ДЕПУТАТТАР МАНДАТ АЛА АЛБАЙ ЖҮРҮШӨТ...

№532 11-17-январь, 2013-ж

  • 8-январда Ош облусунда күчү 4,4 БАЛЛГА жеткен жер титирөө катталды.
  • Ош облусунда 2012-жылдын 22-декабрында кар көчкүнүн алдында калып каза тапкан 15 жаштагы Жеңишбек кызы Тахмина жана Замирбек кызы Дилбардын үй-бүлөлөрү президенттин Социалдык коргоо жана колдоо фондунан 50 МИҢ сомдон жардам алышат.
  • 9-январдан баштап кардарлардын укугун коргоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында райондук комиссиялар иштей баштады. Мындан кийин сатып алуучулар өз укуктарын коргоп, сатуучулар тарабынан туура эмес иш жасалса, Экономика министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө арыздана алышат.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдиргендей, «мыйзамдагы ууру” КАМЧЫ КӨЛБАЕВ Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин убактылуу тергөө абагында 3-ФЕВРАЛГА чейин калтырылат.
  • 9-январь күнү 74 ЖАШ курагында Кыргызстандагы Улуттук Олимпиада Комитетинин биринчи президенти ЭШИМ КУТМАНАЛИЕВ дүйнөдөн кайтты.
     
  • 9-январда тотализаторлор жана букмекердик кеңселер тууралуу мыйзамды туура эмес деп санаган 30дай киши Ак үйдүн алдында пикетке чыгышып, мындай мекемелерди жабууну талап кылышты.
  • Талас облусундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык округунун жаңы шайланган депутаты ЖЫПАРБЕК ТОЙЧУБЕКОВ жана Чолпонбаев айылдык округунун депутаты АМАН АСЫРАНКУЛОВ депутаттык мандат жана төш белги албай калганын айтып, КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акунга кайрылышты.
  • Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, Кытай Кыргызстанга 20 БЮДЖЕТТИК орун бөлүп берди. Азыркы учурда коңшу өлкөдө 300дөн ашуун кыргызстандык студенттер билим алышууда.
  • 10-январда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Кыялбек Мукашевдин ОРДУНА ЭРИК КУЙКЕЕВ дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ширин Жумадилова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо