ТАЗА БОЛСОҢ, ООРУБАЙСЫҢ!

№538 22-28-февраль, 2013-ж

ТААНЫШЫП КОЙ, БИЗДИН КОЛДО КИМДЕР ЖАШАЙТ?
Адамдын колунда бактериялардын (көзгө көрүнбөгөн оору жаратуучулар) 200гө жакын түрү турактайт. Болгондо да ар бир түрү миллиондогон санда. Алардын ичинде анча коркунуч жаратпай тургандары бар. Ал эми коркунучтуу делип, кир колдорду байырлай тургандар менен таанышкың келсе, сүрөткө көңүл кой.

КӨҢҮЛДҮҮ КӨНҮГҮҮЛӨР 
Сергек болуп, дени сак өсүш үчүн ар күнү дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасагыла.

  • «Кунас сазда басып баратат». Улам бир бутуңду тизеден бүгүп, өйдө көтөр.
  • «Бака». Эки тизеңди эки жакка коюп, отуруп, колуң менен жер таян.
  • «Сууда сүзүү». Отургучка отуруп, колуңду алдыга сунуп, кайчылаштырып кыймылдат.
  • «Чымчык». Колдорду капталга жайып, чымчыктын учканын туура.
  • «Тараза». Отургучка отуруп, жерде жаткан буюмду бирде оң колуң, бирде сол колуң менен көтөр.
  • «Майпаңдаган аюу». Аюунун майпаңдап баскан басыгын жана башка кыймылдарын туура.
  • «Отун жаруу». Эки колду бириктирип жогору көтөрүп, ылдый түшүрүп, эки бутуңдун ортосунан өткөр.
  • «Балык». Көмкөрөңдөн жатып, эки колду капталга, артка карай жайып, көкүрөктү жогору көтөр.
  • «Шамалдагы теректер». Колдорду жогору көтөрүп, шамалда теректер ийилип жаткансып оңго, солго теңселт.

ГИГИЕНАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оозуңду бет аарчы же кол менен жап. Болбосо башкалар жийиркенет. Эгер сасык тумоолоп калсаң, ооруң башкаларга чүчкүрүгүң жана жөтөлүң аркылуу жугат.
  • Тишти күн сайын паста менен жуу. Тамак ичкен сайын оозду чайка. Таттууну көп жебе, алар тишти бузат, тиш бузулса ооруйт.
  • Колу-бутуңдун тырмагын убагында алдырып, таза карма. Колдун тырмагындагы кир тамак-аш менен ичке кирип, оору жаратат.
  • Мөмө-жемиш, жер-жемиштерди жана жашылчаларды жууп жегин. Кир жашылча-жемиштерди жесе тамак, ич ооруйт. Ичегиде курт жаралат.
  • Көчөдөгү иттерди кармап, сылаба. Оору жугат.
  • Кыздар, чачыңарды тамак ичкен бөлмөдө тарабагыла. Тамак-ашка аралашып кетсе жаман. Чачты жууна турган бөлмөдө тароо керек. Болбосо отуруп, алдыга жоолукту салып, анан тарап, түшкөн чачтарды кагазга ороп, таштандыга таштагыла.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
03.07.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен ,чоон рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо