ПИНИН ЖАШООСУ

№535 1-7-февраль, 2013-ж

Учурда дүйнө жүзүндөгү кинотеатрларда көрүүгө коюлган тасмалардын сап башын дал ушул биз бүгүн сөз кыла турган эмгек ээледи көрүнөт. Буга аталган
фильмдин сатык боюнча алдыга озуп чыкканы жана быйыл 11 номинация боюнча «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөнү далил.

Тарткан өлкө – АКШ, Кытай
Режиссёру – Энг Ли
Продюсери – Энг Ли, Жил Неттер, Дэвид Уомарк
Сценарийин жазгандар – Янн Мартел, Дэвид Мэги
Жанры – Курч окуялуу драма
Башкы ролдордо – Сураж Шарма, Ирфан Хан, Рейф Сполл
Тасманын узактыгы – 127 мүнөт
Бюджети – 120 миллион доллар
Сатыкка коюлган жылы – 2012-жыл, ноябрь

АДАМ МЕНЕН АЙБАН 227 КҮН БОЮ БИР КАЙЫКТА
Пи Патель аттуу мырза башынан өткөн адам ишенгис окуясын жазуучу Янн Мартелге баяндап отурат. Анда Пи 15 гана жашта болчу. Бир күнү атасы Индиядан үй-бүлөсү менен көчүп кетишерин айтат. План боюнча, өзүнүн зоопаркындагы жаныбарлардын тең жарымын Канадага ала кетип, аларды сатып, жаңы жашоо башташмак. Тилекке каршы, жолдо чоң кырсыкка кабылышат. Катуу шамал менен жаандын каарына калган алар бараткан кеме кыйроого учурайт. Жыйынтыгында бул кырсыктан бир гана Пи аман калыптыр. Жаан басылып, суу толкундары тынчыганда Пи өзү отурган кайыкта зоопарктагы бир нече жаныбарлардын да бар экенин байкайт. Алар: чөө, зебра, Апельсинка аттуу маймыл жана Ричард Паркер деген ысымдуу жолборс.
Албетте, тамак-ашы жок, кичинекей кайыкта жашоо үчүн айыгышкан күрөш жүрүп, жыйынтыгында Пи бир гана Ричард Паркер менен калат. Экөөнүн ортосундагы чыныгы тиреш эми башталып, жолборс Пиге кол салууга аракет кылат. Бирок каарман ага жем болууну каалабайт. Экөө 227 күн бою ачык океан бетинде кайыкта өмүр сүрүп, дельфиндер, киттер жана табышмактуу аралчага туш болушат. Ал аралыкта достошууга да жетишишет. Акырында кайык калкып отуруп Мексикага жетет. Ошол жерден жолборс Пи менен коштошпостон өз жолуна түшөт.
Кыйроого учураган кемени сапарга чыгарган япониялык компаниянын өкүлдөрү ооруканада Пи менен болгон окуя жөнүндө баарлашышат. Бирок алар Пинин айткандарына ишенишпей, чындыкка коошкон окуяны айтып берүүсүн суранып туруп алышат. Айласыздан Пи жаныбарлар эмес, адамдар катышкан башка окуяны баяндай баштайт. Муну менен режиссёр адамдар жаныбарлардын айбанчылыгына ишенбей, адамдардын айбанчылыгына көбүрөөк ишенип калганын айтат.
Ал эми бул баянды угуп жаткан жазуучунун «окуяны эки түрдүү баяндадыңыз, кайсынысы чындык?» деген суроосуна Пи «кайсынысына ишенсеңиз, ошонусун жаза бериңиз» деп жооп берет.

ДҮЙНӨЛҮК КАССАДАН 500 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЧОГУЛТТУ
«Пинин жашоосу» деп аталган 3D форматындагы философиялык блокбастердин өзөгү канадалык жазуучу Янн Мартелдин ушундай эле аталыштагы чыгармасынан алынган. Ал 2002-жылы «Букеровск» сыйлыгына татып, дүйнө жүзүнө 9 миллион нускада сатылган. Ал эми бул чыгарманы чагылдырган «Пинин жашоосу» тасмасы да элге сиңимдүү, жагымдуу болду деп айтууга болот. Анткени тасманын бет ачары өткөн жылдын ноябрь айында гана болгонуна карабастан, дүйнөлүк сатыктан 500 миллион доллар чогултууга жетишти.
Аталган тасманын режиссёру Энг Ли кенедей дагы интрига жаратууну каалаган эмес. Аны окуянын башында эле башкы каармандын тирүү калганын ачык көрсөткөнүнөн байкасак болот. Ошентсе да фильмди «жолборс качан Пини жара тартат?» деген коркунуч менен көрөсүң. Бул режиссёрдун чеберчилигинен болсо керек. Анан да тасмада дин маселеси тууралуу терең философия камтылганын байкоого болот. Режиссёр Энг Линин башкы ролго эч кимге таанымал эмес Сураж Шарманы тандаганы да бекеринен эмес. Бул кинематография дүйнөсүн адабий шедевр менен шыктандыра алган.

ТАСМАДАГЫ ТААСИРДҮҮ ЦИТАТАЛАР

  • «Кудай жөнүндө бирөөлөр айтып берип, аны менен тааныштырганга чейин биз ал жөнүндө билбейбиз да».
  • «Үч динге ишенүүгө болбойт. Ал эч бирине ишенбөө дегенди билдирет».
  • «Айбандарда деле жан дүйнө деген бар, мен аны көзүнөн көрдүм».
  • «Айбандын көзүнөн сенин карааның жана сенин жан дүйнөң көрүнөт. Анын жан дүйнөсүндө айбанчылык гана бар».
  • «Болгон нерсе болду. Ал эч нерсени түшүндүрбөйт».
  • «Сенин ишенимиң күчтүү экенин билүү үчүн сыноолордон өтүү керек».
  • «Кудай мени таштап кетти» деген ойго батып турганыңда ал сенин жаныңда болчу. «Менин кыйналганым менен Кудайдын иши жок» дегениңде да жаныңда эле. Жашоодон үмүтүң үзүлгөндө ал дем алууга убакыт берип, кайра жолду улантуу керек экенин билдирди».
  • «Жаныбарлар адамга дос эмес».

КАДР СЫРТЫНДА

  • Башкы каарманды ойногон жаш актёр Сураж Шарма тасмага тартылуу туурасында ойлонгон да эмес. Ал кастингге агасы менен гана келип калган. Режиссёр Энг Ли 3000 баланын арасынан дал ушул Суражды тандап алган.
  • Фильм океанда, деңизде же көлдө тартылган эмес. Көпчүлүк бөлүгү кургактыкта, Тайвандагы иштен чыккан эски аэропортто, кээ бир жерлери алдын ала даярдалган бассейнде тартылган.
  • Атайын техникалык тетиктер 50 түрдүү ар кандай формадагы толкундарды жаратып турган.
  • Башкы каарманды аткарган Сураж Шарма тасмага тартылардан мурун атайын салмак кошкон. Фильмдин жүрүшүндө тапшырма боюнча 13 килограммга арыктаган.
  • Чыныгы жырткыч жолборс тасманын 10 пайызында гана тартылган. Тагыраак айтканда, 24 кадрга гана түшүрүлгөн. Калган учурларда компьютердик графиканын жардамы менен анимациялык фигура ойнотулган.
  • Пинин ролундагы актёр Сураж Шарма тартылуу учурунда чыныгы жолборсту бир да ирет көргөн эмес.
  • Тасмадагы жандыктардын баары компьютердик графиканын жардамы менен пайда болушкан. Зебранын терисинде 19,5 миллион, жолборстукунда 10,4 миллион, чөөнүн терисинде 9,7 миллион жана маймылда 540,2 миллион тал кыл бар.
  • Ричард Паркердин анимациялык образын жаратуу үчүн эле бир жылдай убакыт талап кылынган.
  • Учуучу балыктар да анимациялык фигуралар. Бирок бул кадрларды тартууда жакынкы дүкөндөрдөгү чыныгы балыктар да колдонулган.

СУРАЖ ШАРМА АКТЁР ЭМЕС, ФИЛОСОФ
Сураж Шарма – келечектеги философ. Актёрлук кесипти аркалап кетүү жөнүндө азырынча ойлоно элек. 10 жылдан бери каратэ менен машыгып келет. Учурда 19 жашта. Инженер менен экономисттин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. «Пинин жашоосу» тасмасында алгачкы жолу роль ойноду.

 

 

 

Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
04.02.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun kino ayabay.
04.02.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3D эффектери м-н корсо аябай сонун ,идеясы да мыкты ,Энг Лиге бравоо)
05.02.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино театрдан кордум соонун кино бирок азыр интернете да журотго.
05.02.2013. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда кокустан коруп калдым...сонун кино экен. Бирок мен коргон кино театрда кинонун узактыгы 2саат болду.
05.02.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, 127 минута деген 2 саат 7 минута болот да)))
05.02.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3D форматында кордук кызыктуу экен.
05.02.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan kyzygyp kaldyyym. .
07.02.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
klassnyi film !!!!!!!!!!!!!
07.02.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасманын аталышын жазып койгулачы, коруп алайын...
08.02.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magic1721,
"Жизнь Пи" деген кино)
Мага да жакты бул кино, внезапно жолборс чыга келген жеринде журогум тушуп калды
08.02.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кино аябай жакшы тартылыптыр компьютердик графика колдонулса да так озундой чыккан. Анан да "Дин" тууралуу кошумчаланганы жакшы экен.
09.02.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jakty
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо