ГАДЖЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

№541 5-21-март, 2013-ж

Акыркы мезгилде бизге мурун тааныш болбогон сөздөр көп кездешчү болду. Алардын бири – гаджет. «Мунусу эмнеси?» дегендер бар. Алар – күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн эле буюмдардын жалпыланган аталышы.
21-кылым – жогорку технологиялардын кылымы экени белгилүү. Буга далил катары компьютерди алсак болот. Ал эми компьютердин өнүгүшүнө байланыштуу ар кандай кошумча каражаттар да пайда боло баштады. Мисалы, флешка, USB кабель, Web камера, наушник сыяктуу нерселер. Мына ушулардын баары гаджет деп аталып жүрөт.
Гаджет – салмагы 300 граммдан ашпаган кичинекей прибор. Француз тилинен которгондо «gachette» – илмек, каамыт (бирдемени бекитүү үчүн колдонула турган шакек сыяктуу нерсе), башкача айтканда, туташтыргыч, байланыштыргыч дегендей маанини берет.
Гаджеттер чектелген гана бир функцияны аткарып, өз алдынча иштей албайт. Адатта, компьютерге же башка техникага туташканда гана иштей алат. Өзүнүн энергия булагына ээ эмес, кайсыга туташса, ошондогу энергияны колдонот.
Бирок азыр ар кандай күлкүлүү же оригиналдуу электрондук буюмдарды да гаджеттер деп атап коюп жүрүшөт. Андайлардын катарын асмандагы жылдыздарды элестеткен түнкү лампалар, эртең менен ойгото турган маалга келгенде үнү катуу чыгып бөлмөнү айланып качкан сааттар да толуктайт.
Андан тышкары телефо­нуңуз­да­гы же компью­те­риңиздеги кошумча функцияны да гаджет (виджет) деп атоого мүмкүн. Мисалы, аба ырайын, валюта курсун көрсөтүүчү атайын программалык тиркеме.


Салтанат Мукасова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(3)
19.03.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гаджет деген мультфилм бар эмес беле
28.06.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En jakshy material eken
26.02.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«gadget» орусчадан которгондо “штучка”, “приспособление” бизче которгондо колдонулучу боюм болотко!! Аларсыз биздин күнүмдүк жашообуз жоктой!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо