А.Жээнбеков:«ДИНИЙ ЧӨЙРӨГӨ МАМЛЕКЕТ КИЙЛИГИШПЕГЕНИ ҮЧҮН СЕКТАЛАР КӨБӨЙДҮ»

№540 8-14-март, 2013-ж

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. «Коомдун жүрүм-туруму мамлекеттеги диний шартка ылайык өзгөрүп жатат. Конституциянын 7-беренесине ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган. Бирок «диний чөйрөгө мамлекет кийлигишпеши керек» деген саясаттын айынан өлкөдө ар кандай секталар, динди жамынып алып экстремисттик багытка умтулгандар көбөйдү. Көпчүлүк жаштар буга азгырылып кетишүүдө. Ал эми Диний башкармалык бул багытты так тескей албай жатат»,- деди спикер.
Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев спикердин тынчсыздануусун бөлүшпөйт. Анын айтымында, Кыргызстанда имамдар илимдүү болгондуктан, дин тармагы өз нугунда уланууда жана өлкөдөгү диний абал да жаман эмес.
«Дин мамлекеттен ажыратылган» деген жооп менен бизге колдоо көрсөтүлбөсө да, мечиттер менен имамдарды өзүбүз каржылап келе жатабыз. Маселен, Тажикстанда Ислам университетин мамлекет каржылайт. Ал эми бизде андай колдоо жок»,- деди муфтий.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
13.03.2013. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди мамлекетке кошо калып, аяктан да бирдеме өөнөйлү деген оюңар болуп жатабы, кошулуп жүргөндө эле качан жардам берчү элеңер мечиттерге, ансыз деле тымызын кийлигишип коюп жатат дейт ко мамлекеттин чиновниктери!
15.03.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен спикердин айтканына кошулам, динди жабынып жаман иш кылган секталар кобойуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо