2012-жылы өлкөдө биринчи жолу өспүрүмдөрдүн кургак учуктан көз жумуу фактысы катталып, бир жылдын ичинде бул оорудан 4 ӨСПҮРҮМ каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
- Иса Өмүркулов Бишкектин вице-мэри ВяЧЕСЛАВ КРАСИЕНКО баш болгон үч жетекчини ээлеген кызматтарынан бошотту.
- 20-мартта бошотулмакчы болгон САНЖАРБЕК БАКИЕВГЕ мунапыс жоюлуп, абакта калтырылды.
- Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыркы жылы өлкөдө чакан жана орто ишкердүүлүк менен 384 МИҢ ЖАРАН алектенери белгилүү болду.
- Ошто Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАНГА 2011-жылы паспорт даярдап беришкендигин ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
- Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл мектеп окуучулары арасындагы республикалык ОЛИМПИАДА 23-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинде башталат.
- Өлкөдө Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести азиздер үчүн атайын БРАЙЛЬ шрифтинде даярдалууда.
- «2013-жылдын башынан бери Бишкекте мыйзамсыз курулган 18 ИМАРАТ бузулду»,- деп Бишкек мэриясына караштуу Жеке үй куруу департаментинен билдиришти.
- 20-мартта Ак үйдүн чатырында 7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА байланыштуу соттун көчмө жыйыны өтүп, анда чатырдан жердеги адамдарга ок атуу мүмкүндүгү текшерилди.
- Былтыр жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 4593 АБИТУРИЕНТ ЖОЖдорго бюджеттик негизде окууга өткөн.
- Бишкек шаарындагы 5 жашка чейинки балдардын саны учурда 261 МИҢ 662. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg