№531 4-10-январь, 2013-ж
Жакынкы эле сексенинчи жылдары кабар алышуу үчүн кат жазышсак, токсонунчу жылдардан тартып уюлдук телефон пайда болду. Ал кайсы жерде жүрсөң да каалаган адамың менен сүйлөшүп, байланышууга мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө видеобайланыш модада. Бул кызмат тууралуу кеп кылалы.
ӨЗҮН КӨРҮП, АЗ ДА БОЛСО САГЫНЫЧЫҢДЫ ТАРАТ
Эгер интернетке компьютерден кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, анда видеобайланыш үчүн түзүлгөн программалардын кызматынан пайдалансаңыз болот. Мунун артыкчылыгы – түз байланышта кабарлашып жаткан адамыңыздын үнүн гана укпастан, анын жүзүн, кыймыл-аракетин көрүүгө болот. Бул жөн гана телефон менен сүйлөшүүгө караганда алда канча жагымдуу жана ал адамдын өзүн көрүп, эт жебесең да, шорпо ичкендей болосуң.
Учурда видеобайланыш кызматын көрсөткөн бир нече программалар бар. Алардын ичинен Кыргызстанда белгилүү болгондору – скайп жана агент. Агент аркылуу түз байланышта бир адам менен баарлашууга болот. Ал эми скайп кызматы эки адамдын гана эмес, бир нече адамдын башын бир убакта бириктире алат. Аталган программалар интернет айдыңында бекер кызмат көрсөтүшөт. Баарлашуунун мүнөтү үчүн эч кандай акча талап кылынбайт. Бирок буларда акы төлөнүүчү кызматтар да бар. Ал үчүн аталган кызматтын сайтындагы эсепке акча салып, телефондорго чалууга да мүмкүн. Мындан сырткары файлдарды алмашууга, билдирүү жазып жиберүүгө шарт түзүлгөн.
КЫЗМАТТЫ КОЛДОНУУ ҮЧҮН...
Бул кызматты колдонуу үчүн эң алгач интернет түйүнүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк, байланышты камсыздай турган программа жана веб-камера, наушник, микрофон сыяктуу жабдыктар керек. Мына ушулардын баары даяр болсо, анда жогорудагы программаны сунуштаган сайттарга катталып, кызматтан пайдалансаңыз болот.
АКЫРКЫ МУУНДАГЫ УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДОР ДА ВИДЕОБАЙЛАНЫШТЫ КАМСЫЗДАЙ АЛАТ
Учурда чыгып жаткан уюлдук телефондорго видеобайланыш кызматын көрсөткөн программаларды жүктөөгө мүмкүн. Уюлдук телефондордон видеочалуу уюлдук операторлордун 3G (уюлдук байланыштын үчүнчү муундагы технологиясы) түйүнүнүн негизинде ишке ашат. Кызматтан толук кандуу пайдалануу үчүн телефондун алдыңкы бетинде камера болууга тийиш. Муну менен сиз уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан адамды көрө аласыз.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
ар кандай баада, интернет ылдамдыгына жана провайдерлердин койгон баасына жараша, орто эсеп менен айтканда 235 сомдон баштап 4200 сомго чейин, Бирок бул Бишкектин баасы менен корсотулду, анан Бишкектин четиндеги жаны конуштарга да орнотулуп жатат зымсыз чеги жок интернет, бирок башка жактарда жок азырынча...
анан бизде жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет модем азырынча пайда болбой жатат, неге компаниялар анын устундо иш алып барбай жатканы тушунуксуз...