Өмүрбек Текебаев:«АРЗЫМБАЕВ «АТА МЕКЕНДИН» МҮЧӨСҮ ЭМЕС»

№541 5-21-март, 2013-ж

Өмүрбек Текебаев Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты, «Жин» деген каймана аты бар, жакында эле бирөөнүн бутуна тапанча менен атып ийип колго түшкөн Алтынбек Арзымбаевди «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү эмес» деп билдирди. Анын айтымында, Арзымбаев партияга кирген эмес, депутаттардын тизмесине кошулган. «Ал биздин партиянын мүчөсү эмес жана тизмеге «партиясы жок» деп катталган»,- деди Текебаев.
Бул окуя Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында болгондуктан, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан депутат Алтынбек Арзымбаевге 234-беренесинде каралган “Бейбашчылык” боюнча кылмыш иши ачылгандыгын ИИМдин расмий сайты жазып чыкты.
ИИМдин басма сөз катчысы билдиргендей, 6-март күнү Октябрь ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы Урматбек Дүйшекеевден арыз түшкөн. Анын айтымында, 28-февраль күнү, түнкү саат 11лерде, Бишкек шаарынын Токтоналиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Алтынбек Арзымбаев аны бутка аткан. Ал ошол эле күнү кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалган жана анын жанынан тиешелүү кызмат тарабынан берилген, 9 огу менен пистолет табылган.
Эсиңиздерге сала кетсек, «6-мартта Бишкек шаарында Кара-Көл шаардык кеңешине жаңы эле депутат болуп шайланган Алтынбек Арзымбаев бир ишкерден чоң акча талап кылган. «Разборка» бүткөндөн кийин тапанчасынан ок чыгарган» деген маалыматты Октябрь
РИИББи билдирген эле. Ок жеген адам оор абалда бейтапканага жеткирилген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(5)
18.03.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевди сыйлачубуз,азыр жок!!! мыйзам чыгара беришет депутаттар,бирок бир да мыйзамдын негизинде иш журбойт.ошол эле учурда бирин бири сотко бермей,бирин бирин чукумай,..кыскасы депутаттар кресло учун депутаттыкка барышат.Бир да ачык иштеген алладан корккон башчы жок.Бааарынар К Р ды ондой албайсынар.100%эл ишенбейт.
18.03.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев кол койгонун эмне унутуп калыптырбы, же ЖИН коркутуп койдуруптурбу
18.03.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар эч качан кыргызстанды ондошпойт. талкалышы мумкун.
18.03.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ан учун люстрацияны кабыл алыш керек ошондо жаны бийлик келет.
19.03.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biylike jastar kelis kerek. Alga jastar...!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо