ЦЕЛЛЮЛИТ КЕТСИН!

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Жаз, андан кийин жай мезгили. Күндүн ысыгында көлдө балыктай туйлап сүзүп жүрсөң... Албетте, келишимдүү келбет менен! Андыктан жайдын камын жазда көрүп, «целлюлит кетсин!» деген ураан астында ишке киришели, айымдар!

ЦЕЛЛЮЛИТТИН БУЛАГЫ
Целлюлит – тери алдындагы май клеткаларынын катмарланып кетиши. Бул дарт менен «мен арыкмын» деген айымдар да жабыркашат. Ар бир нерсенин башаты болгон сыңары, целлюлиттин пайда болушуна бир нече факторлордун таасири тиет:
1. Тукум куучулук
2. Гормондордун бузулушу
3. Туура эмес тамактануу
4. Стресс
5. Аз кыймылдоо
Учурда целлюлитти «апельсиндин кабыгы» деп аташат. Ал көбүнесе жамбашты, жоон санды, курсакты, ийиндерди байырлап келет. Бул дарттан кантип арылууга болот? Албетте, ага карата 5 жол аркылуу «согуш» ачуу менен гана!

КЕКИРТЕКТИ ТЫЙ!
Мага целлюлиттин кереги жок десеңиз, анда эң алгач туура тамактаныңыз. Күнүмдүк керектөөңүздөгү азыктар 1200 килокалориядан ашпашы керек. Эгер целлюлит менен достошкуңуз келбесе, анда күнүмдүк менюңузга төмөнкү азыктарды киргизүүңүз шарт. Бадам, ананас, сууга бышырылган жумуртка, сабиз, петрушка, сүт азыктары (өтө майлуу эмес), балык, болгар калемпири, капуста жеп, суу (күнүнө 1,5 литр) ичип туруу сунушталат. Эң негизгиси, целлюлиттин «достору» болгон төмөнкү азыктарды чеги менен пайдаланыңыз. Алар:

  • Алкоголдук ичимдиктер
  • Колбаса
  • Газдалган суусундуктар
  • Майлуу эт
  • Ышталган жана туздалган азыктар
  • Кофе
  • Туз
  • Кумшекер
  • Фастфуд
  • Шоколад
  • Майонез
  • Сыра
  • Момпосуйлар
  • Банан

СПОРТ, СПОРТ ЖАНА ДАГЫ СПОРТ!
Сууда сүзүү, күнүнө 20 мүнөттөн кем эмес велосипед, лыжа, коньки, ролик тебүү, көп кабаттуу үйлөрдөгү тепкичтер менен чыгып-түшүү – целлюлитке жана ашыкча салмакка каршы эң натыйжалуу курал болуп саналат. Мындан сырткары целлюлитке каршы каражаттар, деңиз балырлары, атайын жыпар жыттуу майлар кошулган ваннада жатуу, контрасттык душ кабыл алуу да целлюлиттин пайда болушуна бөгөт боло алат. Мындай ванна жана душ кандын айланышын жакшыртат.
Ошондой эле каалаган убагыңызда, каалаган жайда, мейли аялдамада, тамак жасап жатканда жасоочу көнүгүүлөр да бар. Мисалы, терең дем алып, аны ичте 1-2 секунда кармап, кайра чыгаруу аркылуу курсактын булчуңдарына көнүгүү жасоого болот.

ПИЛИНГ ЖАСОО,ОРОНУП ТЕРДӨӨ
Алдын ала чопону сууга чылап, маска даярдап алыңыз. Даяр масканы маселе жараткан жерлериңизге сүртүп, катуу мээлей менен сүртүңүз. Же болбосо чопо боткосун денеңизге сүйкөп, атайын тамак, азыктар ороочу плёнка менен ороп, 40 мүнөт жылуу кийинип жүрүңүз. Андан кийин чайканып, целлюлитке каршы кремден сүйкөп коюңуз. Тер аркылуу организмдеги токсиндер сыртка чыгат. Бул процедураны күн алыс жасоо менен целлюлитке каршы тура аласыз.

МАССАЖ+КРЕМ+ГЕЛЬ
Учурда целлюлитке каршы кремдердин, гелдердин түрүнөн көп нерсе жок. Айрымдар ойлошот, «буларды сүйкөсөм эле фигурам
90-60-90 болуп чыга келет го»
деп. Жок, аны сүйкөп коюу менен эч кандай жыйынтыкка ээ боло албайсыз. Аны сүйкөп, массаж жасоо менен гана максатыңызга жетериңизди эске алыңыз. Массаж жасоо аркылуу маселе жараткан жерлериңиздин кан айлануусун жакшырта аласыз. Жакшы натыйжа берсин десеңиз, төмөндөн жогору карай катуу, бирок жагымдуу укалаңыз. Бүгүнкү күндө массаж жасоочу ар кандай аппараттын түрлөрү бар. Эң натыйжалуусу жана ден соолукка зыяны жок болуп кол менен жасалган массаж эсептелерин эске алып, атайын адистерге кайрылганыңыз оң.

МААНАЙ ДАЙЫМ БЕШ БОЛСУН!
Стресс – целлюлиттин пайда болуу булактарынын бири экени сизди таң калтырдыбы? Чынында, ошондой. Стресс организмге жана адамдын ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет. Ал чачтын түшүшү, теринин бузулушу, дем алуу, тамак сиңирүү, жүрөк, кан тамыр системдеринин иштешинин начарлашы сыяктуу бир нече дарттарды өзүнө чакырат. Албетте, бул дарттардын баары биригип келип целлюлитти пайда кылат. Андыктан жан дүйнөңүздөн стрессти айдап чыгып, жаркын маанайда, сергек жүрүүнү адатка айлантыңыз.

Дарыгерлерге, диетологдорго атайын диета түздүрүп, жогоруда айтылган ыкмалардын баарын колдонгонуңузда гана денедеги «апельсин кабыгынан» толук арыла аласыз. Андыктан денеңизге мындай «кечелерди» күн сайын өткөрүүгө бел байлаңыз.

КЕЛБЕТИҢИЗГЕ КАНТИП КАМ КӨРӨСҮЗ?

Саламат Садыкова:«КЕЛБЕТИМДИН СЫРЫ – БАЛ ААРЫДА»
– Мен табигый нерселерди баалагандыктанбы, учурдагы жасалма сулуулукту камсыздоочу каражаттарды, ботокс, татуаж дегендерди жактыра бербейм. Өткөндө кашыма татуаж жасатсамбы деп ойлонуп, кайра ал оюмдан кайттым. Келбет сактоодогу сырым, бал аарынын кандай продукциясы болбосун колдоном. 20 жылдан ашып калды, дайыма эртең менен ачкарын 1 чыны жылуу сууга 1 чай кашык бал кошуп ичем. Кээде гана эки тоголок жаңгак же бир кесим кара нанга сары майдан сүйкөп жегеним болбосо, түшкө чейин эч нерсе жебейм. Калган учурда эл катары эле тамактанам, бирок чеги менен.

 

Орозгүл Токторбаева:«ӨТӨ АРЫК БОЛУУГА АРАКЕТТЕНБЕЙМ»
– «Казанда болсо чөмүчкө чыгат» дегендей, табигат тартуулаган ден соолук, келбетке кам көрүп турбасаң, жыл өткөн сайын өз сынын жогото тургандыгы жаратылыштын мыйзамы. Сүйүнгөнүм, кыргыз болуп төрөлгөнүм. Европа аялдары биздин жылмакай, тырсыйган бетибизге суктанышат. Бала чактан тоонун салкын желине бирде туурулуп, бирде жарылып, жумшак күн нуру сиңген бетиме эч кандай солярийдин деле кереги жок. Диета да кармабайм. Менин конституциям ушундай. Урук-тууганымда «майда» кишилер жок. Ошол үчүн өтө арык болууга аракет деле кылбайм. Калп эле 90-60-90 дегендин эмне кереги бар, туурабы?

 

Гүлзат Байзакова:«ТОРТТОН БАШ ТАРТКАМ»
– Албетте, сахна адамы болгондон кийин келбетиңе кам көрүшүң керек. Мисалы, мен формамды сактоо үчүн тамак-ашты чеги менен жегенге, ун азыктарын көп пайдаланбаганга аракеттенем. Торттон баш тартканыма көп болду. Жаш кезимде алыстыкка чуркачумун жана волейбол ойночумун. Ошонун таасириби, айтор, төрөттөн кийин деле толгон жокмун. Толук же арык болууга ген да таасир этет. Бир туугандарымдын көпчүлүгү толук. Мен атамды тартып калсам керек. Анткени атам арыкчырай киши.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
01.04.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала эмгизгендерге кандай арыктаса болот ?
06.04.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INDIRA_89, Балан эмчектен чыккандан кийин диета кармап арыктайсын,азыр болбойт!
02.04.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм... дагы арыкташ керек эле. 10 кун массаж алып, диета кармап аран 8 килону ыргыттым. Мага Саламат эженин ыкмасы жакты.
03.04.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EEEEEEEEEEEEEEiiii ei kyrgzymdyn kyzdary
05.04.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен диета кармаймын дегениме коп эле болду эч эле озумду кыйнагым келбейт бирок озунду карап жургонго эмне жетсин
06.04.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала эмгизгендер,жер жемиштерди коп жесен балана витамин да озуно да жакшы бт. диета кармасан балан арык бп калат кармабай эле кой,
06.04.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабизди теркадан откоруп бир стакан сутко кошуп ичсенер кунуго бала эмгизгендер
21.05.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уф арыкташ азап болдуго ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо