№534 25-31-январь, 2013-ж
«2012-жылдын мыкты тасмасы» аталган «Президент жана бомж» тасмасынын уландысы тартылып баштады. Тасмага режиссёрлукту «2012-жылдын супер актёру» наамын алган Аскат Сулайманов колго алган. «Буга чейин толук метраждуу болбосо да, кыска метраждуу кино тартып, жаш студент балдардын дипломдук иштерине аралашып, ой бөлүшүп жүргөм. Андыктан бул жаатта көп деле кыйынчылыктар болгон жок, актёрлор менен тыгыз иштешип жатабыз. Буюрса, кинону тартып баштаганыбызга 10 күн болуп калды»,- дейт тасманын режиссёру. Чынында, Аскат Сулаймановдун актёрлук чеберчилигине шек жок, андыктан режиссёр катары да өзүн жакшы көрсөтөт деген ишенимдебиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |