КРнын Эл артисти Мукамбет Токтобаев: «ГАСТРОЛДО ЖҮРҮП УУЛУМА ТОПУРАК САЛА АЛБАДЫМ»

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Театрда, кинодо аты таанымал Мукамбет Токтобаев канча деген алгылыктуу ролдорду жаратпады. «Театрда арманым жок. А бирок тасма жаатында мен ачкамын, толугу менен мага арналган бир тасма тартылып, башкы ролду ойносом деген кыялым бар» деп маек учурунда агай арманын да айта кетти.

КЫСКАЧА
Туулган жылы – 1947-жыл, 5-май
Тартылган тасмалары – «Он үчүнчү небере», «Күнөстүү арал», «Эл арасында», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Бабалардын керээзи», «Чиркин өмүр», «Тарантинону алуу», «Белгисиз маршрут», «Аят», «Аят-2», «Президент жана бомж» жана башка.
Театрдагы ролдору – «Король Лир» (король Лир), «Машырбек үйлөнөт» (Машырбек), «Танабай» (Танабай), «Осмонкул» (Осмонкул төкмө), «Манастын уулу Семетей» (Семетей) жана башка.
Учурда – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын актёру.

«АРТИСТТЕР МЕНЕН ТАҢ АТЫРЫП ЧОҢОЙДУМ»
– Жаштайымдан Түп районунун Корумду деген айылында таякемдин колунда өстүм. Ал райондун кампасын кармаган, колунда бар киши болчу. Айылга артисттер келди дегиче баарын үйгө чогултуп, сыйламай адаты эле. Келген коноктор таң аткыча ырдашат. А мен аларды угуп, уктабай жүрө берер элем. Эсимде, бир жолу таякем экөөбүздү бир кишилик керебетке жаткырып коюшкан. Артисттер болсо тизилип жерде жатышат. Уктап калгандан кийин оодарылам деп артисттердин так эле башына түшүп калсам болобу. Тигилер өкүрүп-бакырып, сөгүп да жиберишкен. Минтип таланттуу адамдар менен аралашып жүрүшүм менин актёрлукка болгон кызыгуумду күчөтүп, келечегиме таасирин тийгизсе керек деп ойлойм.
Ачыгын айтыш керек, сабакка жарытарлык көңүл бөлчү эмесмин. Андан көрө комуз чертүү мен үчүн кызык болчу. Ошентип жүрүп 8-классымда апамдын колуна, Караколго келип, ал жактан ар кандай музыкалык ийримдерге катышып жүрдүм. Кийинчерээк Балыкчыга көчүп, мектеп арасындагы сынактарда комуз ойноп тааныла баштадым. Эмне азап десең, өзүм алыста жашайм, директор жаңы аккордеон алып келген экен, аны үйгө алып барып түнү менен үйдөгүлөрдүн мээсин жеп ойнойм. Маданият үйүндө аккордеончу жок болгондуктан, директору 10-классымда мени көркөм жетекчи кылып дайындап, иштеп калдым.

«ГАСТРОЛДО ЖҮРҮП БИТТЕП КЕТКЕМ»
– Бир жолу Нарындан келген артисттер менин аккордеон ойногонумду көрүп, «сен бул жактан өспөйсүң, шаарга барбайсыңбы» деп калышты. Өзүм да досторум жок жалгызсырап жүргөн жаным ийримдерден алган айлыгымды чогулттум да, жаз келери менен борборго баса бердим. Филармонияга келип, Жапар Чабалдаевдин ырын өзүндөй кылып туурап ырдап, солист болуп жайгаштым.
Бала кезимден эле көп биттечүмүн. Чогуу өскөн таякем мени кичинекейсиң деп кордук көрсөтө бергенинен жиним келип, түндө жатканда битимди кармап анын койнуна сала берчүмүн. А бирок чогуу жатабыз, биттер кайра эле айланып өзүмө келе берет экен да (каткырып).
Түштүктү кыдырып 4 айга гастролго чыктык. Ошондо биттеп кеткеним эсимде калыптыр. Бир дүкөнгө кирсем майка, көйнөктөр турат. Сатып алдым да, дааратканага барып үстүмдөгүнүн баарын чечип ыргытып, жаңыларды кийип, тынчып эле калдым. Кийин бир дем алышка жетпей эле улам кийимимди жаңылап турууну адатка айлантып, тазаланып калгам.

«АТАМ АРГАСЫЗ МАКУЛ БОЛГОН»
– Гастролдон келсем, досум «Кыргыз драма театрына эле барбайсыңбы, алар гастролго чыгышпайт» деп калды. Өзүм роль жаратканды жакшы көрчү элем. Кыргыз драма театрына барып, сынагынан өтүп кеттим.
Бир күнү ал жакка Муратбек Рыскулов келип, «бул кайсы бала?» деп кызыгып, ырдатып калды. Үнүм жагып калганбы, күндө келип ырдата берер эле. Көп өтпөй Опера-балет театрына чакырып, үнүмдүн жеткен чегине чейин чыңыртып ырдатып, «сен ырчы болушуң керек экен» деп хорго алып калды. Эртеси келсем, бир жактан бирөө чыңырат, бирөө пианинодо ойноп отурат. Музыка даңкылдайт ары жактан, айтор, бул жак меники эмес экенин түшүндүм. Кайра Кыргыз драма театрына келип алдым. Бир күнү филармониянын директору Касымалы Бектенов келип алып, «ой, ит, сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде?! Сени ырчы дейт, актёр эмессиң, бас жумушка» деп урушту. «Ии, барам» деп коюп барган деле жокмун. Ал жактан капыстан эргулдун ролун ойной коюп, актёрдук шыгым да ачылып, көксөгөн жеримде калдым. Кийин эмгек өргүүсүнө чыгып Балыкчыга барганымда атам «жалгыз уулум болсоң, сен алыста жүрүп мен эзилип өлүп бүтмөй болдум» деп жөнөтпөй койсо болобу?! Аргасыз Балыкчынын Маданият үйүндө иштеп калдым. Бир күнү Москвага, ГИТИСке окууга балдарды кабыл алышканы келип калышты. Актёр болууну самап турган жаным жөн турмак белем, сынакка катышып, өтүп кеттим. Жайнап турган көзүмдү көргөн атам да «сен болбойт экенсиң» деп аргасыздан макул болгон.

«ОШТОН КАПА БОЛУП КАЙТТЫМ »
– ГИТИСке барып окуп калдым. Алгачкы күндөрү «отургучту алгыла да, эшикке чыккыла, кайра киргиле» деген тапшырмаларды гана аткарып жүрдүк. Мунун эмне кереги бар деп жиним келет. Мага койсо дароо эле сахнага чыгып кетсек. Тартынчаак болгонумдан алгач эптеп эле этюдду ойноп койсом, Чефранова деген мугалим «сенин аракетиң жок» деп мага асылып туруп алды. Карап тур дедим да, жарым жылдыкта менин 8 этюдум өтүп кетти. Андан да кызыгы, орусчаны жакшы билбейм, сурай турган маал келип калды, коркуп эле жүрөм, кантип жооп берем деп. Жанымдагы досума «сен кыска кылып жазып берчи, мен жаттап айтайын» дедим. Ошентип, эки баракка жазылган текстти бат эле жаттап, эртеси шатыратып айтып берсем, бери жактагылар кыткылыкташат. Айтор, аракет кылып жүрүп окуумду ийгиликтүү аяктап келдим.
Борборго келерибиз менен «театр ачасыңар» деп Ошко жиберишти. 5 жыл иштедим, анан кой дедим. Бир уулумду кайненеме берип койгон элек, ал балам 4 жашында чарчап калыптыр. Гастролдо жүрсөк, телеграмма жөнөтүшүптүр. Бирок аны жеткирип, бизге тапшырган эч ким жок. Аларга планды толтуруп, акча таап берип койсоң болду экен да. Капа болдум. Кой, кетпесем болбойт деп келе бердим. Чоң энеме, балама топурак сала албай калдым. Мени менен чогуу театр ачкандардын айрымдары кечээ жакында гана келишпедиби. Борборго келип, «КРнын Эмгек сиңирген артисти», андан соң «КРнын Эл артисти» наамдарын алдым.

«ДАНИЕЛИМ ӨЗГӨЧӨ ШЫКТУУ ЖАН ЭЛЕ...»
– Жубайым экөөбүз Москвада чогуу окуганбыз. Эки жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Даниель деген уулум, экинчи кулунум, чымыны бар жигит эле. Ал мектепти аяктап жатканда Ленинградга балдарды алып кетип жатышыптыр. «Барасыңбы?» десем, «ооба» деди. Менин балам эле деп бирөөгө кирген жокмун, жардамдашып, кеңешимди гана бердим. Барганда үйлөнүп алыптыр. Кийин балалуу болуп, 10 күндүк неберебизди бизге алып келип беришти. Неберем Ильяс азыр 25ке чыгып калды. Көп жашабай ал аялы менен ажырашып, Гүлнурга (ред. Гүлнур Сатылганова) үйлөндү. Анан жанагындай жаман окуя болуп кетпедиби (ред. уулу каза тапкан). Учурда неберем Арнас менен кабарлашып турабыз. Бул тууралуу көп нерсе айткым келбейт. Ортодо көп быт-чыттар болуп кетти...

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


КРнын Эл артисти Мукамбет Токтобаев менен жылуу маек (Архив. 23.02.2013)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(34)
25.02.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим! Балдарыныздын омуру кыска болгон экен,калган омурун неберелеринизге берсин.
25.02.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мукамбет агай өтө жөнөкөй жана адамгерчилик сапаты бийик инсан экен. Көп кыйынчылык, сыноолорду башынан өткөрсө да сынбай, сыр бербей жашап келиптир. Сизге күч-кубат каалап, башында айтып кеткен арманыңыз орундалышына чын жүрөктөн тилектешмин!!!
SUPER.KG видео
25.02.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын аябай баалайм
SUPER.KG видео
25.02.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур айабай кызыктуу. Ушундай кыргыздын улуу инсандары менен сыймыктансак болот Бар болунуз
25.02.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С-И силерге рахмат! Жаштарга улгу боло турган ушундай макаладан коп чыгарсанар! Мукамбет байкем бир кезде шлягер болгон "16" кыз ырынын автору, абдан мыкты бир нече обондору да бар.
SUPER.KG видео
25.02.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант, улуу инсан! Бар болуңуз, агай!
25.02.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым кайратыныздан жазбай эл учун дагы коптогон эмгектерди жарата бериниз.ташкындаган талантынызга таазим .бар болунуз.
25.02.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мукамбет агайдын уулу Гулнур Сатылганованын куйоосу эмне болуп олгон экен ким билсе айтып койгулачы?
25.02.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мага да кызык,Г.Сатылганованын бир кездеги куйоосу не болуп каза болгону. Жазгылачы,ким билет?
25.02.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чиркин омурдо укмуш ойногонсуз.сизге ден соолук узун омур тилейм.бар болунуз.
25.02.2013. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироолор олтуруп кетишкен
25.02.2013. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантыныз ташкындап,онорунуз оркундой берсин!Ишинизге ийгилик!
26.02.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжекебиздин кайнатасы тура....Кудайым узаа омур берсин
26.02.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул актёр агайды аябай сыйлайм.Сизге ден-соолук,ишинизге ийгилик,узун омур каалаймын!
26.02.2013. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман болунузззззз
26.02.2013. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир жараткан ролунуз жеткиликтуу кылып майын чыгара ойнойсуз. Коп жашаныз ден-соолукта болунуз дагы дагы кооптогон ийгиликтерди жаратыныз!!!
26.02.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы менин билишимче асылып олгон дешет, Гулнур эжени кызганып журуп.
26.02.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниель деген уулу менен Ленинградда окуп жургондо жакшы тааныш элек. Сулуу, таланттуу болгон. кандай шартта каза болду. Тушунбой эле калдым. Оз жанын озу кыйгандай, эмне болду экен. кайрат жигит.
SUPER.KG видео
26.02.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agaidai tajruialuu adamdardu ugup ele oltura berging kelet
27.02.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman bolunuz. . Uwul tuusasynda G.Satylganovadan intervu alsanyzdar jakwy bolot ele, ar kim ar kandai kepti aitpai, bir soz bolot ele da.
27.02.2013. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик!Кыргыздын чыныгы актерлорунун бирисиз.Омур берсин кудай,максаттарыныз орундалсын.
27.02.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим!!! Ар дайым бар болунуз бала-чака, небере жана сиздин куйормандарыныз менен!!! Билишимче, рамаатылык Даниэль байкенин олуму киши колдоо болгон дешет! Сахнага 1992-жылы Гулнур Сатылганова менен жаны дуети хит болуп баштаганда. Кандай болгонун бир гана жаратканым Аллах билет!!!
SUPER.KG видео
28.02.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uulunuzga topurak sala albai kalganynyz jaman boluptur...
28.02.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы,Таланттын ээси Мухамбет агай
01.03.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун актер, мындай адамдардын сүйлөгөнүн угуп эле отура бергиң келет. Күлгөнү эле бир сонун экен.
01.03.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таазим...!!!!
02.03.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүльнур аны изменять эте бергенинен муунуп калыптыр деп уккам. Балким башкачадыр, мен укканымды гана айттым...
04.03.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
realliver, jake,
Сиздерге эскертүү!
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат!
06.03.2013. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мукамбет байкенин суйлогон созун жанынан уккан адам жыргаса керек. Чон куудулдук талантына таазим этебиз. Ырахмат. Акыркы убактарда ушундай адамдардын создору жетишпей атат.
11.04.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин талантыңызга таазим этебиз урматтуу ага.Баардык аткарган рольдоруңузда сөз жок.Сизге узун өмүр,чың ден соолук тилейбиз.Элге кубаныч тартуулап жүрө бериңиз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо