
- Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Ата Журт» партиясынын 3 депутатын дагы бир айга, 3-ЯНВАРГА ЧЕЙИН камакта калтырды.
- «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын 3 кварталында Кыргызстандын бюджетине 92,2 МИЛЛИОН доллар каражат төктү.
- 26-ноябрда 1000 ДОЛЛАР пара алып жаткан жеринен ТИМдин «Кыргыздипсервис» мекемесининин кызматкери кармалды.
- 27-ноябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү КЭТРИН ЭШТОН Кыргызстанга иш сапары менен келди.
- 2011-2012-жылдары мамлекеттин ички карызы 40 ПАЙЫЗГА көбөйдү.
- Кыргызстан Кытайдан жол оңдоо үчүн 129,8 МИЛЛИОН доллар насыя алат.
- Оппозициянын 28-ноябрга белгиленген митинги элдин чогулбай калганына байланыштуу өтпөй калды. Бул тууралуу «Элдик патриоттор» кыймылынын төрагасы НУРЛАН МОТУЕВ билдирди.
- Германия Кыргызстанга 26 МИЛЛИОН ЕВРО бөлөт. Бул каражат саламаттыкты сактоо, чакан насыя системин өнүктүрүү жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга сарпталат.
- 27-ноябрда премьер-министр өкмөттүн жыйынында карала турган маселеге кайдигер мамиле жасагандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министри ДИНАРА САГЫНБАЕВАГА сөгүш жарыялады.
- Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылында картошкадан УН ЧЫГАРГАН ЗАВОД курулат.
- Ош облусунда чакан электрстанцияларда оңдоо иштерине байланыштуу жарыкты үнөмдөө 2-ДЕКАБРГА чейин созулат.
- Борбор калаада жер тилкесин алууга кезекте тургандардын саны 6805 адамды түзөт.
Самат Баялы
politika@super.kg