МАКСИМ БАКИЕВДИН ИШИ 7-ДЕКАБРДА КАРАЛАТ...

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

  • Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди экстрадициялоо тууралуу уктуруу 7-ДЕКАБРГА белгиленди.
  • БИШКЕК шаары, СОКУЛУК жана АЛАМҮДҮН райондорунда жайгашкан мектептер менен бала бакчалар Жаңы жылга карата өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө алынууда.
  • Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгарууга жана МАНАСТЫН эстелигин орнотууга даяр экенин айтты.
  • Аскердик прокуратура МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУ өлтүрүү жөнүндө иш боюнча соттун чечимине кайра арыз жазып, соттолгондордун жазасын буга чейинкиден катаал кылууну суранууда.
  • 7-декабрь күнү Бишкек шаарында өлкөнүн эң биринчи жетекчилеринин бири МАКСИМ АММОСОВГО арналган эстелик ачылды.
  • Каржы министринин орун басары Алина Шаикованын айтымында, 2013-ЖЫЛДЫН АПРЕЛЬ АЙЫНА карата ар бир кыргызстандык жаранга жеке номур берилет.
  • КОЧКОР-АРАЛ-ТӨӨ-Ашуу автожолунун 99-чакырымында №2-жүк текшерүүчү тараза пункту ишке киргизилди. Өлкөдө баары биригип мындай 17 тараза бар. 
  • Олимпиадалык курамдын мүчөсү АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВАГА 6-декабрь күнү сот чечимин чыгарып, шарттуу түрдө 2 жылдык жаза мөөнөтү берилди. 
  • ЖАШОО САПАТЫ боюнча дүйнөлүк рейтингде Бишкек шаары 204-орунду ээледи.
  • ЮНЕСКОнун Маданий мурастар боюнча тизмесине кыргыздын АЛА КИЙИЗИ менен ШЫРДАГЫ каттоого алынды.
  • Бишкек шаарында сарык оорусунун күчөп кеткенине байланыштуу башталгыч класстар менен бала бакчаларда КАРАНТИН жарыяланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
12.12.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul iwinerdi karap buto albadynar go,korosunor go dagy kan4a jurot ekensiner.lu4we a9gyna e4 birin 4ygara albaibyz dep koisonor jakwy bolmok,a el any prekrasno tuwunot...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо