биринде музыкадан сабак берет. Тейлор аттуу уулу бар. Учурда актриса 51 жашта.

Асел Асанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
26.11.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pai pai pai Aiwvariyaga suktan4u elem. Chyn birok, katyn boldu da 4oon ele.. Bizde dele yr4y ap4eleribiz aparyk bojun4a jurobu ne?! Dinara, Ai4urok, Alina ejekeler..
26.11.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айшвария рай удивила меня очень даже,,,,,,
26.11.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Митхунду(Жимми) коруп шокмун
26.11.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм я в ШОКЕ!!!!!!
27.11.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даназалуу кылым тасмасындагы,Хюрем,Нигар Калфа,Валиде жонундода жазыныздарчы супер инфо.
27.11.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pita4ok, саламатсызбы!
Ал тасма, каармандары тууралуу буга чейин жазылган:
http://www.super.kg/article/?article=16881
http://www.super.kg/article/?article=18517
http://www.super.kg/article/?article=19073
27.11.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апеей факундо арано кантет ботом 40 эмей эле 70теги чалго. Кайран Митхун Чакроборти атам ааай жаш кезин эле т.е. Жимми кезин сонун эле. Айылда жургон кезде танцуй-танцуй болот десе баарыбыз кошунаныкына чуркачу элек митхунду коруу учун. Кайран жаштыыык!Бар болгула биздин суйуктуу актерлор!
27.11.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каарылык баарыбыздын башыбызда бар алар деле бизге окшогон адамдар да ошон у-н ар бир кунубузду ынтымакта жашайлы. азыр бизден откон сулуу адам жок себеби бизде жаштык бар наоборот айшвария бизге суктансын
28.11.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айшвария чачылып кеткенго ия шок эмес электро шок болдум бирок все равно сулуу
28.11.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayshvariyaga tan kalbay ele koygula, India,Pakistandyn ayaldarynyn porodasy oshondoy. Torogondon kiyin pochti vseh raznosit.
28.11.2012. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayshvariya Raydai akylduu ayal oto ele az.....
29.11.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наталия Орейро бир аз гана толгону болбосо сулуулугу боюнча мурункудай эле экен
30.11.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айшвария Рай ушунчалык толуп кеткенби, шок болуп калдымго.
30.11.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калып шок болбой эле койсонор! Карылык ар бирибиздин башыбызда бар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо