ҮЧ ДЕПУТАТТЫН СОТУ БЕЛГИСИЗ МӨӨНӨТКӨ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

№532 11-17-январь, 2013-ж

10-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2012-жылдын 3-октябрындагы окуялар боюнча биринчи сот иши башталды. Соттолуучулардын катарында Жогорку Кеңештеги «Ата Журт»партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, алардын эки жардамчысы, бир жан сакчысы менен мурунку аскердик прокурор Кубатбек Кожоналиев бар. Алардын баарына "бийликти күч менен алууга аракет жасады" деп айып тагылган.
Сот ишине депутаттардын тарабын колдоп башка эл өкүлдөрү Курманбек Осмонов, Жылдызкан Жолдошова, Турсунбай Бакир уулу жана башкалар келишти. Алар сот процессинин жүрүшүндө «кылмыш иши мыйзамсыз козголгон»деп айтышты.
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Азимбек Бекназаров сот ишинде коргоп жаткан кардарынын ден соолугу начарлап кеткенин, бирок судья Абдыразак Боромбаев баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартканын айтты. Ошондой эле Азимбек мырза тергөө органдары ага кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк бербегенин билдирди. Аны менен Камчыбек Ташиевдин дагы бир адвокаты Икрамидин Айткулов да судьяны алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылып, соттук курамга ишенбей турганын айтты. Жыйынтыгында бул өтүнүч канааттандырылды. Ошентип, кийин соттук отурумдун мөөнөтү белгисиз бойдон калды.
Адилет министрлигинин комиссиясы Икрамидин Айткуловду лицензиясынан ажыратуу боюнча соңку жыйын убактысын да жылдырды. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 7-декабрында Башкы прокуратура тарабынан адвокатты кесиптик ишмердүүлүгү боюнча лицензиясынан ажыратуу маселесин кароо көрсөтмөсүн киргизген болчу.
Соттук иш Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында 100гө чукул кишинин митингге чыгышы менен коштолду. Алар «Ташиев, Жапаров, Мамытов чыксын!»деп кыйкырышып, тез арада бошотулушун талап кылып жатышты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
14.01.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ташиев арыктап калыптыр тамак ашы начар го палакатты баштабай турса болмок абройлуу адам болуп эл суймончулугуно ээ болуп келе жаткан эле бийликти куч менен басып алам деп, аракет кылып, сизого отуруп алды кудай деп чыдап турса убакыт баарын коргозмок
14.01.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бийликти басып алам деген эмес Ташиев,ал адамдар чогулганда,айткан,ар бир депутаттын кабинетине киребиз,кумтор маселеси чечилмейинче ошол жерде жатабыз деген даже видеорепортажы бар
14.01.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катсе да жылааандын куйругун басып алды, эми кутулуш бир далай бар. онтобой ооруга жолугат деген ушул
15.01.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саясаттан оюндар оюндар жана оюндар
15.01.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо Атамбаев журналистерге соттун чечими чыккандан кийин Ташиевге жана Жапаровго мунапыс берип чыгарам деп кыйытты го
15.01.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimirakan,
Сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө,аны кемсинткен, мазактаган, жамандаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
15.01.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эсине келгендир да
15.01.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15.01.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул Чынгызхандын шайы ооп калган го....
17.01.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиевдин эч кандай куноосу жок ко,качан болсо куноолулор жыргап,шапат тээп,куноосуздор кыйналат.Качан,качан ,качан деги мыйзам менен иш корулот.
17.01.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мыйзам чегинде иш жургузсо болмок судьялар
17.01.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam baarynarga,azyr men agentte otursam moskvadagy tuugandar,Tashievdi atyp salyshtyby dep jazyp atyshat,anan men aiitym Tasievdi e4 kim ata albait dep sebebi el Tashievdi koldoit,Atambaev tuura sheshim chygarbasa padysha emes dep jatyshat elder rossiadagy tuugandar
19.01.2013. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер мыйзамсыз аракеттерди жасаган болсо мыйзамдын негизинде жоопкерчилике тартылуусу керек,бирок бул жерде бир тараптуу болуп калган сот бийлиги да
19.01.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыйкатчыл адам эзелтен эле эч жерге баткан эмес, азыр кимдин-кимдин заманы бети жоктун, эки жуздуу саткындын, куйсупур, матайым,шайтандын заманы!!!
20.01.2013. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевдин эч кандай куноосу жок,куноолуу деп ошол чынчыл адамдарды каматкан ажо аталымыш оз кызыкчылыгы учун элдин тынчын бузган ошол бийликтегилерди айтыш керек,Ош окуясын да уюштурган ошолор Батыров менен тил бириктирип,бул нерсени эл 5 колдой билет интернет булактарында жайнап жатат кантип план тузгондору,элин сатууга даяр болгондор эл башкарса сатылып кетишибиз эч кеп эмес
20.01.2013. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевдин эч кандай куноосу жок,куноолуу деп ошол чынчыл адамдарды каматкан ажо аталымыш оз кызыкчылыгы учун элдин тынчын бузган ошол бийликтегилерди айтыш керек,Ош окуясын да уюштурган ошолор Батыров менен тил бириктирип,бул нерсени эл 5 колдой билет интернет булактарында жайнап жатат кантип план тузгондору,элин сатууга даяр болгондор эл башкарса сатылып кетишибиз эч кеп эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо