КЫРГЫЗСТАН СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА РЕЙТИНГДЕ ОРУСИЯДАН АЛДЫДА

№539 1-7-март, 2013-ж

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде 2013-жылы 179 мамлекеттин ичинен 106-орунду алып, КМШнын кээ бир өлкөлөрүн артта калтырды. Рейтингде өткөн жылга салыштырмалуу 2 позицияга көтөрүлгөн.
Постсоветтик мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын алдында 100-орунду ээлеген Грузия бар. Ал эми Украина 126-орунду, Орусия 148-орунду алышкан. Андан кийинки орундарда Азербайжан 156, Казакстан 160 жана Өзбекстан 164-орунда. Рейтингде биринчи орунга үчүнчү жолу катары менен Финляндия чыкты, ал эми Улуу Британия 29-орунда болсо, АКШ 32, Франция 37-орунда.
Аналитиктер демократиялык өлкөлөрдөгү сөз эркиндиги авторитардык өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча жакшыраак экендигин белгилешкен. Тизмеден Түркмөнстан, Кытай, Эритрея өлкөлөрү четтеп калган. Эритрея – журналисттердин өлүмү жана камакка алынышы боюнча лидер. Ал эми түркмөнстандык бийликтин реформа тууралуу айткандары сөз боюнча калып, иш жүзүндө ЖМКны көзөмөлдөө жоюлбай келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
07.03.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз эркиндиги деп эле суйлоп ,митинг,пикет кыла бербей токтоткула уят эми бирок сыймыктана турган нерсе дуйнодо дават амалдары боюнча алхамулиллах РОССИЯдан 4 ай га барып атышат бизге
07.03.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөз эркиндиги деп эле оозду араандай ача бергенден эмнелер гана болуп жаткан жок, сөз эркиндиги деген ураанды мактаныч катары кабыл алынып жаткандай болгону менен анын артында кандай гана чоң адашуу, кыйроолор болуп жатат. аттын дагы ооздугу болот, сөз эркиндиги деп эле каалаганын айта бербеш керек эле ар ким. сөз сөөлөтүнөн ажырап кетти бүгүнкү күндө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо