АР БИР БЕШИНЧИ ЖАРАН ЖАКЫР...

№536 8-14-февраль, 2013-ж

  • Кыргызстандын АР БИР БЕШИНЧИ ЖАРАНЫ ЖАКЫР деп эсептелет. Бул маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктайт.
  • Мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, мүлкү тууралуу декларацияны тапшыруу мөөнөтү 2013-ЖЫЛДЫН 1-МАРТЫНДА аяктайт.
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы маалымдагандай, өткөн жылы өлкөбүздө өндүрүш иштеринде 58 КИШИ каза болгон.
  • ЖК депутаттарынын саясий көз карашы фракциясына төп келбей калса, ал ЭРКИН бойдон калат жана фракция ичинде же андан сырткары түзүлгөн топторго кошула алат. Мындай мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
  • Жазгы талаа иштерине карата 419,6 чакырым СУУ КАНАЛЫ оңдолгондугун Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.
  • Бишкек шаардык прокуратурасы 2012-жылы коррупцияга байланыштуу 90 КЫЛМЫШ ИШИН козгогон.
  • «Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги материалдар 20 ЖЫЛДАН бери жаңыланган эмес»,- дейт Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов.
  • Өткөн жылы Нарын облусунда МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН 2 БАЛА БАКЧА мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
  • Орусиянын Маданият министрлиги Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун 85 ЖЫЛДЫК мааракесин белгилейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
  • Вице-премьер ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ Кытай Кыргызстанда 8 кургак сүт чыгаруучу завод курарын жана гранттык негизде бир учак берерин айтты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо