Медина Усупбекова, «Айтыш» коомдук фондунун директору:«ӨЗ КҮЧҮҢ МЕНЕН ЖЕТКЕН ИЙГИЛИГИҢ АЛДА КАНЧА ТАТТУУ»

№536 8-14-февраль, 2013-ж

Жүрөгүндө мекенчилдик сезимди өзгөчө бапестеп баккан инсандарыбызга «Айтыш» коомдук фонду таанымал. Манасчы, төкмө акын, жаш калемгер же жаш режиссёрбу, айтор, көптөгөн өнөрпоздорду канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, өз көмөгүн көрсөтүп келет. Мына ушундай фондду ким жетектейт?

– Фонддун ишмердүүлүгүнөн көпчүлүктүн кабары бар. Мындай фонддун жетекчисинин жашы 60ка таяп калган, ак калпак кийген аксакал болсо керек дедим эле. Өтө эле жаш көрүнөсүң, канчадасың?
– «Айтыш» фонду жыл сайын чоң иш-чараларды өткөрүп келет жана анын артында көп энергияны талап кылган жыш графиктүү жумуштар турат. Бирок биздин фонд мурункудай сөзсүз эле улуу киши келсин, мол тажрыйбалуу бирөө гана директор болсун деген заманда жашабайт. Буга чейин деле 30га чыга элек жаштарга фонддун жетекчилик кызматы тапшырылып келгенин уктум. Мында иштеп жатканыма жазында бир жыл болот. Өзүм Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетин аяктагам, 26 жаштамын.

– Биздин менталитет да бар эмеспи, биринчиден, жашсың, экинчиден, бойдок кыз экенсиң, улуу-кичүү кызматкерлерди башкарып кетүү кыйынга турбадыбы?
– Бул жакка келгенде биринчи бухгалтер катары алындым, кийин башкы бухгалтер кылып дайындашты. Көп өтпөй директордун милдетин аткаруучу кызматына өтүп, жакында эле толук кандуу жетекчилик милдет жүктөлдү. Биринчи келген күндөгү мамилем кандай болсо, азыр деле ошондой. Баары менен сыймын, азырынча жаман сөз уга элекмин. Бир жагынан өзүмдү директормун деп тааныштыруудан тартынам. Мактанычтай сезиле берет.

– Университетти аяктаган көп жаштар «ишке орношууда же таанышың, же бере алчу параң болушу керек» дешет. Сенчи?
– Азыркы күндө алардын айткан сөзүндө да чындык бар. Бирок тааныш же акча деген сыяктуу оңой оокатка шылтап коюу аздык кылат. Өзүң деле тынбай аракет жасай беришиң керек. Өз күчүң менен жеткен ийгилигиң алда канча таттуу сезилет.

– Жаш жетекчи кыз жумуштан сырткаркы убактысын эмнеге коротот?
– Чынын айтсам, иш күндөрү жеке өзүмө таптакыр эле убактым болбойт. Эртеден кечке чейин иш менен гана алек болом. Дем алыш күндөрү гана өзүмө бир аз убактым артат. Андайда келбетиме кам көрүп, салондорго барам. Эс алуу үчүн курбу кыздар менен киного барып калабыз. Анан да жакынкы аралыктагы пландарымда тил үйрөнүү жаатына жана спорт менен машыгууга убакыт табуу деген пункт бар.

– Жигитиңе да убакыт бөлөттүрсүң...
– Жигитим жок. Жогоруда айтып кеткендей, жеке жашоомо убактым деле болбойт. Бирок мени жактырып жүргөн жигиттердин бар экенин билем.

– Кыз бала бой жеткенде ата-эне дагы колуңду сураган адам болсо турмушка чык деген сөздөрдү кыйыта башташчу эле...
– Ооба, кээде четин чыгарып айтып калышат. Бирок анын баары буйруктан да.

– Өзүң да ушул тармакта эмгектенип келесиң. Чыгармачыл жигиттерге турмушка чыгат белең?
– Менимче, жок. Өзүм деле күндө алар менен жолугам, иштешем, байкайм дегендей. Алар тынбай жумушу жөнүндө ойлонушат, жаңы идеялар менен ачылыштардын чордонунда жүрүшөт. Мага көбүрөөк үй-бүлөсүн алдыга койгон мырзалар жагат.

– Өзүң кандай үй-бүлөдө төрөлүп-өскөнсүң?
– Таласта төрөлгөм. Атам – стоматолог, апам – мугалим. Үч бир туугандын ортончусумун жана үйдө жалгыз кызмын.

– Үйдүн эркеси экенсиң да?
– Өзүмө эркелигим деле сезилбейт. Бирок ата-энем "канча жашка чыксаң да, бизге 5 жашар кыздайсың" дешет. Балалык чакты эстегенде бир кызыктуу окуя эсиме келе берет. Ошол 5 жаш курагымда болчу. Атам өзү стоматолог болгондуктан, бир күнү менин маңдайкы тишимди дарылап, анан оюна туура келгенби, айтор, алтын тиш салып койгон. Анан эле бала бакчага барсам да, көчөдөн да чоңдор да, кичинелер да «алтын тишиңди көрсөтчү» дей беришип, акыры атама келип аябай ыйлагам, «алтын тишти алып салыңызчы» деп. Бала чагымда абдан эле эрке, тентек болдум. Бирок кийинчерээк токтолуп, чоң класстарда окуп калган кезде көп сүйлөбөгөн, момун кызга айландым.

– Жакшы экен. Алдыга умтулуу сапаты сага кимден оогон?
– Баары ата-энемдин тарбиясынан. Мени катуу кармашканы менен эркиндигимди эч качан чектешчү эмес. Өз алдынча болууга үйрөтүшүп, эрте иштеп баштаганым да дайыма алдыга умтулуу шыгын иштеп чыгарды окшойт.

– Кирип келген жылга кандай пландар менен кирдиң?
– Учурда энергиябыздын басымдуу бөлүгүн «Кыргызфильм» киностудиясы менен чогуу тартып жаткан «Курманжан датка» тасмасына сарптоодобуз. Буюрса, ушул жылдын август айында тартылып бүтүп, эмдиги жылдын жаз айларында эл алдына алып чыгабыз. Андан тышкары жакында 25 жашка чейинки жаш төкмө акындардын айтышын, Нооруз майрамына карата чоң казак-кыргыз айтышын, "Калемгер" адабий клубунун поэзия кечелерин уюштурууну пландап жатабыз. Анан да бул жылга "Манас" айтуу боюнча эл аралык сынак менен «Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» деп аталган эл аралык кинофестивалды өткөзүү пландарын камтыдык.

– «Айтыш» фонду көп иш-чараларды уюштуруп келет. Анын акыркысы декабрь айында өткөн «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы болду...
– Биздин фонд аталган кинофестивалды экинчи ирет өткөрдү жана мындан ары да жыл сайын уюштуруу ниетибиз бар. Алдын ала чоң даярдыктар жасалды, жыйынтыгында фонд тарабынан каржыланган иш-чара текке кетпей, мыкты деңгээлде кабыл алынды.

– Фонд дагы кандай иштер менен алек?
– «Айтыш» фонду 2001-жылы түзүлгөн, өлкөдөгү маданиятка чоң көңүл бурат жана үч башкы багыт менен иштейт. Алар: төкмө акындар жана манасчылар, жаш калемгерлер менен жаш режиссёрлор. Дал ушул өнөрпоздорду колдоо менен алекпиз.

– Иш-чараларды уюштурууда каржы булагы кайдан алынат?
– Биз чет мамлекеттерден грант албайбыз. Анткени алар кыргыздын нукура маданиятынын өнүгүп-өсүүсүнө, айрым багыттардын сакталып калуусуна кызыкдар эмес. Өзүбүздүн маданий байлыгыбызга өзүбүз гана күйө алабыз. Фондго кыргыз маданиятына көңүл кош карабаган жарандарыбыз демөөрчүлүк кылышат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Маданиятыбызга чет жердиктер күйбөйт" дейт Медина Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
09.02.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Okynychtyy, ushundai ujutkuluu jerde ischmer eken, bet achar intevjusunda,ischmerdyylygy jonyndo syiloso bolmok eken
SUPER.KG видео
09.02.2013. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ei toboo uwul kantip director boldu? ozun iwin bilbegeni korunup le turat go anan dago buhalter bolup jurup ele director bolup ketiwi tan kaldirat go? ki4ine ozun iwin bilgen biroo bolso bolmok bunun oiu jigitterde go jumuwta mes ele!
SUPER.KG видео
09.02.2013. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негедир мага жакты молодец
SUPER.KG видео
09.02.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эххххххххххх ажарынаа +100 .Ушундай ажарлуу келинчегим болуп калса е келечекте.Жакшы ниет кылып койо берейинчи.
SUPER.KG видео
09.02.2013. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ohoooo abdan jakshy suyloyt eken,jash bolso dagy abdan araketchil korunot,ushu suluuga okshogon jashtar ishtey alat,a chondordu koysok bayagy ele ozdoru jep ele tarap ketishet da.emne deym Medina araket kyla ber,seni koldogon el jurt bar dayima,al emi koro albastar suyloy beret,korosun kelechekte senden choon bir deputat chygat,araket kylsan bereket,ishine iygilik,toskolduktan kudayim saktasyn!!!!
SUPER.KG видео
10.02.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ачылбайтат го баардыгы
SUPER.KG видео
10.02.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga jakkan jok, jash kyzcha maktanat go! maga fond tuuralu kyzyk bolchu ozu emes..
SUPER.KG видео
10.02.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи маекте толкундануу болот, ойлоп турган, айтам деген нерселер чаташып баш айланат. Бул абалдан баарыбыз отконбуз. Негизгиси ишти алдыга суроп, койгон максаттарга жетуу зарыл. Азыркы убакта жаштарга ишеним корсотуп, жооптуу иштерге тартуу керек. "Айтыш" коомунда ишти жаштар алып барышып, иштегендердин копчулугун жаштар тузушот. Кеп-кенеш керек болсо акылдашчуу ага-эжелерин, ишинде болсо комок корсотуп колдой турган жалпы жаамат, "Айтыш" фонду турат! Ишине ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
11.02.2013. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Албетте камера алдында директор эмес депутатын деле сурдоп суйлой албайт эмеспи.Эн жакшы баа бердим оз ишин алып кете алат тын кыз экен.
SUPER.KG видео
11.02.2013. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таластык болуп туруп анан мактанбай койсо интервьюсу окшошпой калат го... бирок бул кызматка башы крунунуп калган токмо акындарыбыз же манасчыларыбыз келсе алгылыктуу иштер кобураак болот беле?
SUPER.KG видео
11.02.2013. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кыздын ишине ийгилик каалайм, бирок фонддун иштери, Келечектеги пландары, коздогон максаттары жонундо толук эч нерсе жокко эсе!!!
SUPER.KG видео
11.02.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ayanur555,
Сизге эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
SUPER.KG видео
11.02.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Айтыш" коому тууралуу, Элмирбек, Азамат, Аалы сыяктуу төкмө акындардын, Рыспай, Дөөлөт сыяктуу манасчылардын, режиссерлордун башын кантип бириктирип иштеп жатышат, дагы кандай пландар бар, алардан эмне сабак алып жатат, айтор жумушу тууралуу оңгулуктуу бир нерсе айтып бере албаптыр.
Модератор shasi түзөттү 11.02.2013 16:40
SUPER.KG видео
11.02.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец татынакай жылдыздуу кыз екен ишине ийгилик
11.02.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боорду эзген,аягына чейин коро албай койдум.аябай акылдуу,оорду менен суйлогон кыз экен десе,тантырайт.ушундай орунда отургандан кийин бираз ойлонуп суйлош керек го
12.02.2013. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекей кыздай болуп эмненин баарын айтып берип атат, директор кылып Ким койду экен ? Жетекчи болгондон кийин орунду , туура суйлосо болмок, кылчук дебей кылчыбуз деп туура суйлосон ! Эми ишине ийгилик,
SUPER.KG видео
12.02.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишинизди жакшы алып кетип, ийгиликтерди багынта бериниз.
SUPER.KG видео
13.02.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alyp baruuchu jigitter jonundo suroo berse oshogo jarasha joop beret da je jumushu jonundo surap jatsa dele jigiterdi suilop jataby oilonup jazsanar
13.02.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маладес! Кылчук деп коёп Айтыш фондуна директор экен акылдуу кыз жаштыгынан,сулуулугунан кантип пайдаланыш жолдорун билет экен зато азыр заман ошондой ичин калтырак болсо да тышын жалтыраса болду калганы не имеет значения беле?
15.02.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga bul aym takyr jakkan jok, direktor bolgonu menen akyly kyskaraak adamga okshosh, bashkacha aitkanda "opyt kerek eken" suilogonunon ele bilinip turat!
15.02.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azigrun,
Саламатсызбы! Сиз жазган комментарийлер өчүрүлбөй эле мына бул жерде турат.
http://www.super.kg/media/?type=video&id=81815

Сизге эскертүү!
Суроо же талабыңызды болсо электрондук почта аркылуу жөнөтүшүңүз керек!
SUPER.KG видео
17.02.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azigrun,сен ушинтип чыгып корбойсунбу биринчи сынтакпай,Медина баракелде ар дайым,Кыргыз учун эмгек кылып журо бер иттер уроо берет.Кербен журо берет ага конул бурба ишине ийгилик биз сени колдойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо