№533 18-24-январь, 2013-ж
Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов өз эсебинен Бишкектин Жаш Гвардия бульварындагы Баатырлар аллеясына көчө жарыктарын орноткон болчу. Бишкек мэриясы ал жарыктардын архитектуралык талаптарга жооп бербей турганын айтып, башка жерге которууну сунуштоодо. Буга Атай Садыбакасов макул. «Ар бир адам мыйзамга баш ийиши керек, ошондуктан бул жарык мамыларын кайрадан алуума туура келет. Бирок мэрия сөз кылып жаткан кытай компаниясынын аты коомчулукка, жадакалса «Бишкексветтин» башчысы Эмил Түлкүевге жана Ленин райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбековага дагы белгилүү эмес экен. Кытай компаниясы тууралуу маалыматты вице-мэр Красиенко эле таратып жатат. Кандай болгон күндө да, бул иш менен эле токтоп калбайм, мисалы, кечээ ошол эле Жаш Гвардия бульварынын Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнө ушундай эле жарыктарды койдук, бул жолу «Бишкексветтин» уруксаты менен. Учурда керектүү документтер чогултулуп жатат»,- дейт Атай Садыбакасов.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |