«КАНДЫН РАК ООРУЛАРЫН ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН АЙЫКТЫРЫП ЖАТАБЫЗ»

№540 8-14-март, 2013-ж

Орто Азия боюнча кандын рак оорусун кемикти кайра которуу жолу менен айыктыруу Кыргызстанда, Кыргыз гематология илимий борборунда гана жүргүзүлүп келет. Борбордун директору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Абдухалим Раимжанов кемикти кайра которуу ыкмасы жана мындай операцияга жеткирген оорулар тууралуу маалымат берди.

– Миелома оорусу бул – сөөк кемигинин рагы дегенди түшүндүрөт. Муну менен көбүнчө жашы улуулар ооруп, 40 жашка чейинкилерде аз кездешет.
Курч лейкоз дагы кан оорусунун рагына кирет. Бирок лейкоз менен жаштар да, улуулар да ооруй берет. Экөө тең эл оозунда ак кан оорулары деп аталат.

МИЕЛОМА ООРУСУ БОЮНЧА ТҮШҮНҮК
-Эне клеткалар боюнча түшүнүк. Сөөк кемиги өмүрү бүткөн кан клеткаларынын ордуна жаңы кан денечелерин жаратып турат. Кемиктин тутумунда эң башкысы эне (стволдуу) клеткалардын болгондугунда. Эне клеткалар төш сөөктүн, омуртканын, жамбаш сөөктөрдүн кемигинин тутумунда көп болот. Аталган клеткалар бала бойдо бүткөндө биринчи жаралат да, анан көбөйүп отуруп баланын башка органдарынын жаралышын (мисалы, бөйрөк, жүрөк жана башка) камсыздайт. Ошондуктан эне клеткалар деп аталат. Булар бала төрөлгөндө жок болуп кетпей, кемиктерде сакталат да, клеткалардын улам жаңыланып турушун шарттайт. Ошондой эле антителаларды (организмге кирген чоочун вирус, бактерияга каршы күрөшүүчү) иштеп чыгарып, иммунитетке да жооп берет. Кокус кемик рак оорусуна кабылса, анда эне клеткалар жаңы, дени сак клеткаларды жарата албай калат. Натыйжада өсүп жетилбеген клеткалар (рак клеткалары) көбөйөт да, иммунитет төмөндөйт. Кандын рак оорусунда нур жана химиялык дарылоо жардам бербеген учурда кемикти кайра которуу операциялары жүргүзүлөт.
1-ыкма – кемикти аутотранс­плантациялоо (оорулуунун өзүнүн кемигиндеги эне клеткаларын алып, контейнерлерде суюк азотто (-1960С) 1-2-6 ай кармап, оорулууну бийик дозадагы химиялык дарылоодон өткөзүп, анан кайра ээсине кайтарып берүү).
2-ыкма – аллотрансплантациялоо (пациентти атайын даярдоодон өткөзүп, донордун кемигиндеги эне клеткаларды чогултуп, пациенттин кан тамырына куюп берүү).
Биздин борбордо азырынча аллотрансплантациялоо операциясы жүргүзүлө элек.

ООРУ ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Оорунун эмнеден келип чыгарлыгы илимге белгисиз. Белгилери: сөөктөр бузулуп (кальций жетишсиздигинен), морт болуп калат. Оорулуу бир нерсеге урунуп алса же жыгылса, сөөктөрү сына баштайт. Сөөктүн бузулушу көңүл айлануу, кусуу, баш оору, эстен тануу сыяктууларга алып келет. Омурткалар чөккөндөн улам жүлүн кысылат. Боорго, бөйрөккө жана башка органдарга да күч келип, иштен чыга баштоо коркунучу жаралат. Иммунитет төмөндөгөндүктөн, адам ар кандай инфекциялык оорулар менен ооруй баштайт. Бул дарттан айыгуу үчүн химиялык жана нур менен дарылоо сунушталат. Андан жардам болбосо, аутотрансплантация операциясы жасалат.

ЛЕЙКЕМИЯГА КЫСКАЧА ТОКТОЛСОК
-Лейкемия – кандын өсүп жетиле элек ак кан денечелеринин (рак клеткалар) кемикте пайда болуп, көп органдарга тарашы. Рак клеткалары көбөйгөндө кемик керектүү сандагы дени сак кан клеткаларды иштеп чыгара албай калат. Жыйынтыгында ак кандуулук келип чыгат.
Оорунун белгилери. Адамдын башы ооруйт, демигет, кежиге артка тартылып, кусат. Мурдунан, тиштин бүйлөлөрүнөн, бөйрөгүнөн, аял болсо жатынынан да кан агат, денесине көгөргөн, кызарган бүдүрчөлөр чыгат. Дене табы көтөрүлүп, тердейт, чыйрыгат. Оозуна, мурдунун ичине, ичегисине, көтөн чучугуна жаралар чыгат.

Кемикти аутотрансплантациялоо кандайча жүргүзүлөт?
Операциянын биринчи этабы. Оорулууга атайын дары колуна, жамбашына 15-20 күн катары менен сайылат. Уколдон кийин кемиктеги эне клеткалар канга чыгат. Ошондо As-Tek, 204 же Com-Tek аппараты оорулуунун венасына туташтырылат. Венадагы кан аппарат аркылуу өтө баштайт. Аппарат кандагы эне клеткаларды 5-6 саатта атайын контейнерге чогултуп берет. Чогулган кан клеткалары гемофриз баштыкчаларына куюлуп, суюк азоттуу аппараттын ичине жайгаштырылат. Андагы температура -1960С градус болот. Муздаган клеткалар суюк азотто бир нече айга чейин сакталып тура берет.
Пациент жакшы болгондо үйүнө чыгарылат. Ушул кезде оорулуунун иммунитети ылдыйга түшүп калган болот. Андыктан башка ооруларга чалдыкпашы зарыл. Убак-убагы менен врачка көрүнүп, анализдерин тапшырып турат.

Операциянын экинчи этабы.
Бир айдан кийин пациент чакырылып, дамамат стерилизация жасалып туруучу палатага жайгашат. Анализдери алынып, текшерүүдөн өткөрүлөт. Операциянын экинчи этабынан 1 күн мурун оорулуунун венасына чоң дозадагы химиялык препарат куюлат. Эртеси өзүнөн алынган эне клеткалар венасына куюлуп, кайтарылып берилет. Бир жумадан кийин баягы чоң дозадагы химиялык препараттын таасиринен лейкоциттер өлөт. 7-10 күн өткөн соң лейкоциттер эне клеткалардан кайрадан пайда боло баштайт, акырындап нормага келет.
Операциядан кийин күнүгө 2-3 жолудан эң керектүү анализдер алынат. Анализдер 1 айга чейин алынып турат. Оорулууга грибокко, вируска каршы дары-дармектер сайылат. Анан 1 ай убакыт өткөн соң иммунитет акырындап калыпка келе баштайт да, эне клеткалар жаңы, керектүү клеткаларды жаратууга өтөт. Оорулуунун абалы жакшырганда ооруканадан чыгарылат. Ай сайын анализдерди тапшырып, ар 3 айда төш сөөгүнүн кемигинен анализ алынып, текшерилип турат. Текшерүү 1-2 жыл ичинде бат-баттан жүргүзүлөт. Анан сейректей баштайт.

ЭКИНЧИ ЫКМАДАГЫ ОПЕРАЦИЯ ҮЧҮН АППАРАТТАР ЖОК
-Бул операцияны жүргүзүү үчүн 500 миң долларлык атайын аппараттарды сатып алып, керектүү дары-дармектер менен камсыз болуу кажет. Медициналык кызматкерлер да атайын окуудан өтүүсү зарыл.
Мындай операциялар чет өлкөдө 300 миң доллардан жогору турат.

«МЕНИ ДАРЫЛАГАН ВРАЧТАРГА РАХМАТ!»
ЖОЛДУБАЙ МЫРЗАПАЯЗОВ, 48 жашта, Бажы кызматынын инспектору, Бишкек шаарынын жашоочусу:
-Оорум билинбей өтүп, алгач башымда май шишик (жировик) жаралды. Онкологиялык поликлиникада миелома экендиги аныкталып, Гематология борборуна жөнөтүштү. Ал жерден мени 3 ай химиялык дарылоодон өткөрүштү. Бирок айыкпадым, анан 2010-жылы январда мага операция жасалды. Ооруканадан 1 айда чыктым. Мына, 3 жыл бою химиялык препараттарды албай жакшы жүрөм. 3 ай сайын анализ тапшырып, 1 укол алып турам. Операциядан 3 ай өткөндө өзүмдү жакшы сезип калгандыктан, ишке чыгып кеттим.

СТАТИСТИКА

  • Аталган борбордо кемикти аутотрансплантациялоо боюнча бүгүнкү күнгө чейин 9 операция (5и миелома оорусу, 4өө курч лейкоз оорусу) жасалды.
  • Кемикти аутотрансплантациялоо операциясы чет өлкөдө 100-150 миң доллар турат. Аталган борбордо болсо, 20-24 миң долларга жетет. Операциялар бюджеттин эсебинен жасалууда.
  • Кыргызстанда учурда кандын рак оорулары менен 360 адам ооруйт. Операцияга кезекте10 пациент турат.
  • 2013-жылы миелома жана курч лейкемия оорусуна чалдыккан 10 адамга операция жасоо пландалууда.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
11.03.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
360 адам айыккандан кийин Аллахтан суранам бул жерге эч кимдин буту баспасын,эч ким оорубасын!!!
11.03.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым ар бир пендени оорудан сактасын!
11.03.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а гемоглабин нормадан жогору болсо эмне болорун билип бере аласынарбы?
11.03.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arno2008, Эгер гемоглабин нормадан жогору болсо гипертензияга(кан басымы жогору) алып келет 40жаштан ашканда. Ошондуктан алдын алыныз.
11.03.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meninda karyndashym ushul ooru mn oorup aiykpai kaza boldu myndai ooru mn echkim oorubasyn myndai kun echkimdin bashyna tushposun kudai saktasyn kyrgyztanybyzda onugup oshol aparattardy alyp kelip kalar
13.03.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай оору эч кимдин башына тушпосун, деги эле адам баласы оорубас болсочу.....Кудай сактасын!
07.06.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С аламатсыздар кечиресинер мен кенеш сурайын деген элем. Бирок кайсыл форум боюнча жазышымды билбедим. Имунитет томондоп кетишинен дагы баш айлануу, коз алды карангылоо,алсыроо болушу мумкунбу? Же болбосо кайсы убакта мындай болушу мумкун? Коп убакыттан озумду алсыз сезем жана ордумдан турсам, башым тегеренип, коз алдым карангылап кетет. Бул эмне себептен болушу мумкун? Эмне кылуум керек?
27.08.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ушул оорууну жек кором
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо