АБА КАТТАМ АРЗАНДАЙТ...

№538 22-28-февраль, 2013-ж

  • Чаткал районунда 10 МИҢ адамга 7 дарыгер туура келерин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
  • Кыргызстанда 150дөн ашык мектеп АВАРИЯЛЫК абалда экенин Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева айтты.
  • 1-марттан баштап Кыргызстандын ичиндеги аба каттамдары үчүн билет баасы АРЗАНДАЙТ. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлайт.
  • Кыргызстан аймагында быйыл 129 КООПТУУ метеорологиялык кубулуштар болушу мүмкүн.
  • Былтыр Кыргызстанда 146 595 ЭНЕ көз жарган.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, былтыр өлкөдө 23 323 ҮЙ КУРУЛГАН.
  • Бир жылда «Тез жардам» кызматы 273 унаа менен 670 000 жаранга жардам көрсөтөт.
  • Кыргызстандын аймагында 92 УУЛУУ заттарды сактоочу жай бар.
  • Учурда ID КАРТА үлгүсүндөгү паспорттун баасы 190 сомду түзөт.
  • Кыргызстанда 76 ПАЙЫЗ калк медициналык жактан камсыз болгонун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду маалымдады.
  • Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкекте 1000 кишиге 162 унаа, Кыргызстан боюнча 68 унаа туура келет.
  • «Кумтөр» 16 жылдын ичинде 82 ТОННА күмүш өндүргөн.
  • 20-февралда ИИМдин, УКМКнын, Мамлекеттик мүлк фондунун сайттары кибердик чабуулга кабылып, ага өздөрүн «Clone-Security» деп атаган ӨЗБЕКСТАНДЫН ХАКЕРЛЕР тобу байланыштарын калтырган.
  • Депутат Ахматбек Келдибеков өлкөбүздө бүгүнкү күндө 9053 ТОННА алтын кени бар деген маалыматты айтты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
25.02.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооздоруна Нан бышатко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо