ДЕПУТАТТАРДЫН ОНЛАЙН «КАТЧЫСЫ» ИШТЕЙ БАШТАДЫ...

№534 25-31-январь, 2013-ж

  • 2013-жылдын 21-январында президент Алмазбек Атамбаев «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
  • Адвокат ИКРАМИДИН АЙТКУЛОВДУ жактоочулук укугунан ажыратуу боюнча маселе каралып, Адилет министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия эскертүү берүү менен гана чектелди.
  • 2013-жылдын июль айынан баштап Социалдык фонддо иштеген кызматкерлердин маянасы 20 ПАЙЫЗГА жогорулайт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
  • 2008-жылы түзүлгөн ИИМдин алдындагы Коомдук кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотту. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри ШАМИЛЬ АТАХАНОВ кол койду.
  • Жогорку Кеңештин онлайн кабылдамасы ачылды. Эми каалоочулар депутаттар менен карапайым калктын ортосуна көпүрө болгон
    WWW.TEREZE.KG сайты аркылуу эл өкүлдөрүнө кайрылып, каалаган суроолоруна жооп ала алышат.
  • Бишкек шаарында БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН жаңы имараты ачылды. Жаңы имарат шаардын Токтоналиев көчөсү -139 дарегинде жайгашкан. Бул имарат мурун А.Акаевге тиешелүү китепкана болгон.
  • ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2012-жылы ар кандай топтор, өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялар тарабынан 726 МИТИНГ өткөрүлгөн.
  • Кытайда 20 кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө, бирөөсү өлүм жазасына буюрулган.
  • 22-январда Ош облусунун Алай районунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
  • «Республикалык жана башка кагылышуулардын катышуучулар уюму» БАТКЕН ОКУЯСЫНДА каза болгондордун урматына өлкөнүн ар аймагында эстеликтерди тургузууну сунуштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо