ЖАЗГЫ МОДА-2013

№539 1-7-март, 2013-ж

Көпчүлүк «бул жазда эмне мода экен?» деп кызыгып турган учур. Быйылкы жылдын символу болгон жылан табиятынан байлыкты, алтынды жактыргандыктан, бул жылы алтын, күмүш түстөр мода экени белгилүү.

КЫЗ-КЕЛИНДЕР ҮЧҮН
Юбка. Узундугу тизеден, бели өйдөрөөк тигилген калем формасындагы юбкалар мезгилдин тренди катары каралууда. Мындай түр абдан ыңгайлуу болгондуктан, жумушка да, кечеге да кийүүгө мүмкүн. Андан тышкары этеги кенен, барпырак, узун юбкалар да модадан түшө элек.

Көйнөк. Жука материалдан тигилген кенен көйнөктөр модада. Этеги узун жана тизеден да болушу ыктымал. Жылдын эң модалуу көйнөгүн кием десеңиз, эки капталында канат сымал желекчелери барын тандаңыз. Этегинин асты кыска, арты узун фасондорго да көз сала жүрсөңүз болот.

Туфли. Туфлини тандоодон келбетиңиздин жалпы көрүнүшү көз каранды. Быйыл такасы жоон жана бийик платформалуу туфлилер модада. Боолуу жана арчындамалуу жайкы бут кийимдер да (жайкы өтүктөр деп да аталат) көз жоосун алмакчы. Эң негизгиси, бут кийимиңиз ыңгайлуу жана кийген кийимиңизге жарашыктуу болуусу шарт.

Плащ. Быйыл балбырак, топчулары аз же жокко эсе, кыргыздардын кемселин элестеткен, кур курчалуучу плащтар модада. Жеңи балбырак жана кыска келип, узун кол кап менен кийүүгө шартталгандары да бар. Узундугу тизеден же андан ылдый.

Күрмө. Кайыш курлардын ичинен ар кандай деталдар менен кооздолгон «байкер» стилиндеги күрмөлөр популярдуу. Кайышка кошо түрдүү материалдардан кураштырылып тигилгендер да өз ээлерин табышмакчы.

Сумка. Чоңдугу орточо өлчөмдөгү төрт бурчтуу сумкалар модада.

Шым. Бели ылдый тигилген жынсыларды жана шымдарды кийбей эле коюңуз. Анткени быйыл ичке кур тагылчу кенен шымдар модада. Ал эми жынсылардан «банан» модасынын кайтып келиши күтүлүүдө.

АКТУАЛДУУ
Өңдөр: Алтын, күмүш, кызыл сары, сары, сыя көк жана боз
Материал: Тор, жылан терисин элестеткен материалдар, шифон, жибек
Стиль: «Ретро», 60-70-жылдар

АКСЕССУАРЛАР
Билерик – Жоон, кооз таштар менен кооздолгондору, чүпүрөктөн тигилгендери да бар
Сөйкө – «Люстралар», узун жана көлөмдүү
Шуру Жака формасындагы шурулар
Моюн орогучтар – Эки учуна мончок, чачы тагылган төрт чарчы

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН...
Водолазка модада. Бул жазда водолазка актуалдуу. Сыртынан эмне кийсе дагы ичинен жука водолазка кийүү сунушталат. Мисалы, көйнөктүн ичинен водолазка, сыртынан пиджак. Бирок бул расмий жолугушууларга жарабайт.
Шымдар. Жынсылардан аласы ылдый, багелеги ичке тигилгендери модада. Багелеги кыска, көрүнүшү классикага окшоп кеткен шымдар да мырзаларды күтөт.

Күрмө. Күрмөлөрдүн бардык түрүнөн спорттук элементтерди байкоого болот. Мисалы, капюшон, боо, чөнтөкчөлөр.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Жазгы мода - 2013

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
02.03.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркектер дизайнер-стилист болуп иштегендер суйлогону,кыймылы кыздардыкындай болуп калат окшойт!!!!!!нежный болушуп.
SUPER.KG видео
02.03.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кийимдери жакты сонун экен.кызык канча турат экен,бааларын кошуп айтса дагы жакшы болмок.
SUPER.KG видео
02.03.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койноктор сонункен
SUPER.KG видео
03.03.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga jakkan jok, ozgocho dizayner baykenin korgozgon kiyimderi. biz modadan artta kalgandaybyz. anyn kiyimderi jazgy trendderge taptakyr tura kelbeyt.
SUPER.KG видео
04.03.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мага кенен койноктор жакты,но узун болсо "5"деген баа бермекмин.Негии мага улуттук оюу бастырылган койноктор жагат.2010-жылдан бери атайы сайма сайдыртып тиктирип кийип журом.И модасы да бутпойт деп ойлойм.
04.03.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilet_3234,
Рахмат, техникалык катачылык кеткен түзөтүлдү.
04.03.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айымдарга быйыл авраты жабык гийимдер мода!
11.03.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alenka, ооба ошондой кийимдердин коллекциясын да чыгарса жакшы болмок.
SUPER.KG видео
04.03.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакар жок бир дагы койногу отпой калган товарын корсотконго менимче:-(
15.03.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким мода эмес озуно жарашкан кийим кийсе туура болот го мода деп эле жарашса жарашпаса кийип алуу болбойт
24.03.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аlеnkа. туура айтасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо