-

Быйыл Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эң улуу студенти окуусун бүтөт. Ал
66 ЖАШТАГЫ япониялык Рикио Ямашита экенин аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

-
Өткөн жылы 1200 ЖЕРГИЛИКТҮҮ дарыгер чет өлкөгө чыгып кеткен.
-
2012-жылы өлкөдө 8 МИЛЛИАРД чылымдын даанасы сатылгандыгын ЖКнын депутаты Дастан Бекешев билдирди.
-
КАНЫБЕК НАРБАЕВ Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамагенттиктин директору болуп дайындалды.
-
Борбордогу Улуттук китепканада Wi-Fi акысыз интернет аймагы ишке кирди.
-
Өкмөттүн атайын изилдөөсү боюнча бүгүнкү күндө калктын 1 ПАЙЫЗЫ гана китеп сатып алат.
-
«Өлкө ичинде 300 АДАМ жасалма бөйрөккө муктаж»,- деп Кыргызстандагы неврологдор коомунун президенти Рысбек Калиев билдирди.
-
Беш жылга эркинен ажыратылган экс-министр РАВШАН САБИРОВ 13-март күнү АЧКАЧЫЛЫК жарыялады.
-
«Альфа Телеком» ЖЧКсынын мурдагы башчысы Азамат Мурзалиев ден соолугуна байланыштуу ҮЙ КАМАГЫНА чыгарылды.
-
ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, «Центерра Голд Инк» компаниясынын президенти ЯН АТКИНСОН өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди.
-
Парламентте депутаттар өлкөгө МЕТАДОНДУ киргизүүгө тыюу салууну жана ага тиешелүү мыйзам долбоорду кабыл алууну сунуштоодо.
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.