ҮЙДӨН ЭЛЕ ЖАСАЛМА ЖОЛ МЕНЕН БОЙГО БҮТҮРҮҮГӨ БОЛОБУ?

№200 1-7-сентябрь, 2006-ж.

– Жубайым экөөбүз балалуу болууну каалайбыз. Бирок, кошулуу аялыма оорутууну жаратып келе жаткандыктан, бизде калыптагыдай секс жок. Ошондуктан, биз үй шартында жасалма жол менен бойго бүтүрүүгө болобу деп сурайлы дедик эле. Айдемир, Кант.

– Үйдө жасалма уруктандыруу ыкмасын жүргүзүү­гө болбойт. Ал эми аялыңыз төшөктө оорутууга кабылса, анда гинекологго, болбосо сексологго кайрылуусу зарыл. Эгер оорутуу жыныс мүчөлөр­дүн чоң-кичине айырмасынан болуп жатса, анда ылайыктуу позаларды караштыруу сунушталат. Антсе да атайын дарыгерлерге кайрылып, текшерилүү кажет экендигин унутпаңыз.


“АЛИГИМДИ” ӨЗ АЛДЫМЧА КАНТИП ДАРЫЛАЙ АЛАМ?

– Менин жашым 23тө. 4 жылдан бери онанизм менен алектенем. “Алигимдин” башы көптөн бери кызарып, түп жагы азыраак көгүш тартып келүүдө. Мындан тышкары жыныс мүчөм­дүн башында тырмап алгандагыдай издер да бар. Эми мен канткенде өз алдымча “алигимдин” башын айыктырып, терисинин өңүн оңдой алам? Алик, Карабалта.

– Сыягы, сиз баланопоститке – жыныс мүчөнүн сезгенүүсүнө чалдыккан окшойсуз. Баланопостит түрдүү себептерден улам пайда болот. Эгер аялзаты менен жыныстык катнашта болсоңуз, анда инфекция жуктуруп алган же албаганыңызды билүү үчүн анализ тапшырууңуз керек. Эгер жыныстык катнашта болбосоңуз, анда оору кант диабетинен же жыныстык органды таза алып жүрбөгөндөн улам келип чыгуусу мүмкүн. Ошондуктан, так диагнозун билүү жана дарылануу үчүн тезинен дарыгерге кайрылууңуз зарыл.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо