АТАХАНОВ ОТСТАВКАГА КЕТЕБИ?..

№535 1-7-февраль, 2013-ж

  • Кыргызстанда 2012-жылы 33 МИҢ адам каза болгонун Улуттук статистика комитети билдирди.
  • Ысык-Көл облусунда 28-январда күчү 6,5 БАЛЛГА жеткен зилзала катталып, 29-январь күнү да 4,4 баллдын тегерегинде жер силкинген. ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, Түп районунда жер титирөөдөн 12 үйгө зыян келтирилген.
  • 2012-жылы өлкөдө 7 миң орундуу 31 МЕКТЕП курулган.
  • 28-январда Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто айыпталуучу, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары ДАНИЯР ДУНГАНОВ эсин жоготуп ЖЫГЫЛДЫ.
  • 2012-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстандын калкынын саны 5 МИЛЛИОН 655 МИҢ адамга жетти.
  • Мындан ары Маданият жана туризм министрлигинде иш кагаздары МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
  • Кыз ала качкандар 7 ЖЫЛДАН 10 ЖЫЛГА чейин эркинен ажыратылат. Тиешелүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
  • «Ички иштер министри ШАМИЛЬ АТАХАНОВ отставкага арыз жазыптыр» деген маалымат интернет булактарына тарады.
  • Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев БУКМЕКЕР кеңселери жана тотализатор бюролору кумар оюндарына кирет деп эсептейт, ошондой эле «Кыргызстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердиги жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди.
  • БОЛОТ АБАКИРОВ Ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулду.
  • Өлкөдө жарандарды митингдерге катышууга МАЖБУРЛАГАН аткаминерлер 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов ЖКнын жыйынында билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо