КЫРГЫЗ КИНОСУНДАГЫ ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР

№532 11-17-январь, 2013-ж

Кайталангыс таланты менен кыргыз искусствосуна өчпөс из калтырып кеткен Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева өңдүү кыргыз кино дүйнөсүнүн таланттарын билбеген жан болбосо керек. Азырынча аталган инсандардын деңгээлине жетпесе дагы, жаңыдан тасма жаатына аралашып, аз да болсо элге таанылып калган жаш актёр, актрисалар бар.

Атай Өмүрбеков:«МАРАЛДЫ ЖУБАЙЫМ КАТАРЫ КӨРӨ АЛБАЙМ»

Туулган жери – Чүй облусундагы Панфилов районунун Вознесеновка айылы
Туулган жылы –
1985-жыл, 24-апрель
Бою –
182 см
Салмагы –
80 кг
Үй-бүлөдө –
Үч бир туугандын кичүүсү, бойдок
Билими –
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино бөлүмүн бүтүргөн
Фильмографиясы – "Ээнсиреген үй" (Марат), "Баатыр" (Жанаев)

– Атай, сени «Ээнсиреген үй» тасмасынан улам тааныйбыз. Буга кантип тартылып калгансың?
– Кастингге барып, фотопроба, видеопробадан өтүп кетип эле тартылып калдым.

– Тасмадагы ачык кадрларда роль жаратуу сага оор болгон жокпу? Тасма коомдо бир топ эле сынга алынды. Ата-энең, жакындарың буга кандай карашты?
– Эч кандай деле оорчулугун байкаган жокмун. Мен чыныгы жашоодо Атаймын. Ал деген тасмадагы Марат. Ал жөн гана роль. Ооба, сын-пикирлер айтылбай койгон жок, албетте. Мындай тасма Кыргызстанда биринчи жолу тартылып жаткандыктан, бир топ эле ажиотаж жаратты окшойт. Бирок тасмада учурда болуп жаткан терс көрүнүштөр чагылдырылат эмеспи. Ошол жагынан алып караганда мактоого тактыктуу. Тасманын премьерасы болордо ата-энемди, жакындарымды чакыргам. Көрүп, түшүнүү менен кабыл алышты. Бул эми мыйзам ченемдүү эле көрүнүш го.

– Тасманын баш каарманы болгон Асел (Марал Койчукараева) менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит деген кептер айтылып жүрөт. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Марал экөөбүз кыз-жигит эмеспиз. Аны кесиптешим, досум катары сыйлайм. Жан дүйнөсү таза, ачык-айрым кыз. Бирок Маралды келечектеги жубайым катары көрө албайм. Экөөбүз жөн гана интрига жаратыш үчүн эл көп жерлерден жетелешип калмайыбыз бар. Кыз-жигит деген сөздөр ошондон улам чыгып жатса керек.

Актёр болуп калууңа ким түрткү болгон?
– Негизи, үй-бүлөм таптакыр чыгармачылыктан алыс адамдар. Анан мен кайдан-жайдан эле актёр болуп чыга келдим, билбейм. Кошунадан кетсе керек деп ойлоп калам (күлүп).

– Сенин оюңча, кыргыз кинолору Голливуддун деңгээлине жетиш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?
– Ал үчүн Кыргызстан Голливудга көчүп барышы керек.

Жанара Барманова:«ТАСМАНЫН ПРОДЮСЕРИНЕ ТААРЫНЫП КАЛДЫМ»

Туулган жери – Талас шаары
Туулган жылы –
14-октябрь, 1986-жыл
Бою –
168 см
Салмагы –
48 кг
Үй-бүлөдө –
Беш бир туугандын ортончусу, бойдок
Билими –
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино бөлүмүн бүтүргөн
Фильмографиясы – "Президент жана бомж" (Касиет)

Жанара, актрисалыкка кандайча келип калгансың?
– Кичинекей кезимде актриса эмес, диктор болом деп кыялданчумун. Анан кандайдыр бир себептер менен Искусство институтуна тапшырып калдым. 2-курста окуп жүргөндө радио, телевидениелерге да барып, өзүмдү сынап иштеп көрдүм. «Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, тигиден же мындан жок калбайын деп актрисалыкка ооп кеттим. Бирок келечекте эки кесипти тең бирдей алып кетсем деген максатым бар.

– Тасмадан тышкары клиптерде роль жаратып калганыңды көрүп жүрөбүз. Сыр болбосо дегеле тасмадан, клиптен канча гонорар аласың?
– Чынын айтсам, чыгармачыл дос-курбуларымдын клиптерине бекер эле түшөм. Ал эми «Президент жана бомжго» тартылуу учурунда тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков тартылган күндөргө гана төлөгөн. «Кино чыккандан кийин баланча гонорар болот, анан 2-бөлүгүнө да сен тартыласың» деген убадаларды берип, бирок аткара элек. Буга ичимден таарынып эле калдым.

– Сени көчөдөн таанып калгандар да жок эмес болуш керек...
– Ооба. Бир окуяны айтып берейин. Бир жолу маршруткада бараткам. Эл толтура. Бир жигит экөөбүз бетме-бет туруп калыптырбыз. Анда тиги жигит «Президент жана бомждо» Оморго жарма бергеним эсинде калган окшойт, «чоң кыз, мага деле жарма куюп бериңизчи» деп жатпайбы. Мен эмне дээримди билбей, «бүгүн түгөнүп калды, эртең берейинчи» десем, тиги да «ии» деп коёт. Жерге түшүп алып аябай күлгөм.

Эржан Осмонов:«АКТЁРЛУК МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БАГЫП КЕЛЕМ»

Туулган жери – Талас облусунун Талды-Булак айылы
Туулган жылы –
1-январь, 1988-жыл
Бою –
180 см
Салмагы –
80 кг
Үй-бүлөдө –
Төрт бир туугандын экинчиси. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы
Билими –
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык училищени бүтүргөн. Учурда Искусство институтунда окуйт
Фильмографиясы – "Жыйырманчы жаз" (Талант), "Баатыр" (Медер)

– Эржан, учурда эмне менен алексиң?
– Актёр болгондон кийин көп убактым театрда өтөт. Спектакль, кино, клиптерде роль жаратып, чыгармачылык үстүндө эле жүрөм.

– Алгачкы тартылган тасмаң…
– «Жыйырманчы жаз» деген кинодо алгачкы ролумду жараткам. Анда мен экинчи курста окуп жүргөн кезим болчу. Аталган тасманын режиссёру кастинг жарыялап, бир топ жигиттердин арасынан мен өтүп кеткем. Ошондон кийин элге бир аз тааныла баштадым. Дегеним, башка тасмаларга, ырчылардын клиптерине тартылууга сунуштар түшө баштады.

– Сага жакпаган ролду аткарууга туура келип калса кандай кыласың?
– Андай учурлар көп эле кездешет. Бирок «мага мындай образ туура келбейт» деп нааразы болгонуңду элге көрсөтпөйсүң да. Биздин кесиптин талабы ушундай. Актёрсуңбу, демек, жаратып жаткан образыңды жеткиликтүү деңгээлде чагылдырып беришиң керек.

– Сенин оюңча, профессионал актёр кандай сапаттарга ээ болушу зарыл? Өзүңдү чыныгы актёр деп эсептейсиңби?
– Биринчиден, талыкпаган эмгек, экинчиден, профессионал актёрдун жараткан ролу элге үлгү болушу керек. Өзүмдү «профи» актёр сезбейм. Бирок келечекте мыкты ролдорду жаратып, мыкты болууга аракет кылам.

– Азыр актёрлук менен жан багууга болобу?
– Болот. Ар бир кесип ардактуу дегендей, биздин кесиптин деле өзүнө тиешелүү жакшы жактары бар. Театрда иштеп, анча-мынча тасмаларга тартыла коюп, ушул убакка чейин өзүмдү да, үй-бүлөмдү да багып келе жатам.

Асел Асанова
star@super.kg


Кыргыз киносундагы жаңы жүздөр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
12.01.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар!!! Биринен өтүп биринер кыйынсынар. Келечек дале болсо алдыда, там-тун баскан кадамынар түзөлүп кетсин.
SUPER.KG видео
12.01.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанара жагатта. Сулуу экен, кинону да сонун аткарган. Бирок ийгилик баарынарга
SUPER.KG видео
13.01.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар,баарынарга ийгилик!
SUPER.KG видео
13.01.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A Janara menin klasstashym
SUPER.KG видео
14.01.2013. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga ushul Janaranar jakpait takyr, oto suluu dep dele aita albaim.
SUPER.KG видео
14.01.2013. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А Эржан менин классташым. А Атай кимдин классташы?)))
14.01.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары билими бар актерлор экен. Проффесионалдуу. Каяктагы ырчы-чоорчулар эле киного тартылып жатат. Бактыгул Бадыевага окшогондор ("Кайып булак") ишиниздерге ийгилик!
14.01.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
yialbai byl tyrmyshtyn nesi deit men akter katary eseptebeim yalbagandan ozyn yal deit kop baskan byt bok basat deit ata babalarybyz
14.01.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул маалыматты жазган журналист, "училище" дегенди - "окуу жай" - деп эле койсонуз болмок.
15.01.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sestra, негизи жалпы жонунан окуу жай, бирок корком текстте "орто окуу жай" же "жогорку окуу жай" деп отурбай, кыскача университет, училище деп деле бере берсе болот.
15.01.2013. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кошунадан кетсе керек деп апасына шек келтиргени кантет?
15.01.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанара 48кг дай корунбойт)))
15.01.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман тамашакой экенсин ээ кошунанын баласы
15.01.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу эле экен баары окуп-чокуган. Ишиниздерге ийгилик!
15.01.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар, мыкты актерлор!
SUPER.KG видео
15.01.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара мага дагы жакты аябай сулуу экен!
15.01.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик Баардыгы кичинеден Башталат аракет кылсанар
17.01.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанара мен суйгон карагатта тартылган беле
17.01.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sestra туура айтасын ))) чогуу отуруп калганбыз, бою 1,68ге жетпейт албетте
SUPER.KG видео
17.01.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Мен кайдан жаралгам билбейм, балким кошунамандырмын" Эмне апанан савнения кармап атасынбы? Ойноп суйлосонда ойлоп суйлогун.
18.01.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Эржан, чыгармачылыгын онугуп оссун, уй-булон менен ден-соолукта бол!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо