№532 11-17-январь, 2013-ж
Эл арасында көп талкууга алынган «Ээнсиреген үй»тасмасынын жаратуучусу, белгилүү кинорежиссёр Нурбек Эген күйөрмандарын дагы бир ирет кубантканы турат. Ал февраль айында 12 сериядан турган «Жашоону улантуу»аттуу көркөм тасманы тартууга бел байлоодо. «Сериалдын көркүн орусиялык белгилүү актёрлор Владимир Епифанцев, Ирина Купченко, Евгений Стеблов, Людмила Полякова жана «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!»тасмасында роль жараткан польшалык актриса Барбара Брыльска ачмакчы. Андан сырткары учурда белгилүү актёр Марат Башаров менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,- дейт режиссёр. Ишти оңунан берсе, буюрса, сентябрь айларында тасма жарыкка чыгып калат экен.
Эске салсак, бул сериал Нурбек Эгендин биринчи эмгеги эмес. Ал буга чейин деле Орусиянын алдыңкы телеканалдары менен тыгыз иштешип, сериал тартып, тасмалары РТР, Биринчи каналдарда коюлуп келет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |