БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИ ШАЙЛАНДЫ

№537 15-21-февраль, 2013-ж

12-февралда Баткен шаарынын мэри шайланды. 28-январда болгон шаар башчыларын шайлоодо талапкерлер жетиштүү добуш ала албай, шаар мэри шайланбай калган эле. Экинчи жолу шайлоо болуп, бул жолу 6 партиядан талапкер­лерди көрсөтүштү. «Ата Журт» жана «Бүтүн Кыр­гызстан» партиялары биригип, Мамашарип Орозбаевди талапкерликке сунушташты. Ал эми «Замандаш-Сов­ре­меник», КСДП, «Республика», «Ата Мекен» саясий партиялары коалиция тү­зүшүп, Жаныбек Жалаловдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.
Шайлоого 31 депутат катышып, 12 депутат Мамашарип Орозбаевге, ал эми 18 депутат Жаныбек Жалаловго добушун беришкен. Ал эми 1 бюллетень жараксыз деп табылган. Натыйжада 18 добуш менен Баткен шаарынын мэри болуп Жаныбек Жалалов шайланды.
Жаңы шайланган мэр буга чейин КРнын Өк­мө­түнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип келген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
23.02.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еее баткенге Айбалайевти мер кылып шайлаш керек еле же губернаторбу
24.02.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасы кобуроок болсо керек эле да, коро жатарбыз иштегенин, убакыт корсотот, омур ото берет жаны келген келген келиндей уйронгучо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо