ЛУКАШЕНКО БАКИЕВДИ БАГА АЛБАЙ КАЛДЫБЫ?

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

Кримавторитет Камчы Көлбаев ысык Дубайдан Бишкектин СИЗОсуна алынып келинди, президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-германиялык алакага жаңы дем берүү үчүн Берлинге барды, Бишкек шаардык кеңешке депутат болчулар ачыкталып, Беларустун башчысы Александр Лукашенко ошол өлкөдөн баш паанек тапкан Курманбек Бакиевдин пенсиясын Кыргызстандан сурады... Бул аптанын саясат айдыңындагы баяны кыскача ушундай...

КӨЛБАЕВ ЧЫНДАП ЭЛЕ БИШКЕККЕ КЕЛДИ!
Буга чейинки сандарыбызды барактап көрсөңүз, Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу чуулгандуу аялдын «жакында төңкөрүш болот, анда ок атылат» деген сөзүн жарыялаган элек. Кийин ал сөзүн төгүндөп, кептин баарын оюнан токуганын айтып чыкса да, «Камчы Көлбаев Бишкекке 11-ноябрда учуп келет» деп айтканы бир ай өтпөй чынга айланды. Дал келүүбү? Айсулуу айымдын чындап эле кримчөйрө менен байланышы барбы?
Курманбек Бакиевдин учурунда крим- дүйнөнү чеңгелдеп турган Камчы Көлбаев минтип 8-декабрда кишенделип алынып келинип, УМККнын СИЗОсунда 1 ай кармалмай болду. Ага карата коюлган айыптар өзүнчө бир куржун. Анда адам уурдоодон тартып кылмыштуу топ түзүү менен бийлик өкүлдөрүнө зордук көрсөтүүгө чейинки Кылмыш кодексинин беренелери каралган.
Дагы бир кызыктуу учур: былтыркы жылы дал ушул күндөрү ЖКнын спикери болуп турган Ахматбек Келдибековдун Камчы Көлбаев менен «капысынан» бир жерде эс алып калуусу ачыкка чыгып, бул чуу ага спикердин креслосунун баасына турган болчу. Атайын кызматта бул эки персонага байланыштуу көп кызыктуу маалыматтар бар экени айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан «Ата Журттун» лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков СИЗОдо отурбаса да, жылуу кабинетте титиреп араң отурса керек... Апрель окуясынан кийин бийликке келгендер биринчи орунга коррупцияга жана кылмыштуу дүйнөгө каршы күрөштү коюшарын убада кылышкан эле. Эки багытта тең активдүү иш алпарылууда.

ӨЛКӨ БАШЧЫНЫН НЕМИСЧЕ ЭРКИН СҮЙЛӨӨРҮН БИЛЧҮ БЕЛЕҢИЗ?
Президент Алмазбек Атамбаев Батыш Европага болгон биринчи сапарын Германиядан баштап, 10-12-декабрь күндөрү өткөн визиттин алкагында сөз козгоор учурлар өтө көп болду. Өткөн аптада жакынкы 5 жылга каралган өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жар салган Алмазбек мырза анда белгиленген тапшырмаларды жүзөгө ашыруу үчүн өнүккөн мамлекеттердин бири, Европалык биримдикти бучкактап кармап, насыяны кеңири тараткан Германияны бекеринен тандабаса керек.
Жолугушууларда өлкө башчы немис тилинде да сүйлөп жатты. Окуучулук курагында немис тилин үйрөнгөн ажо маектеринде күн сайын эртең менен англис тилинен да сабак аларын айткан эле.
Президент Германияга болгон сапардын жыйынтыгын чыгарып жатып бир катар макулдашууларга кол коюлганын маалымдады. Анын ичинде 8,5 миллион евролук карыздын конверсиясы (эски карызды жаңы активге же карызды мүлккө алмаштыруу), Кыргызстанга 26 миллион евро грант бөлүү тууралуу документ бар. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркелдин айтымында, жакында Кыргызстанга атайын эксперттер тобу келип, кызматташуунун тармактарын иликтеп кетишет. Эмки санда бул сапар тууралуу кеңири токтолуп өтөбүз.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ КИМДЕР КЕЛИШТИ?
Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин шайлоо жыйынтыгын аныктады. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунун айынан коалиция ыдырап кетүү коркунучуна кабылып, 14 шайлоо комиссиясынын тилкесинде добуштар кайра эсептелип чыккан. Ошентип, 7 пайыздык барьерден өткөн партиялардын ортосунда депутаттык мандаттар төмөндөгүчө бөлүндү: КСДП – 21, «Республика» – 11, «Ата Мекен» – 7, «Замандаш-Современник» – 6. Тизме боюнча КСДП менен «Замандаш-Современник» өзгөртүү киргизген жок. Компроматтар согушунун катышуучулары болгон «Республика» Руслан Казакбаевди, «Ата Мекен» Жоомарт Сапарбаевди шаардык кеңештин депутаттыгына ыраа көрбөдү.

«БАКИЕВ АЧКАЛЫКТАН ӨЛҮП КАЛБАЙТ»
Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск шаарында КМШ жана Балтика өлкөлөрү, Грузиянын башкы редакторлор клубу менен жолугушту. Анда журналисттер Курманбек Бакиевдин тагдырына кызыгышып суроо узатышканда Лукашенко: «Бакиевдин маселеси кыргыз-беларусь мамилесинин ортосунда бүгүн көйгөй эмес. Силерге Бакиев керекпи? Эмне үчүн? Адам жашады, кетти, ар кандай боло берет. Андан көрө ага эмне себептен пенсия которулбай жатканын айткылачы? Пенсияны чегеришиптир, бирок жөнөтпөй жатышат. Албетте, Бакиев ачкалыктан өлүп калбайт. Ага жол бербейбиз. Бирок пенсияны которуу керек»,- деди.
Беларустун башчысы биздин мыйзамдан кабары жок окшойт, анткени президенттиктен куулган кыргыз ажолору пенсиядан кур жалак калышат. Анын үстүнө Бакиев бийлигинин соңку жылдарын эстесек, өлкө коррупцияга белчесинен батып, өлкө казынасына түшө турган каражаттар Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө түшүп калган. Лукашенко Бакиевди өтө эле байкуш жана жакыр кейипте көрсөттү. Бирок ал элдин кыжырдануусун ого бетер күчөттү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(113)
19.12.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз сөз менен жазып чече албайбыз. Бири бирин мактаса, бири бирин жамандайт. Эмнеси болсо да заманыбыз тынч болсун.
21.12.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Angelina2012, талаштан тактык жаралат, талашып тартышып аракет кылгандарына суйунуш керек бийликтегилердин... мурун болсо ооздоруна талкан салып алгансып баарына макул болуп отуруша берчу, азыр элге баардыгы ачык айкын айтылып, мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин айлык акысын пенсионерлердин пенсиясы кудайга шугур эле болуп калды, албетте мындан да жакшы болсо дейбиз, анткени менен орус боородошторубуз айткандай "хорошего по немногу" дагы да болсо умутубузду узбойлу
20.12.2012. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul biylik jirgattibi Mina 5 kundon beri je svet je gaz Jok bishkektin Elebesova kochosundo , al emi kirpichniy jaktagilarda degi 3 jumadan beri Jok . Eldi jokdegende osho mn kamsiz kilsachi. Emne dese karizbiz deyt kazaktarga. Jana ozbekterge . Biz ay sayin ele toloybuz kayda ketti akchalar. Al emi ushul. Suukta baldaribiz mn kantip oturabiz? Ochurson meyli ele eger jay bolso, korungon mamleketke barip kariz surap jurot uyat,
20.12.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashka mamleketke baraar kezinde oshol tildi uyronup alat okshoyt Jok degende kariz suray turgan sozdordOn anan koshomat bolgondu . Dagi nemis tilin bilet imish. Turkiyaga barganda da Turk tilin suylop jirgatkan bolchu. 20 tildi bilse da bir tiyin paydasi Jok, ozundun jerindi karachi birinchi. Elge ech nerse dale kergi Jok Jon gana svet gazdi ochurboy tursa al karizsiz dale ozun ozu Bagip kelet, otoo naraazimin biylikke .......
21.12.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirin27, канча тил билсен ошончо дил билесин дейт. ал эми газ менен свет Бакиев учурунда очкон эмес беле, азыр озгочо кырдаалга байланыштуу болуп жатат тилекке каршы, ал эми 2008 жылдары планово веерный очуруу болчу эмес беле, Токтогул суу сактагычына суу толбой эле какшып калдык эле го, семейка кетээри менен суу толду, ойлонуучу нерселер коп, ушунча да унутчаак элбизби, бир нерсеге топук кылып жашаш керек. мурун эчтеке жасалбаса да унчукчу эмеспиз ал эми аракет кылып жатышса да каниет жок...
20.12.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biyliktegiletdin da uyundogu svetin anan gazin ochurup koyush kerek ele 1 jumaga anan kichinekey baldari mn kantip jashamak eken korot elek, tfu tfu bitligine...., jaratkanim ozu ushulardi jazalasin.
20.12.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маа демектен, олуп кетсинчи. Мен оз арабамды тартып жашай берем. Ал эми бийликти, биз эмне болуп атканын кайдан билебиз. Эртен дагы бироосу, чыгат. Э монтиш керек анан тигинтиш керек деп. Оз алдынча, кылдырай бер убакыт баарын коргозот. Бир кун болбосо, бир кун келип КЫРГЫЗСТАН да оноолор. Булар болбосо башкасы да чыгып калаар. Элин суйгон жерин суйгон, эр азамат КЫРГЫЗЫМДЫН Уулдары.
20.12.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз бул жерге отуруп алып "А, Б" дей берсек эч майнап чыкпайт туугандар... а саясат казинодогу оюн сыяктуу да... $,€,¥...
21.12.2012. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле биздин кыргыз элибиз тын келетда,бийлик канчалык жаман болсо дагы оз арабабызды суйроп коюп журоберебизда,эн негизгиси кыргыз элим оз жанын озу жонеле багып коет да.А биздин падышаларыбыз чынын айтканда баары тен ,бар болсун кыргыз элим,начар чондор жок болсун дегендей да.а жанакы бакиевке болушкандар,аны жакшы коросунорбу,кеткиле анда артынан белорусияга.
21.12.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cataclysm бул жерде кимдин эмне иш аткаркаргандарын жазып жатышат бироону бироо жакшы коруп суйуп атканынан эмес ушу кыргыздар ичи тар десе беттен алабыз эн окунучтуусу айкол, кен пейил,биримдиктуу деген муноздомолор тээ илгерки ата бабаларыбызга берилгендей азыркы коомдо ынтымак жок ичи тардык коро албастык бири бирин чукумай озумчулдук
21.12.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chalkan men bakiev jakshi ele degen jerim Jok Jon gana ar olkolordon kariz surap ubakit otkozgobcho svet mn gazdi berip koyso boldu , al emi tundosu 12 den 5 ke cheyin ochurgon ubakit jakshiraak bolchu ech nerse Jok bolgondon koro. Emne bolgon chakta da el at dayim ozun ozu ele bagip kelgen. Mam. Aman ele bolso boldu urushu Jok . Jalgiz gana Allah jana allah beruuuchu Jana aluuchu.
21.12.2012. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудулдар туура айтышат Акаевди президент Бакиевди пример кылып туруп.Азыркы окмотогу 2жуздулорду алдына отургузуп койуш керек.Ошондо ой иштешет.
21.12.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirin27 сизге кошулам жок дегенде графикти озгортушсо жакшы болмок кышында тун узун кун кыска туну очурулсо болмок коп кабаттуу уйдоголурого оор газ да аз кышында отоплениелер деле жок копчулугундо азыркы окмот карызсмен болуп кетиго мындайда кантип толошот акырында тил билгени кимге пайда кимге зыян эртен 10жылдан кийин
21.12.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетеге куурайт бел калат, бектер кетет эл калат дейт эмеспи булар эртен эле мешок толгондо оздору билет эмне кылышты баягы баягы койчумандын таягы болуп дагы эле биз карапайым калк калабыз ошондо ушунча милиардаган карызды кимдер кайтарат болду экенке
21.12.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне Атамбаев кыйратып жатабы? Россия Кыргызстанга берген акчаны Бакиевти кугунчулукга кылган биздин чондор болуп алышып эми бюжете акча калбай кайсыл олкодон карызга акча сурашын билбей баштарын кармаб олтурушат?
21.12.2012. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4alkan ушу АКАНАР деп болунуп суйлогонун жакшы эмеско анан сен бакиев атканын далилдеп бересинби?же ал аткыла деген буйругун кулагыныз менен угуп жанында турдунуз беле? достор капа этпей жок кыргыздын келечеги корунбой баратат сиздей болунуп жарынып аткандардын айынан сабырдын тубу сары алтын убагы келет азыркы бийликтин чыныгы жузу ачылып шерменделери чыгатко акыры
21.12.2012. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4alkan анан сиз мн бакениз тууралуу да жазышып калабыз кам тартпаныз бул жерде эч ким бакиевди жактап мактап аткан жери жок. жон гана ошол убакытагы жашоо мн азыркы салыштырып жазып отурушат сиздейлер эле ортодон чыгып болуп жарып ийбеселе эгер каттуу жазсам форумдагылардан кечирим сурайм
22.12.2012. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, тилекке каршы мезгил токтоп турбайт да, суулар агат, мезгил отот. кечээки кун менен бугункуну салыштырып болбойт да
21.12.2012. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакиев жеди-жеди эле дешет, как будто башкалары келип жебей онуктуруп жаткансып...! Бакиев жесе да онуктуруп жаткан эле... Башкалары Келди бир да озгоруу болгон жок!
22.12.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adik.01, кандай эле онуктурду бакиев айтчы кана? Аз жерден дем алган абага да налог тологонубуз эле калдыго, эх кыргыздар ушундайбызда болунуп жарынып бирин бири артка тартып эле турабыз.
21.12.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев эмнени онуктурду?жон гана жеп эле олтурду,жесе дагы онуктурду дейсинер,журобергиле анда жедирип коюп,азыр Бакиев болгондо журмокпуз тезек терип,эмне ошондой келекти каалайсынарбы?Жаны бийлик деле эчтекени кыйрата элек,бирок эмнени кыйратат,бакиев госбюджеттин баарын алып кетип калса,анан жаны бийлик айла жок карыз сурайт,эмне кылат анан котко тепсен кокон тыйын чыкпаса
22.12.2012. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cataclysm, бали, сага окшогон акылы терен корогоч адамдар кобойсун.
21.12.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озгорууну сезбесен сенин кокурогун сокур
22.12.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаманбы жакшыбы ал биздин призидент болду. кичине болсо да адам катары сыйлап койолу. сенден да менден да аданда калат ушу 5 кундук дунуйо.
22.12.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apyz, сыйга сый, сыр аякка бал дейт... сый урматка да татыктуу болуш керек, акылы менен, айколдугу менен, корогочтугу менен, боорукердиги менен, кен пейилдиги менен. тилекке каршы андай сапаттын бирин коро алган жокмун ал кишиден
22.12.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев сага пенсия ким берет акчан тугонуп баштадыбы айлан
кеттип жатабы кот
22.12.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baaryn ele Bakiev'di jamandap jazipsin,ozunordu bilip,anan Bakiev'ge otsonor.Al silerge emne kildi?eldin baari azir Bakievdi kutup olturat,silerdin uluu urmattuu Atambaev'iner eldi aldap,ak4a menen oozun tiyip olturat
22.12.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zulfiyanur, тууру айтасын свет жок газ олтурганынар эмне себептен болуп жатат Бакиев президент болгон убакта свет газ очконун кордунорбу.
22.12.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zulfiyanur, кайсы эл кутуп жатыптыр? эл учун жооп бербесен, озун учун жооп бер, ойноп суйлосон да ойлоп суйло дейт. Атамбаев сага акча бердиби, абдан бактылуу окшойчун ээ?
22.12.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
немисче суйломоктугул башка тилде суйлобойбу тим эле мактайсынарда тил тил менен бул жакта свет газ жок болуп жатканда кичине элди ойлосо болмок улуу урматтуу АШАбыз
22.12.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
osh_kg, э... бакиевди сагынгандар кобойуптур э. ... Ну вы даёте да.ха-ха!
22.12.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
osh_kg, а свет менен газды Атамбаев чонтогуно салып алыптырбы? болунбогуло дейсин кайра эле оз корооно таш тушоорун билбей. кабарлардан коргозгон квартира бергендердин баары эле ошмяктарсынар, андай мыкты экенсинер ошунарда эле жашай бербейсинерби темселебей..., бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, бут элге тил тийгизип жатасын
22.12.2012. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин байкем жакшы бирин акам жакшы дейсинер алар деген саясатчылар, биз бул талашып отурганыбызда алар жегенин жеп,алганын алып,болгонун болушуп отурушат биз мн алардын сокур тыйынчалык иши жок. Карапайым бийлике шайлап беруу , ак уйдон жылуу жумшак креслону тартып алуу учун эле керекпиз, тилди азыр садиктеги балдар деле кеминде англис же орус тилин оздоштурот
22.12.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4alkan - сизге эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
23.12.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм да менин ишим деле жок.мени кыргызстан баккан жок лично.мени орусия багып жатат иш берип бар бол ПУТИН ДЯДЯ.биз сиз м-н.атамбай бакир акай бул откон чак.биз келер чакты умуттонушубуз к-к озунду озун багу деген олко кыргызстан аман бол КЫРГЫЗСТАН.
23.12.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээмоцияга алдырбагыла Кыргызым андан коро жашообузду озубуз ондошубуз к-к.
24.12.2012. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө баары жакшы болот.
24.12.2012. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин тарабын талаша бербегилечи, жамандаган да туура эмес, бир тараптан карасан ар бир адам жаман болуп чыгат, ар тараптан карап таразалап анан суйлош керек. Негизи ак ит кок ит баары бир ит деген соз бар го... Жакшы президент келсе да артын чукуп жамандап салчу адамдар бар, биз ишенчээкпиз...канча адам бар болсо ошончо ой бар, баарына тегиз жаккан президент жок и болбойт дагы мен кепилдик берем!
25.12.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт. Бакиев да жанылып-тайып кетти. Акаев кеткенде Бакиевди мактап жактап эле журушподу беле. "качты" деп эле куноолойсунор, качкандан да томон адамдар Ак уйдо журушот. Андай болсо Бакиев менен табакташ болгон адамдардын да пенсиясын бербей коюшсун. Ким канчалык куноолуу экенин жараткан озу таразалайт. Антип бироону каралап , жамандагандан пайда чыкпайт. . . ! ! !
26.12.2012. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекерчиден бекер соз андан коро оз келечегинерди ойлогулачы тил менен буудай кууруй бербей!Биздин элде эки жуздуулор коп шамал болгон жака кете берет озун бир орунда кармай албайт ошондуктан биз онолбойбуз,Биздин жаштар бийлике келип закон кучуно кирмейинче Кыргызстан эч убакта онолбойт,Баардыгы акча менен окуп,пара менен ишке кирип акчасы бар бийликте билими кучтуу дворник эшикте,Кой баккан Сабыр а тамганы билбеген министир,ЖОЖду Буткон Кадыр Журот бала чака бага албай Бишкекте мына ушундай!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо