«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН» БАШКЫ КЕҢСЕСИ ӨРТТӨНДҮ

№538 22-28-февраль, 2013-ж

18-февраль күнү саат 11:09да Бишкектин Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кеңсесинен өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен партиянын бардык документтери жана компьютердеги маалыматтык дисктер күйүп кеткен.
«Өрт өчүрүүчүлөр дароо эле келишти. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул зым тилкелеринен улам чыккан. Атайын бирөө да өрт коюшу мүмкүн, антсе да минтип айтууга азырынча негиз жок»,- деп кабарлады аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров. Өрт катуу болгондуктан, имаратты кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес дешүүдө.
Эгерде кеңсеге атайын өрт коюлса, эки вариант болушу ыктымал. Партиянын колуна компромат түшүп калса, аны жок кылуу максатында бийлик катышышы мүмкүн. Партия айрым маалыматтардын изин жашырып, артын тазалай баштоо үчүн өзү өрт чыгарышы да ыктымал. Мындайды Апрель окуясында Башкы прокуратуранын отко чулганганынан көрбөдүкпү...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
27.02.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул нерсе Атамбаевтин гана колунан келет. Мындай ыплас президенттер кетсин!
28.02.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mirbekkg, аны кайдан билесин Атамбаев кылганын???
01.03.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirbekkg, Итин олсо да Атамбаевден кор...
28.02.2013. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кетсин

28.02.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бийлигиби, патиясыбы, атка минерлериби же боору менен сойлооп жүрүүчүлөрүбү айтор баары тазалануу керек болуп жатат.
01.03.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ким ортоссо да бир гана жалгыз Аллах билет.бирок кандай гана болбосун кыргызстан онугуш учун билбейм только ортомой тополон бийлик талашмай же талашып женгенден кийин аткарышса качан качан онугобуз деген суроо ар бир адамдыно ойунда болгону менен элди да кыйнап жатышат.
01.03.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар кызык элесинер баардыгын эле Атамбаевден коро бересинер, же колунан кармап алдынарбы орттоп жаткан жеринен, бироону каралап жазып куноого батуунун эмнеге кереги бар, ортонсо ортонду да, Мумкун Максим оч алып орттоп салгандыр, анткени ал шайлоо учурунда берген акчага 3 этаж хан сарай салып албады беле...
01.03.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооба, Атамбаев куноолуу! Итин олсо да, мышыгын жоголсо да атам баевден коргуло. Тишиндин кирин соруп ачка отурсан демек Атамбаев куноолу. сен, арак ичип бекерчиликтен саясат суйлоп отурган, акчага митингге чыгып, олко учун кызмат кылып атам деп "корс" кекирип бекер басып жургон сен куноолу эмессин да. башка шылтоо кылып куноо кылчу кишинер жок да. А так Атамбаевды куноолоп коюш оной да. Биздин олкодо эмне жаман иш болсо анын баарына президент куноолу болот. ушуну качан токтотобуз эми?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо