ДЕПУТАТТЫК КОРПУС АИДА САЛЯНОВАНЫ КОРКУТУУГА ӨТТҮ

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Бул аптаны сот аптасы десек болот. Кайсы бир депутаттардын иши сотко өтүп жатса, экинчисинин иши сотко жетпей эле жабылды. Албетте, чоңдордун бири-бирин коркутуп-үркүтүүлөрү да болбой койгон жок.

ТИРЕШ КҮЧӨДҮ
26-декабрда парламенттин жыйынында учурда СИЗОдо жаткан ЖКнын депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү каралды. Мындай сунуштаманы алып келген башкы прокурор Аида Салянованын катышуусу менен атайын депутаттык комиссиянын маалыматы угулду.
Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Каныбек Турдумамбетов: «Садыр Жапаров Киев көчөсүндөгү №74-имараттын арестке алынганын билчү. Бирок ал башка бирөөгө сатууга аракет кылган. Бул мекеменин акыркы кожоюну «Ата Журт» фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин тууганы, 1991-жылкы Жаныбек уулу Шумкарбек болгон»,- деди.
Садыр Жапаров боюнча ишти тергөө үчүн 3 ай мурун атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашевдин айтымында, Садыр Жапаров Киев көчөсүндөгү имаратты Эльдар Мадылбековдон сатып алганда аталган мекеме мамлекеттин менчигинде болгон эмес.
Садыр Жапаровдун иши боюнча депутаттар айыпталуучуну жыйынга алып келүү сунушун киргизишти. Ага башкы прокурор Аида Салянова «абакта отурган депутатты парламенттик жыйынга катыштырууга укук берилбейт жана сот да буга макулдук бере албайт» деди.

КИМ ТИЗГИНИН ТАРТА АЛБАЙ ЖАТАТ?
Аида айымдын мындай жообунан кийин депутат Бөдөш Мамырова башкы прокурор өтө эле мерез болуп жатканын айтты. «Аида Жеңишбековна, соттун ордуна да жооп берип жатасыз, эки бийликти кайсы мыйзамдын негизинде колуңузга алгансыз? Сиз жакында президенттин атынан да жооп берет окшойсуз. Тизгиниңизди тартыңыз!»- деп сындады Мамырова.
Көпчүлүк депутаттар комиссиянын корутундусун уккан соң башкы прокурорго «Жапаровду жөн эле камап жатабызбы? Эгерде анын айыбы жок болсо, анда бул бирөөнүн буйругубу?» дешип, атүгүл «Аида айым, сиздин кол алдыңызда иштеген айрым адамдар «жетекчибиз кызматтан кетсе, тагдырыбыз эмне болот?» деп коркуп жатышат. Этият болуп иштеңиз» деп тымызын коркутууга чейин барышты.
Ал эми башкы прокурор: «Жапаровдун ишинде эч кандай саясий боёк жок. Ал Кылмыш кодексинин 3 беренеси боюнча айыпталып жатат. Эгерде депутаттар Жапаровду жоопко тартуу боюнча макулдугун беришсе, эртең эле анын айыбын угузууга даярбыз. Мен эч кимден коркпойм. Мен бир гана Кудайдан коркомун»,- деди.
Ошентип, парламенттик жыйындын аягында Садыр Жапаровду жоопко тартуу боюнча жабык шайлоо өтүп, 68 депутат макул эместигин билдирди.
«Имарат ишинен башка да Садыр Жапаров 3-октябрда Ак үйдү басып алууга аракет кылгандыгы тууралуу тергөө иши бүткөнчө ал
СИЗОдо кармалат»,-
деди башкы прокурор Аида Салянова.

«АТА ЖУРТЧУЛАРДЫН» ИШИ СОТКО ӨТТҮ
Ал эми 3-октябрда «Ала-Тоо» борбордук аянтында митинг өткөзүшкөн Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев «Ак үйдү басып алуу аракетин жасады» деп айыпталып, алардын иши сотко өткөндүгү тууралуу 26-декабрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. «Ата Журт» фракциясынын лидери менен бирге анын жардамчылары С.Кадырбаевге, Б.Исаевге, К.Камчыбековго жана коомдук ишмер К.Кожоналиевге да кылмыш иши козголгон.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
03.01.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Депутаттар Аида келсе эле атырылган адат таап алышыптыр. Күчтүүлөрдү көрө албастык бар да.
04.01.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aida eje da tukumdan kir izdep ele jatpaybi. Owoncho deputatka ministrge iw kozgop kayra ele aktap chigarip iyet. Emnesi bar eken japarovdu jiyinga katiwtirsa kachip ketet bele emne, anday bolso miliciya ooz achip turmak bele karayt da. Siler kudaydab korkpoysunar korksonor bizdin mamleket bawkacha bolot ele.
04.01.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
beko1 законду сен жазып чыккансып айтасында??АИДА айтып жатат ага мыйзам жооп бербейт деп.. мыйзам баардык адамга бирдей болуш керек да чынбы?? СИЗО догип сурашсын анда??суйлойт десе еле суйлой беришет ушу кеебир депутаттар
04.01.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А АИДА боюнча азыр ечтеке айталбайм.. менимче озунун ишин билген адам
05.01.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аида мыкты адис! Алдыга! Бай манаптарды карапайым адамдар менен тен кылгыла.
06.01.2013. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кайсы депутаттын куноосу бар аны камаш керек мандатка жашынып отуруп же жатып алсанар деле кудай коруп турат бул дуйнодо сизого отурбасанар деле тиги дуйнодо отурасынар аиданыкы туура
09.01.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менимче "ЖК”нын депутаттары туура эмес кылып жатышат .. Алардын кандай акысы бар Прокурорго кысым корсоткондой .. Ушул абакта жаткан деп-тердин куноосу жок бейкуноо отурат деген бул чындыкка жатпайт .. Бул жерде депутаттар да мыйзамга каршы кылыктарды жасап жатышат .. Айида айым Айида эже сизге чечкиндуу адилет жана курч болуунузду каалайм ... Биздин деп-жепжутаттардан пайда деле корбодук. Оз кызыкчылыктарын гана коздогондор.
10.01.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин депутаттар, оздору бир куну камалаарын билип атайын Саляновага бут тосуп жатышат.Эл шайлаган депутатар дегенге такыр кошулбайм.Бизде эл фракциянын лидерлерине карап добуш беришкен, шайлоого элдин 30пайызы эле катышкан, анан добуштарды бут сатып алышкан.Мындай адамдар барда мамлекет онолбойт.Мыйзам баарына бирдей юолуш керек, кол тийбестиктен ажыратып куноолуулорду сот жообуна тартуу керек.Аида эже сизди колдойбуз, тайманбай алдыга бара бериниз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо