КӨРНӨК-ЖАРНАКТАГЫ ЖАЗУУЛАР КАЧАН ОҢОЛОТ?

№535 1-7-февраль, 2013-ж

Кимдир бирөөгө бул маселеге улам кайрылып жаткандай көрүнөр. Бирок мурун жазган макалабыздан жыйынтык чыкпагандыктан, кайрылууга туура келип жатат. Учурда кыргыз тилине көңүл бурулбай, атүгүл шаардын жүзү болгон көрнөк-жарнактар сабаттуу жазылбай келет.
Баткен шаар статусун алгандан бери көптөгөн имараттар курулуп, түрдүү көрнөк-жарнактар пайда боло баштады. Аларды карап, кайсы тилде жазылганын түшүнбөйсүң. Себеби көрнөк-жарнактарда жазылган сөздөр же кыргыз тилинде, же орус тилинде эмес. Кыргыз тилинде баратып эле орусча жазылып кеткен учурлар да бар. Мейли, орус тилин өтө жакшы өздөштүрүп кеттик деп айтайын десең, орус тилинде жазылган жарнамаларда да толгон грамматикалык каталар кездешет. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисал келтирели.
Шаардын негизги көчөсү болгон Нургазиев көчөсүн эле карап чыкканда түрдүү каталарды кезиктирдик. Мисалы, сулуулук салондорунун жарнамаларындагы жазууда «чачты ар түрдүү краскалоо (боё)» деп жазылган. Байкаганыңыздай алгач орус тилинде, андан кийин кыргызчасын кашаанын ичине жазып коюшкан. Качантан бери Баткенде орус тилдүүлөр басымдуулук кылып калганын түшүнбөйсүң. Же орустун «краска» деген сөзү кыргыз тилинде «боёк» деген сөз экенин билишпейби? Ал эми компьютердик кызмат көрсөтүүчү борборлордо башка тилдеги сөздөргө кыргыз тилиндеги мүчөлөрдү зордоп эле чаптап койгонуна аргасыз баш чайкайсың. Мисалы, «аксессуарлар, картридждерди заправкалоо, түстүү печаттоо» жана башкалар...
Бир эле көрнөк-жарнакта көптөгөн каталар орун алган. «Ксерокопия, дисктен диске көчүрүү, телефоного музыка жазуу, 5 мин фото сүрөт, кино дистери» деген жазуудан бир канча катаны көрүүгө болот. Буларды окуганда ушул сөздөрдү кыргыз тилинде жазууга болбойт бекен деп ойлойсуң. «Единица салабыз» деген жазууну кадам сайын кезиктиресиң. Кыргызча «бирдик салабыз» десе деле баары түшүнмөк. Көчө бойлоп баратып көңүлүм БТА банкынын жанындагы «Кызылкия филиалы С/К №48» деген жазууга бурулду. Бул жазууну карап, аталган банктын Баткен шаарындагы филиалыбы же Кызыл-Кыя шаарындагы филиалыбы, түшүнө албайсың. Эгер Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы болгон учурда деле шаардын аталышы качан Кызылкия эле?
Мындай каталар ким тарабынан көзөмөлгө алынарын билүү үчүн шаардык мэрияга барып, Муниципалдык менчик департаментинин директору Алтынбек Мисиралиевге кайрылдык. Андан шаар ичиндеги көрнөк-жарнактарды ким көзөмөлдөп, ким чыгарууга уруксат бере турганын сурадык. Алтынбек Мисиралиев: «Эгер кимдир бирөө көрнөк-жарнак чыгара турган болсо, бизге кайрылат. Өз учурунда биз аларды Мамлекеттик каттоо органына жөнөтөбүз. Ал жерде аталган жер кимге тиешелүү экендиги текшерилип, Облустук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жөнөтүлөт. Алар жерди ченеп беришет. Жарнамадагы жазуулар же башка нерселер текшерилбейт. Буюрса, азыр ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Эми атайын комиссия түзүлүп, шаардагы бардык көрнөк-жарнактар текшерилип, комиссиядан өткөрүлөт»,- деп билдирди.
Билишибизче, Баткен шаарындагы көрнөк-жарнактарда жазылган сөздөр эч ким тарабынан текшерилбейт экен. Мэрия тараптан кош көңүл гана «жарнактагы жазуулар текшерилбейт» деп айтып коюшту. Эми жооптуу органдар качан ойгонорун күтөлү. Кыргыз болуп туруп өз тилибизге аяр мамиле жасабасак, анда Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү биздин тилибизди кайдан сыйлашсын?


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
04.02.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпысынан алып айтканда мамлекеттик тил өнүкпөй маңкурттук тушап турган абалда экенин айгинелеп турат, көрнөк жарнактагы жазуулардын туура эмес болушуна көрнөк жасатуучу да жасоочу да бирдей жоопкер. мисал мен 8 жылдан бери көрнөк-жарнак жасайым (жалаң эле дизайын эмес) ар бир жазуунун, тыныш белгилеринин эң туура болушуна абдан көңүл бурам, акчанын же башканын кызыкчылыгы эмес, эң башкысы өз э
04.02.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кееде бир көрнөктү жаым саатта жасап коюуга тийиштүү болсо да, бирок көрнөктөгү жазуунун эң туура, грамматикалык эрежеге жооп бергидей иштегим келет. муну менен өзүмдү жарнамалагым келген жок, ар бирибиз ар кандай ишти өзүбүздөн баштап, улуттук асыл дөөлөтүбүзгө жоопкер мамиле жасасак деген чакырык таштагым келип турат.
06.02.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TolonturCN, Кееде эмес,кээде.Тыныш белги деп коесун,чекиттен кийин кичине тамгалар менен жазып да коет экенсин.
04.02.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авторго толугу менен кошулам.Кыргыздар оз тилибизди сыйлабасак башкалар тепселеп кетет.
04.02.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
телефон из дубай Ха ха хаа!Мен деле реклама бойунча иштейм!эми бул,Ошону басмадан чыгаргандардын куноосу!
05.02.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aote, анан "реклама бойунча" деп жазып коем дебейсинби!
11.02.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, вахаха жардынго аябай, азаматсын:)))) :-*
04.02.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын Толонтур! Жасайым эмес, жасайм, дизайын эмес, дизайн(коркомдоо)!
05.02.2013. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijan, Айланганыңызга рахмат! хы хы хы
дизайн, Дизайын болуп биздин кеебир сөздөрүбүз бирдикке келип боло албагандай эле түрдүү жазылган учурлар бар экен. эми бизд дизайынбы же дизайнбы андай аталбайт, долбоорлоо дейбиз, бирок була да төп келбейт го. дизайнды жасалгалоо деген термин колдонуп келем.
05.02.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бери эле чекеси да майда барат жарнамалардын кобу 1 класстын окуучусу жазгандай. мен коп байкайм ошондойлорду
07.02.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кейип эле отурабыз
10.02.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми грамматика тууралуу айтсак, бизде башы жок-бака, козу жок-когон болуп, тескеген бир пенде жок. Байкуш илен-салган болгон окумот озунун "жармасын" аарчып буто албай жатканда, буга окшош маселелерди кайдан карашмак эле. Анан калса бийликте деле саналуу гана билмдуулор отурушат, а алары болсо бийлик талашып буто алышпайт. Айтор зар заман, кар заман жана тар заман дегендей эле кеп...
13.02.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун "САРТАРАШКАНА" "ГУШТ" дегендери да жоголсо "ЧАЧТАРАЧКАНА" "ЭТ" болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо