САНАРИПТИК ФОТОАППАРАТТЫН КАНДАЙЫ ЖАКШЫ?

№536 8-14-февраль, 2013-ж

Жашообуздагы жагымдуу көз ирмемдерди эстеликке сактап коюу үчүн сүрөткө түшөбүз. Сапаттуу тартылган сүрөт маанайды да көтөрөт. Андыктан фотоаппараттын сапатына көңүл буруу керек. Кандай фотоаппарат кайсы учурда колдонулат жана сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек?

ТАНДООНУН АЛГАЧКЫ КАДАМЫ
Санариптик фотоаппаратты тандоодо алгач кандай максатта колдоносуз, аныктап алыңыз. Бул сиздин капчыгыңызга гана пайдалуу. Анткени чоң көлөмдөгү сүрөттөрдү тартуунун зарылчылыгы жок болсо, кымбат баадагы фотоаппаратты сатып алуунун кереги жок.

ОБЪЕКТИВ
Оптикалык чоңойтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ (оптикалык зум) объектив нерсени жакындатып же алыстатып көрсөтөт. Ал алыстагы нерсеге басып барып убакыт коротпой, жакындатып тартууга шарт түзөт. Ал эми көпчүлүк сүрөт тартууну сүйүүчүлөргө ылайыкталган санариптик фотоаппараттар 3 эселик оптикалык чоңойтуучу объектив менен жабдылган. «Санариптик зум» деген да түшүнүк бар. Бул да сүрөттү чоңойтууга багытталган. Бирок бул объектив эмес, ал болгону, сүрөт тартылгандан кийин гана чоңойтот. Айтып койчу нерсе, алыстан туруп жакындатып тартууда сүрөттүн сапаты начар чыгат.

МАТРИЦА
Фотоаппаратта негизги мааниге матрица ээ. Матрицадагы пикселдин (пиксель – сүрөттүн элементи дегенди түшүндүрөт) саны көп болсо, сүрөт сапаттуу тартылат жана анын майда бөлүктөрүнө чейин даана көрсөтөт. Мисалы, 10 мегапиксель болгон фотоаппараттын матрицасы 10 миллион пикселден турат дегенди түшүндүрөт.

ЭС ТУТУМ КАРТАСЫ (КАРТА ПАМЯТИ)
Фотоаппараттык эс тутум картасынын көлөмү канчалык чоң болсо, ошончолук көп сүрөт батат. Андыктан сатып алууда фотоаппараттын өзүнүн эс тутум картасында орун аз болсо, анда эс тутум картанын көлөмдүүсүн алыңыз. Учурда 2 мегабайттан 16 гигабайтка чейинки эс тутум карталары популярдуу.

БАТАРЕЯ
Санариптик фотоаппараттын кубатын толтуруп турууга ылайыкталган өзүнүн фирмалык батареясы менен болгону жакшы. Улам алмаштырып туруу фотоаппараттын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Себеби санариптик фотоаппараттарга бардык эле үлгүдөгү батареялар ылайык келе бербейт. Эгер батарея алмаштырууга мажбур болсоңуз, анда фотоаппаратыңызга гана ылайыкталган батареяларды колдонуңуз. Себеби күчтүү кубаттагы батарея фотоаппаратка зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.

ФОТОАППАРАТТЫН КАБЫ
Фотоаппараттын кабы анын өмүрүнүн узун болушуна шарт түзөт. Сырты чийилип калуусунан сактайт. Андыктан анын кабын сөзсүз ала жүрүңүз.

СҮРӨТ ТАРТУУНУ СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫЛАЙЫКТУУ САНАРИПТИК ФОТОАППАРАТ
Эгер сиз үйрөнчүк болсоңуз, жаныңызда алып жүрүүгө ыңгайлуу, чакан, колдонууда функциялары татаал эмес, жөнөкөй санариптик фотоаппарат ылайыктуу. Тартуу режими (жарыкта, караңгыда) автоматтык түрдө иштеп, кол менен тууралоонун кажети жок. Баасы да анча кымбат эмес. Мындай санариптик фотоаппараттардын матрицасы 16 мегапикселге чейин болот. Абдан сапаттуу болбосо да, үй шартында сүрөттөрдү тартууга болот. А4 форматындагы кагазда, тактап айтканда, 20Х30 сантиметрге чейинки өлчөмүндөгү сапаттуу сүрөт чыгарууга мүмкүн. Ал эми көрсөтүлгөн өлчөмдөн чоңураак сүрөттөрдүн сапаты начар болуп чыгат.

ПРОФЕССИОНАЛДЫК САНАРИПТИК ФОТОАППАРАТТАР
Эң чоң өлчөмдөгү, сапаты мыкты сүрөт чыгарууну кааласаңыз, анда профессионалдык санариптик фотоаппараттарды тандаңыз. Мында сүрөттү каалагандай тартуу үчүн бардык функциялар тууралап, башкарууга ылайыкталган. Мындай фотоаппараттардын матрицасы 16 мегапикселден жогору болот жана эң мыкты сапаттагы оптика менен жабдылган. Сүрөткө тартуу ылдамдыгы жогору. Тактап айтканда, үлгүсүнө жараша 1 секундда 5-10 жолу сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындай мегапикселдүү фотоаппараттар чоң өлчөмүндөгү сүрөттөрдү да жогорку сапатта берүүгө жарайт. Кемчилиги катары жогорудагы санариптик фотоаппараттарга салыштырмалуу салмагы абдан оор, 1 килограммга чейин жетет. Баасы да кымбат. Андыктан профессионалдык сүрөт тартуу менен алектенбесеңиз, анда сизге жогорудагы сүрөт тартууну сүйүүчүлөр үчүн ылайыкталган фотоаппарат ылайыктуу.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(20)
11.02.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон ырахмат бирок баасын кошо жазып койсонуздар жакшы болмок.
11.02.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Меники Канон Повершот 130,12мп,5зум жакшы,болот!
12.02.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фотография менин хоббим десем болот.Суротторумду турлоп жасаганды жакшы кором.Жакшы маалымат экен.
13.02.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan kerektuu maalymattar eken. Chon rahmat super info.
13.02.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маалымат учун чоон рахмат! Саnon алгачкы улгусундогу фотоаппаратымды которгум келип журот
15.02.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
15.02.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен canon 1100 D фотоаппаратын алайын дегем. Кандай фот-т билгендер болсо кенеш берип койгулачы.
17.02.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен салмсунг гелакси деген фото аппаратка аябай кызыгып журом инеткеда кирет экен баасы 15500р дан 23000р га чейин экен буйруса алабыз
17.02.2013. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattyy zzzz,mmm jakshy maalymat eken,fotoapparattardyn baasy en nachary 50£ bashtalyp 800£go cheiin bolot,al emi canon je bolboso nikon dele abdan jakshy
23.02.2013. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа достор силердин оюнарга кошулам. кенон да жакшы аппарат бирок мага никон гана жагат. мен да фотографмын жон гана любитель. аппаратым никон Д3000 дайым никон . Я Никон !
15.03.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фотоаппарат жөнүндо окуп алып ичим ачышып жатат.Өткөн жылы 18минге алган фотоаппараты алты ай көтөрбөй уулум жоготуп жиберди.
15.03.2013. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да Зенит фотоаппаратым бар советский,абдан жакшы сурот тартат.Бирок флешка карта памятъ жок,сала турган жери да жок,аны кайдан койдурсам болот экен?
19.03.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы чоон рахмат
28.06.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maalymat berdinizder chon rahmat!
30.08.2013. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да аябай кызыгам эртен албасам да сиздер айткан фотоаппараттарды барып коруп келем.
08.11.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menda aiabai kyzygam canon mar 2 d5 eos koldonom
12.01.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men fotoapparat satam dubay da optom jana v roznicu kaalagandar bolso kayrylynyzdar +971 554 83 02 12 wats app, je +971 504 00 99 10 chalgyla , nagyzbek123@gmail.com
13.01.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali_Aliev, Саламатсызбы! ушул сыяктуу жарыялара үчүн атайын бөлүм бар. Мындан ары ошол жакта калтырсаңыз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=43
12.01.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kompaniya aty island valley electronics
29.09.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muattam, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. 50 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо