ОШТОН КҮНҮНӨ 700 МЕТР КУБ ТАШТАНДЫ ЧЫГАТ...

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

  • Жалал-Абадда аскер жигит өзүн-өзү атып алып КАЗА БОЛГОНДУГУН Коргоо министрлиги кабарлады.
  • Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 2012-жылы жаңы төрөлгөндө КӨЧӨГӨ ТАШТАЛГАН 139 ЫМЫРКАЙ табылгандыгын билдирет.
  • Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин айтымында, учурда Кыргызстан менен Кытай жер семирткич чыгаруучу ЗАВОД КУРУУ жөнүндө сүйлөшүүдө.
  • Бир күндө Ош шаарынан 700 МЕТР КУБ таштанды чыгарылат. Бул маалыматты аталган шаардын «Тазалык» ишканасынын башчысы Шайлообек Азатов айтты.
  • Борбордук Африка өлкөсүнүн президенти ФРАНСУА БОЗИЗЕ 23-мартта өлкөсүнөн качып кетти.
  • 25-мартта экс-муфтий ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУН жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн Бишкек шаардык соту канааттандырды.
  • Бишкекте 6-апрелде «ШААРДЫН ЖОЛДОРУН ӨЗҮБҮЗ БОЁЙБУЗ» аттуу акция болот. Аталган акцияда борбор шаардагы жолдордун жөө адамдар кесип өтүүчү жерлери боёлот.
  • «Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө Орусиянын 41 ЖАРАНЫ ОТУРАТ» деп акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
  • БОЛОТ ТОКСОБАЕВ өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
  • 2012-жылы өндүрүштө иштеген 112 АДАМ ИШ УЧУРУНДА ЖАРАКАТ АЛЫП, алардын 36сы каза болгон. Мындай маалыматты Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кабарлады.
  • УКМКнын мурдагы жетекчиси КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ 2013-2015-жылдар аралыгында ШКУнун башкы катчысынын орун басары кызматына келди. Анын талапкерлигин ШКУга мүчө мамлекеттер жактырышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо