№535 1-7-февраль, 2013-ж
«Кумтөрдү» улутташтырууга бийлик кызыкдар эмес жана бул тууралуу маселе көтөрүлгөн жок»,- деп билдирди Экономика министри Темир Сариев. Анын айтымында, «Кумтөр» компаниясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башкы максаты – эки тараптуу келишимдеги мыйзам бузууларды аныктап, аларды кайрадан мамлекеттин кызыкчылыгына дал келтирүү. Айта кетсек, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүчү мамлекеттик комиссия 2012-жылдын июнь айында өкмөт тарабынан түзүлүп, аны Темир Сариев жетектеген.
Отчётто белгиленгендей, «Кумтөрдүн» экологияга тийгизген зыяны 6,7 миллиард сомго барабар. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Кумтөр» ишканасынын экологияга тийгизген таасиринен улам онкологиялык оорулар 30 пайызга өскөнүн Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева маалымдады.
ЖКнын жыйынында көпчүлүк коалициясы мамлекеттик комиссиянын ишин жактырып, бул алтын кенине карата канадалык компания менен келишим түзүүгө катышкан аткаминерлер А.Акаев, К.Бакиев, Т.Чынгышев, Д.Сарыгулов, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Үсөнов, А.Елисеев, М.Бакиев, К.Курманалиевдерди жана мурунку депутаттарды жоопко тартуу маселесин кароону Башкы прокуратурага сунушташты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |