КҮҮГҮМ. ЖОМОК.АГАРГАН ТАҢ-2

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

Жанры – Драма, фэнтези, сүйүү баяны
Режиссёру –
Билл Кондон
Продюсери –
Вик Годфри, Стефани Майер, Карен Розенфельт
Сценарийдин автору – Мелисса Розенберг
(Стефани Майердин романынын негизинде)
Башкы ролдордо –
Роберт Паттинсон, Кристен Стюарт, Тэйлор Лотнер
Композитору –
Картер Бёруэлл
Тасманын узактыгы –
1 саат 52 мүнөт
Бюджети –
131 миллион доллар
Өлкөсү –
АКШ
Бет ачары – 14-ноябрь, 2012-жыл

ЭДВАРД МЕНЕН БЕЛЛАНЫН СҮЙҮҮ БАЯНЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Зарыгып күткөн “Күүгүм” тасмасынын күйөрмандарынын кулагына күмүш сырга. Жыл бою күткөн күн да келип, аталган бестселлердин акыркы бөлүгү жарыкка чыкты. Ушуну менен вампирлердин сүйүү баяны соңуна келди. Алар бактылуу. Айрымдар жомоктун бүткөнүнө кубанышса, кээ биринин ичи ачышып жатканы белгилүү. Башталган иштин аягы болот эмеспи, андыктан кабатырланбай, демибизди ичибизге катып, “Күүгүмдүн” автору Стефани Майерге чыгармачылык эргүү келсин деп туралы. Айрым маалыматтарга таянсак, Эдвард менен Белланын кызы Ренесми жана кубулма карышкыр Жейкобдун махабаты жөнүндө эки китеп жазылары айтылууда. Демек, окуянын уландысын күтөбүз.

Эдвард: «КАНДАЙ СОНУН, ЭМИ БИЗДИН ДЕНЕ ТАБЫБЫЗ БИР!»
Ошентип, вампирге айланган Белланы Эдвард алардын жашоосуна көндүрүп, күчүн чеги менен пайдаланып, напсисин көзөмөлдөөгө үйрөтөт. Жаңы гана вампирлердин катарына кошулган Белла токойдогу жырткыч айбандар менен тамактанат. Сырттан караганда түбөлүктүү жашоону тандаган Белла сүйүктүүсү Эдвард жана кызы Ренесми менен бактылуу эле. Эдвард да Беллага “кандай сонун, эми биздин дене табыбыз бир!” деп өзүн ааламдагы эң бактылуу вампир сезген күндөрү, тилекке каршы, көпкө узабайт. Анткени экөөнүн кызы Ренесми тууралуу кабар Вольтуриге (Италияда жашаган байыркы вампирлердин уруусу, ал урууда жалаң күчтүү вампирлер чогулган. Вампирлер арасында мыйзамды сактоочу кызматты аткарат) жетет. Вампирлердин мыйзамы боюнча, аларга наристелүү болууга тыюу салынган эле. Себеби наристе вампирлер абдан кооптуу, өздөрүнүн жасаган кыймыл-аракетине жооп беришпейт, кан соргучтардын сырын сактай алышпайт. Бирок Ренесми апасы Белла вампир эмес, кадимки адам кезинде төрөлгөндүктөн, толук вампир болуп эсептелбейт болчу.
Вольтури армиясын чогултуп, Эдварддын үй-бүлөсү Каллендерди жок кылганы келет. Алардын үй-бүлөсү да жөн отурбай, дүйнөнүн туш тарабынан касиеттүү күчтөргө ээ кан соргучтарды чогултуп, кол топтой башташат. Согушканы эмес, Вольтури акимдерин Ренесминин вампир эмес экендигине ынандырганы. Эки жээкте бет маңдай турган Вольтурилер менен Каллендер аёосуз согушууга даяр эле. Бирок белгисиз себептерден улам качып кеткен Эдварддын эжеси Элис (келечекти алдын ала көрүүчүлүк жөндөмү бар) Вольтурилердин башчысына келип, согуш анын өлүмү менен аяктаарын көрсөтөт.
Фильмдин кульминациясы – дал ушул Элистин келечекти көрүүсүндө. Көрсө, Вольтурилер менен Каллендердин согушу Элистин эле көрүүсү, эскертүүсү экен. Ушул эпизоддо көрөрманды ар кайсы ойго жетелеген режиссёрдун тапкычтыгына бали дейсиң. Тасма соңунда Вольтурилер Ренесминин вампир эместигине ынанышып, өз жолуна түшүшөт. Ал эми саат сайын чоңойгон Ренесми акыры Жейкоб менен каларын Элис алдын ала көрөт.

БАШКЫ КААРМАНДАР ТАСМА ТУУРАЛУУ ОЙ БӨЛҮШӨТ
Баары үчүн түбөлүктүүдөй сезилген “Күүгүмдүн” бүтүшү көрөрмандарды гана эмес, актёрлорду да жашытты. Өз сөзүндө Кристен Стюарт: “Фильмди тарткан чыгармачыл топту аябай сагынам. Жашоомдун эң бир таттуу көз ирмемдери ушул топ менен өттү. Мен үчүн бул чоң сабак жана тажрыйба”,- деген оюн айткан.
Фильмдин баш каармандары Роберт Паттинсон менен Кристен Стюарттын сүйүү мамилеси тасма талаасында башталган. “Күүгүмдүн” акыркы бөлүмүн жайылтуу турнесинде актёрго журналисттер сүйүктүүсү Кристендин чыккынчылыгын кантип кечиргендигин сурап, жооп алганга далалат кылышкан. Бирок актёр интервьюларда фильмдин тегерегинде гана жооп берерин айтып, жеке суроолордон баш тартып келет. Кошумчалай кетсек, мындан аз убакыт мурун Кристен үй-бүлөлүү режиссёр Руперт Сандерс менен кетип, Роберттин көзүнө чөп салгандыгын жар салып, жакын адамдарынын көңүлүн кирдеткени үчүн кечирим сураган болчу. Айрым басылмалар “Күүгүмдүн” аякташы менен Роб менен Кристендин мамилелери өз марасына жетти дешүүдө.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • “Күүгүм. Жомок. Агарган таң-2” тасмасы биринчи бөлүмү менен кошо тартылган. Тартуу иштери 2010-жылдын 1-ноябрында башталып, 2011-жылдын 11-апрелинде аяктаган.
  • Фильм АКШнын Луизиана штатында, Канаданын Ванкувер, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарларында тартылган.
  • Тасманын айрым эпизоддорунда анимациялык наристе колдонулса, кээде үч жумалык ымыркайды тартышкан. Себеби актриса Кристен Стюарт “чыныгы наристе менен аткарганга оңой” деп режиссёрду көндүргөн.
  • Актриса Маккензи Фой (Ренесми) тартуу учурунда колуна дайыма идиш көтөрүп жүргөн. Ким анын көзүнчө маданиятсыз сөздөрдү сүйлөсө, айыпка жыгылып, идишке акча салып турушкан. Бул идеяны кичинекей актрисага режиссёр Билл Кондон айтыптыр. Чогулган акчалардын баары балдар бейтапканасына которулган.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
26.11.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан соонун тасма болуптур,тасма бутконундо чындыгында Жейкоб менен Ренесменин келечигине кызыгум артты)))
26.11.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасма тимеле укмуш! Баарынын суймончулугуно ээ,болгону вампирлер тууралуу болгону учун келечеги жок эле болсо экен.
26.11.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun!!! stoit posmotret'!
27.11.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, кетирген убактыңа жана корогон акчаңа капа болбойсуң, мага жакты.
28.11.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек экен диске качан чыгат яя
28.11.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох, как все ждали этот фильм, и хэйтеры, и фанаты и нейтральные стороны, ждали для того, чтобы наконец узнать чем же закончиться эта нашумевшая сага о любви вампира и человека, ждали — ждали и дождались. Франшиза закончилась, но фанаты всегда будут ее помнить, точно так же как и ненавистники. Этот фильм сделал, можно сказать, первый шаг, в нашем современном мире, в мир кроваво-бледной любви. Именно после него все стали сходить с ума и желать вечной жизни. Так что это не конец, это начало, вперед
28.11.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janysh994,
Кыргыз тилинде жазуу сайттын талабына ылайык.
28.11.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janysh994 да какой первый шаг сделал в нашем совремменом мире?!ты о чем?все которые с ума сходит это подростки.с 12-17лет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо