АЙДООЧУЛАР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...

№533 18-24-январь, 2013-ж

  • Республикалык мектеп олимпиадасынын тизмесинен АДАМ ЖАНА КООМ, ӨЗБЕК ЖАНА ФРАНЦУЗ ТИЛИ сабактары чыгарылды.
  • «Түндүк электр» ишканасы 2012-жылы Кыргызстанда калктын электр энергияга болгон төлөмүн чогултуу
    101,4 ПАЙЫЗГА аткарылганын маалымдады.
  • Маданият жана туризм министрлиги 2013-жылы Кыргызстандагы бардык китепканалардын ЭЛЕКТРОНДУК БАЗАСЫ түзүлө тургандыгын билдиришти.
  • Кыргызстанда 2008-2012-жылдар аралыгында КӨП АЯЛДУУЛУК боюнча 3 кылмыш иши козголгон.
  • 16-январда Бишкекте Ак үйдүн алдына 30дай оор жүк ташуучу унаалардын АЙДООЧУЛАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫП, кытайлык 80 тонналык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышты.
  • Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча МАМЛЕКЕТТИК ДИРЕКЦИЯСЫ ЖОЮЛДУ.
  • ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорлук кызматынан бошотулду.
  • 14-январда НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН ден соолугуна байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
  • Бишкек шаарында 2012-жылы коомдук унаалардын катышуусунда 190 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталгандыгы белгилүү болду.
  • «Кыргызстанда кооптуу жерлерде жайгашкан 112 МИҢ 115 турак үй бар»,- деп билдирди 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
  • 15-январда өткөн сот жыйынында айыпталуучу МУРАТ СУТАЛИНОВ 7-апрель боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышуудан баш тартты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
27.01.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
112 МИҢ 115 турак кызык ушинтип да жазабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо