АК ҮЙДӨН АЛЫНГАН 16 МИЛЛИОН СОМ КАЙДА?

№534 25-31-январь, 2013-ж

Акыйкатчылык үчүн оппоненттер Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акундун жарышы коомчулукта «абысындардын кармашы» деген аталыш алып, Акундун жеңиши менен аяктады. Бул апта мындан башка да бир топ окуялары менен эсте калды.

ЖУРНАЛИСТТЕР КЕЧИРИШТИ
КТРКнын кабарчылары Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулованын «Ататүрк» сейил багында жайгашкан хан сарайлардын биринин кожоюну тарабынан сабалышы тууралуу чууга чекит коюлду. Колунан микрофонун жулдуруп, сабалып, мээси чайкалган кабарчы кыздар ырайымдуулугун көрсөтүшүп, кол көтөргөн экс-депутаттын уулу Айдин Кулбаевди кечиришти. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев талкаланган микрофон үчүн 50 миң сомдой төлөп беришкендигин айтты. КТРК сабалган кабарчысынын мээси чайкалганын кайра-кайра айтып жаткан. Жабыркоочулардын айтымында, айыпкерден бир тыйын алышпаптыр, «Кулбаевдин атынан кечирим сурагандар көбөйүп кетти» дешти.
Апрель окуясы боюнча соттук процессте айыпталуучу катары өтүп жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов үй камагына чыгарылды. Эске салсак, Дунганов Спорт Ордосунда өткөн соттун биринчи отурумунда эле врачтардын коштоосунда оор абалда келген болчу. Анын ден соолугу күн сайын начарлап жатканы сотко айтылса да, эки жылдан бери чечим өзгөртүүсүз калып келген. Медиктердин айтымында, Дунганов атеросклерозго чалдыккан. Ал мээ, боор, ашказан, көрүү жана угуу органдарын камсыз кылган кан тамырларынын иштөөсүн аксатат.

БЕКНАЗАРОВДУН МИЛЛИОНДОРГО БААЛАНГАН ЧУУСУ
«Элдик кайрат» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү өтө оор айыпты ачыкка чыгарышты. Алардын айтымында, Апрель окуясында Ак үй таланып-тонолуп кетпесин деп объектти карап чыгууда сейфтердин биринен 16 миллион сом табылган. Активисттер ал сейфти акчасы менен атайын комиссияга өткөрүп беришкен. Алардын айтымында, табылган акчалар Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, аталган комиссиянын башчысы болгон Азимбек Бекназаровго тапшырылып, ал тил кат жазып кеткен. «Ошол акчанын кайда кеткени боюнча Бекназаров отчёт бере элек» дешет коомдук бирикменин мүчөлөрү. Азимбек мырза болсо эч кандай акча албаганын билдирген. Бул аралыкта интернетте Европадагы өлкөлөрдүн биринен өтө кымбат баага Бекназаровдун үй алгандыгы жазылып чыкты. Окуянын калп же чын экенине чекит коюу үчүн Башкы прокуратура жакын арада кылмыш ишин козгошу мүмкүн экен.

КАРИМОВ ЧЕК АРА ЧЫРЫН ЧЕЧЕМ ДЕЙТ
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Ташкенттеги өкмөт жыйынында: «Кыргыз, тажик, өзбек элин эч ким уруштура албайт. Коңшулар арасындагы карама-каршылыкты жараткан маселелерди чечүүгө сөз берем»,- деди. Ал дүйнөлүк коомчулукта борбор азиялыктардын ынтымагына доо кетиргиси келген күчтөр көп экенин баса белгилеп өттү. Бул сөзүнөн эки күн өтпөй Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арадагы темир жол өткөрүү пункттарын жаап салды. Мындан канчалык кылыбыз кыйшаярына кыргыз өкмөтү комментарий бере элек. Бирок болбогон бир окуялардан улам деле казак тарап да, өзбек тарап да биз менен болгон чек арасын жаап салганы адатка айланды.

ТУРСУНБЕК АКУН КАЙРАДАН АКЫЙКАТЧЫ
23-январь күнү депутаттар эртеден кечке Кыргызстанга акыйткачы шайлоону эрмек кылышты. Бизде эсебине сан жеткис укук коргоочулардан тышкары 10 жылдан бери Акыйкатчы институту иштеп келет. Аты эле кадыр-барктуу угулганы менен, кылган ишине байланыштуу жылуу сөз деле угулбайт.
Кыскасы, адилеттикти туу тутам деп 16 талапкер чыкты. Бирок депутаттар Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулуна добуштарын беришип, экөө 2-турга чыкты. Шайлоого бир күн калганда бул эки адамдын ортосунда маалымат согушу күчөп, «абысындай» болгон алакасын дагы бир ирет көрсөтүштү. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү жакынкы беш жылдык мөөнөткө Турсунбек Акунду бекитишти.
Кайрадан шайланган Акун 14-февралда парламентте Бакир уулун артта калтырган депутаттарга салтанаттуу ант берүү менен чексиз «сүйүүсүн» кошо билдирмей болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
28.01.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
akundun kriwasi atambaev!tak chto...
28.01.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы Атамбаев, кичине ойлоп анан суйлосонор.
29.01.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lion-x, ушу сен Атамбаевдин артын айабайле жаладынго Атамбаевти мен призидент катары корбойм
31.01.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
timan86, Сени ким кор деп жатат, ар кимдин ойу ар кандай, пикирлерди жазууга тыйуу салынган эмес, жакпайбы окубай эле кой.
28.01.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
16 млн акча бул жакта: 2010-жылы Азимбек Бекназаров Швециянын Стокгольм шаарынан 1 миллион 200 миң еврого 5 комнаталуу квартира сатып алган. Дареги Остермальм көчөсү, 127 В, кв. 45 Е. Бул үйдө учурда Бекназаровдун кичүү уулу жашайт.
28.01.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтегилерге такыр ишенбей калдым. Жалган эле бири бирине куноо коюп сотко беришет, же соту бутпойт. Апрель, июнь окуясына 3 жыл болду аягына чыкпады. Бул бийлик жакында качат, ал иштер жабылат. Баягы эле шордуу эл кан жутуп калат. Деги Кыргызстанга качан мекен учун иштеген таза адамдар келээр экен?
28.01.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А Сариев дагы сатып алса керек. Бул экоо сом эмес доллар менен миллиондоп кесип жатты элего. Баары бир Бульдозерден акчаны ондуруш кыйынга турат. Себеби ошол убакта жегендер азыр бийликте отурушат.
28.01.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак уйдогу азыркы бийликти чогултуп жардырыш керек ошондо булардан айрылабыз!! чонтогун ойлогон чондордун барынан жогу жакшы!!
28.01.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен силердин созунорго кошулам. мен да ошондой ойдомун.
28.01.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал акчалар окмотту 2010 жылы 87 адамдын каны менен басып алган безээрилерде.
29.01.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ushu Beknazarovtu atip salsa teship chiksa eken ilaim eldin akisin jegen makoo akmaktar
29.01.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай бар кыргыздар биздин кичинекей мамлекетибизде да чон майрам болор ошондо коробуз бул аткаминерлерди хи хи хи
30.01.2013. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вор не должен сидет в тюрме,
их надо убит!
30.01.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baarynar ele POLITIK. Syrtka chygyp SVEJII VOZDUHTAN jutup kichine. Asmandy karap turup, OMBUDSMENdin paidasy tiibegenden kiyin KYRGYZSTANGA keregi barby debeisinerbi. DEMOKRATIYALYK mamlekette gana aktalat andai chinovnikter. Biz kyirattyk DEMOKRATIYANY. Jumushunardy kylgyla. Ui bulonu bakkyla.
30.01.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
graffbatkensky, жумушубузду го кыла беребиз бирок дагы канча жыл экономикабыз онолбой,кошуна мамлекеттерге уят болуп журобуз?
31.01.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza11.3, туура соз, казак озбек деле эгемендуулукту биз менен катарлаш эле жетишкен эми салыштырып коргуло алардын мамлекети менен биздин мамлекетти, ушинтип бийликтеги урматтулар кымтый берсе анда эртен кыргызстанды залогко коюп карыз алышат булар
30.01.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maziaга кош колдоп кошулам туптуура айтыптыр. Бийликке эч ким ишенбей калган!!!Чындап эле баарын чогултуп туруп жардырып жибериш керек )))
01.02.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekter ketet el kalat, betege ketet bel kalat degendei, bul da biylik bir kunu ketchu jagyna ketet. Myndai kyrgyzdyn biudjetine kol salgandar juzdop sanalat go, Beknazarovgo okwogondoi jok emes.
01.02.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жебеген жердин тубундо 10 мин жесин бар 30 мин жесин 16 милион ото эле коптук кылат.Аны кустуруш керек.
02.02.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудул Абдылда байке айтмакчы азыр ото ынгайлуу баары бир жерге чогулуп калышты. Ушундайда кууп салыш керек жегичтерди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо