УЙКУСУЗДУК–ӨМҮР ДУШМАНЫ

№534 25-31-январь, 2013-ж

Уйкусуздукка эмнелер себеп? Аны кантип жеңүүгө болот? Суроолорубузга жооп издейли.

УЙКУ ТУУРАЛУУ
Нормалдуу эс алуу үчүн чоң адамдарга күнүнө 7-8, ал эми жаш балдарга 10 саат уйку керектелет. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эринчээк жана үмүтсүз адамдар көбүрөөк укташат. Ар бир адамдын уйкуга муктаждыгы бар. Уктабастан жакшы жашоо өткөрүү мүмкүн эмес. Уйкудан дайым жапа чегип жүргөн адам жөнү жок ачууланып, сөз көтөрө албай, нерви чыңалган абалында жүрөт.
Окумуштуулар 2-3 күндүк уйкудан калган адамдар аң-сезимдүү ойлонуу, көңүл буруу, маалымат кабыл алуудан артта калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушарын изилдеп чыгышкан. 5 күн уктабаган адам соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрүгөн абалга жеткенин да баса белгилешкен.

УЙКУСУЗДУКТУН СЕБЕПТЕРИ

  • Оорунун ар кандай түрлөрү (тиш оору, гайморит, сасык тумоо, куяң жана башкалар). Чындыгында, көпчүлүк оорулар түнкүсүн күч алат. Андыктан эртерээк дарыгерге кайрылыңыз.
  • Түйшүк, санаа. Жатар маалда бүйүр кызыткан тасмаларды көрүү же уруш-талаш, көр тирилик жөнүндө ойлоо уйкуну качырат. Ошол себептүү уктаарга 3-4 саат калганда тынчтанып, мээни сергитүү абзел.
  • Жарык. Жарык уйкуга тоскоол болот. Жаздыкка баш коёрдон 3-4 саат мурун жарыкты өчүрүп, ордуна күңүрт жарык бергичти сайып койгонуңуз оң.
  • Уктоо режими. Ооба, көпчүлүгүбүздүн жумуш күндөрү таң атпай туруп, ал эми дем алыш күндөрү шашкеге чейин уктоо адатыбыз. Биздин мындай кылыгыбызды организм жактырбайт. Анын биологиялык ыргагын бузат. Андыктан белгиленген убакта жатып, ойгонууга көнүңүз.
  • Баш аламандык. Уктоочу бөлмө тыкан болуусу зарыл. Демек, ал жерге сыналгы, компьютер, тигүүчү машина жана башка ашык буюмдарды коюп кереги жок.
  • Талыкшуу. Кеч жатып, эрте ойгонгон күнү үргүлөп, кирпик жабышары маалым. Мындайда убакыт таап, жарым саат болсо да «тук» этип алган туура. Бирок түш оогондон кийин, айрыкча күүгүмдө уйкуга баш уруу – ден соолукка зыян.
  • Борпоңдук. Кара жумуштан, жөө басуудан, көнүгүүлөрдү жасоодон качпаңыз. Кыймылдын аздыгы да уйкусуздукка себеп.
  • Сүйүүдөн өксүү. Адамга сүйүү жетишпесе, канда эндорфин гормону азаят. Бул уйкуга терс таасирин тийгизет. Мындайда өзүңүздү бактысыз сезип, кээ түндөрү түйшөлүп чыгасыз.
  • Коңурук. Коңурук тарткан адамдын уйкусу канбайт. Анткени коңурук тарткан кезде дем алуу убактылуу токтоп, мээге, өпкөгө кычкылтек жетпей калат. Жүрөк, кан тамыр ооруларына чалдыккыңыз келбесе, анда адистерге көрүнүп, коңуруктан арылыңыз.
  • Тамеки, ичимдик. Буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түндөсү ичилген ичимдиктен кийин эртең менен ойгонуу, калыбыңа келүү өтө кыйын. Эгер таттуу уйкуну кааласаңыз, жатар алдында тамекиден жана ичимдик ичүүдөн баш тартканыңыз оң.
  • Туура эмес тамактануу. Жатар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирүү менен алектенип, уктап эс алууга күчү жетпей калат. Мындан сырткары кофе, кызыл демделген чай, «Кока-Кола» уйкуну бузат.

ТЫНЧ УКТООГО ЭМНЕЛЕР ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Уктоо алдында таза аба жутуп, жай сейилдеп басыңыз.

Моюн, ийин булчуңдарына, башка жумшак массаж жасатуу жакшы.

Жатар алдында жылуу сууга чайынуу же жылуу ваннада чөп кайнатмаларын кошуп жатуу пайдалуу. Суу булчуңдардын чыңалуусун жазып, уйку чакырат.

Уйку келбегенде ары-бери оодарылып кыйналгандан көрө китеп-журнал барактап же башка майда нерселер менен алаксысаңыз, «сокур молдо» качан жетелеп кеткенин сезбей каласыз.

Жагымдуу, жай музыка же жаратылыштагы үндөр: жалбырактын шуудуру, суунун шылдыраганы, жаандын дыбыраганы жаздырылган үндөр уктоого жетелейт.

Жакшы ойлорго алаксыңыз, кыялданыңыз. Мисалы, термелген кайыкта жатканды.

Майдаланган арча, ромашка, карагай тобурчактары салынган баштыкчаны баш жагыңызга коюп, жыттап жатыңыз. Чөптөрдүн курамындагы эфир майы эс алдыруучу касиетке ээ.

Сергип укташ үчүн дары чөптөрдөн демделген чай же бир стакан жылуу сүт ичиңиз.

КУШ УЙКУ САЛГАНДАН УЯЛБА!
Ооба, айрымдар уйкусуздуктан жабыр тартса, тескерисинче, айрымдардын уйкусу канбайт. Бул учурда эмне кылуу керек?

  • Куш уйкуга убакыт табуу зарыл. Себеби «тук» этип алуудан түнкүсүн кемиген уйку толукталып, мээнин иштеши жакшырып, маанай көтөрүлөт.
  • Кофе же чай ичиңиз. Бирок бул суусундуктарды өтө көп ичүү жүрөктүн согушун тездетип, кан басымды көтөрөрүн эске алыңыз.
  • Муздак аба, муздак сууга чайынуу уйкуну умачтай ачат.
  • Бирөөлөр менен жандуу сүйлөшүү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрдү ачат.
  • Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктөрү иштеп, уйкуну келтирбейт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Уйкусуздук да кадимки дарттардын бири

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
26.01.2013. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 12 саат уктасамда эч уйкум канбайт кундо телтейип уктап калып эле жумушка кечиге берем жакшыда пешенеме пробка бар шылтап койо калам. мага уйкулуулуктан кантип арылуунун жолдорун айткылачы.
SUPER.KG видео
26.01.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы аябай уктайм.эрте туруш мага азап.
SUPER.KG видео
28.01.2013. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы коп уктайм. Тушто дагы бир жолу уктабасам, мас кишидей журом. Уктабайын деп аракет кылсам дагы козум сузулуп, жаман акыбалда калам ((((
28.01.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как раз уйкум келип атат сагыз алып чайнайынчы)
28.01.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен уйкум келбегенде кампютерде отурам же кино корсом уйкум келет,эгер жата берсем тан аткыча уктай албайм.
28.01.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда намаз окуй электе 13-14 саат уктасам да канчуу эмес а азыр аллага шугур.Айтмакчы тамеки тартпасан 3-4 саат уктасан уйкун канат экен.
28.01.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А менин болсо эч уйкум канбайт. Кечке уктасамда.
SUPER.KG видео
28.01.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул тема мен учун экен бирок мага кайсынысы жардам берерин билбейм. 5кун иш, 2кун дем. 5кун 3 же 4 сааттан кана уктайм бирок эрте менен туруу кыйын иште аябай уйкум келет, аябай уктайм деп даярданып уйго келем жуунуп таранып жатам бирок дагы деле журогум кысылып уктай албайм. Дем кундору жакшыле уктайм 9, 10 саат.
28.01.2013. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммдаа,биз укулор учун сонун кенеш экен...
28.01.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен эми дайыма 8 сааттан аз уктабаймын. Кобунчо 5, 6 саат уктайт болчумун, анан эс алуу куну кечке уктаймын эми режимди озгортомун. Чоон рахмат супер инфо.
28.01.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эртен менен турганды кобунчо каалабайм эгер бир жакка бара турган болсом же эртенки куну жакшы нерсе боло турган болсо ошол куну уйку жок кеч уктап анан тан атпай туруп алам. Бирок уйку маалында кайсы убак болбосун бироо тур десе жарым тундо да тура берем сергекмин анан кичине трык деген унго да ойгоном, туш коруп атып да онум экен деп ойгонуп кетем.
SUPER.KG видео
29.01.2013. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eheee duinodo en tatuu ui deit da men da uikunu suiooom birok uigu az ubakut
29.01.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул уйкунун айынан кунуго жумуштан кеч калам
29.01.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык... аа "тук" деген эмне? :)
29.01.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нормалдуу уктоо учун эрте менен же кечинде кеминде 30 минут чуркоо керек.
30.01.2013. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенеш болду мага дагы , Кээде кечкери шалдырап уктай берем , кээде уйкум жок , коз.ирмебей чыгам. Уйкуга сакмын бирок . Рахмат кундуз чындыгында чарасан бир «тук.» этип алганга не жетсин )))))))))
30.01.2013. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Почти бул кенештердин баарын эле билем бирок баарибир аткаралбайм кеч жатып кеч туруп. Эх турган чейин уктаганга не жетсин
30.01.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага эрте мененки уйку таттуу ))))
30.01.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илимпоздор аз уктай дейт элего
30.01.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары туура!Кошуп кетчу нерсе:мен быйыл оз тажрибамдан(тажрийба)кордум.Эгер 3 же андан коп кун уйкунун планы толбосо келбетинен 2-3 жашка улгайып кетет экенсин,бирок жакшы аз кундор отпой нормалдашты:-)
31.01.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конуруктан кантип арылса болот, билгендер айтып коюнуздарчы. Тунун менен конурук тарткандардан уктай албай кыйналам мен болсо
03.02.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен рахмат! Мен кун менен тунду аламаштырып алгам, туну эмес кундузу уктайм анкени туну жумушта боло.
03.02.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат!А мен болсо кунуно 5саат уктайм ото аз экен да анда.Тиричиликтин айынан 17сааттан иштейм дем албай.
30.07.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 6 саат аран кыстап уктайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо