«ЭМЧИ-ДОМЧУГА ИШЕНИП, ИЧИ ИРИҢДЕП КЕТКЕН»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Эмчи-домчуга ишенип, ичин ириңге толтуруп алган айымды хирургдар эптеп аман алып калышты. Ага операция жасаган Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун Клиникалык ординатура бөлүмүнүн жетекчиси Нарынбек Талипов мен барганда пациенттерге кайра таңуу жүргүзгөнү жатыптыр. Чепчик, халат, бутка бахила кийип, кошо кирдим.

Оорулуу Зууранын (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) жашы 48де, бишкектик.
Зуура айымдын курсагындагы таңуусун алганда көзгө дароо абдан чоң кесилген жери жана ал жерден көрүнгөн чаар ала ичегилери болду. Нарынбек мырза (сүрөттө) таңуу жүргүзүү менен оорулуунун тарыхын баяндады.

– Бул айымдын диагнозу: курсак көңдөйүнөн жарылган абсцесс. Тарап кеткен анаэробдук, клостридиалык эмес флегмона, сепсис.
Бир жыл мурун Бишкектен УЗИге түшсө, «ичиңде барсылдак бар. Дарылануу, болбосо операция жасатып алдыруу керек» деп айтышат. Бирок врачтарга кайрылбай, Жумгалдагы бир табыпка барган. Ал 1 ай уу коргошун ичирген. Оорусу акыры күчөп, чыдатпагандан Жумгалдагы ооруканага барууга аргасыз болот. Ал жерден союп көрүшөт. Ачканда эле ичинен 1,5 литрдей ириң куюлуп, токтобой коёт. Алар коркушуп, шашылыш Бишкекке жиберишет. Жыйынтыгында ага операция жасалды. Ичинен дагы 1,5 литрден көбүрөөк ириң чыкты. Көрсө, ичиндеги барсылдак (киста) жарылып, ошондон улам ириңдеп кетиптир.
Ириң тепкен жерлердеги майы, эти чирип баштаптыр. Ал жерлерди кесип салууга туура келди. Дагы 1-2 күн болгондо аман калмак эмес. Азырынча күн сайын кайра таңуу жүргүзүлүүдө. Ириң чыгыш үчүн кесилген жерден ылдый бир тилик жүргүздүк. Дагы 15 күндөй жатып, тыңыганда үйүнө чыгарабыз. Эс алып, гемоглобинин көтөрүп келген соң операциянын экинчи этабын жасайбыз.

Буларды угуп, Зуура айымга суроо узаттым.

– Жумгалдагы табыпка кандайча барып калдыңыз, ал айыктырам деди беле?
– Жакындарымдын кээ бири «бычак тийгизбеш керек» дешкенинен улам табыпка тааныштарым аркылуу баргам. Табыптын атын айтпай эле коёюнчу. Дарылап айыктырам деген болчу. Аягы минтип кетерин билсем,
табыпка таптакыр бармак эмесмин.

– Азыр абалыңыз кандай? Таңуу жүргүзүү маалында ооруткан жокпу? Айтор, үн чыгарбай тим жаттыңыз...
– Ушул оорунун айынан абдан кыйналып, азап чектим. Өзүмө-өзүм кылып алдым. Анан таңып жатканда айласыз чыдайсың да, аман калганыңа шүгүр кылып. Дарыгерлерге рахмат, ажал оозунан сууруп чыгышты. Азыр абалым бир топ жакшы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(26)
01.04.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах Тъаала шыфаа берсин!!!
01.04.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфф,журок ооруйт го.кудай озун сакта ар пенде аман-эсен болсунчу.жакшы болуп кетиниз эжеке.
01.04.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабатсыздыктын айынан болуп жатбайбы . Каза болгондо врачтарга кандай соз айтылмак , жакшы болуп кетиниз !!!
01.04.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кетиниз кудай озу сактасын мындай оорулардан
01.04.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып журогум ооруп кети, жакшы болуп кетиниз.
01.04.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаа берсин,бубу -бакшыга барбагыла куноо деген создун далили болду окшойт.....
01.04.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу биз кыргыздар болбой отушуп кеткенде гана доктурга бараткенбизда,ага чейин кыргызчылык,ысырык кылып журо беребиз)
01.04.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже деле билбесе керек да ичи ириндеп кеткенин, Жараткан шыпаа кылып тезирээк сакайып кетиниз.
02.04.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бардык нерсеге кадыр зат. Ден-соолук берсин.
02.04.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баш иштебесе колу бутка ичке,еле кыйын.
02.04.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай онуккон заманда врачка кайрылбай, табыпка ишенгени тан калтырат!
02.04.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы жакшы кеч болсо да улгуруп калышыптыр , эми кудай шыпаасын берсин
03.04.2013. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооругандан аябай корком бардык адамдар оорубай эле койсунчу. жакшы болуп кетиниз
03.04.2013. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оору да озунчо бир сыноо
03.04.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым таш боор оорулардан озу сактасын! Эч бир адам баласы оорубаса экен!
04.04.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобооо.. аябай эле чыдамкай аял экен, ириндеген каандай оотутат температура берет акчасын кызганып жата бергенда бир болсо
04.04.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tezireek sakaiyp ketiniz, Allahymdan wypaa bolsun,oidodo sabatsyzdyktyn aiynan dep tuura jazylgan,azyr zamanybyz onygyp tehnologianyn jany jany muundary 4ygyp jatkanda, kap4ykty ayabastan tezireek darygerlerge kairylalyk, kiin ke4 bolup kalsa ayagan ak4abyzdan kop ese 4ygyp koiuwu mymkyn, Baarynyzdar den soolukta bolup, ooru emne ekenin bilbei jawaily!Aman bolgula , Bar bolgula.Jaraatynyz tezireek aiygyp , ui byloonyzdyn kataryna kowulunuz!
04.04.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым озу ар бир пендесин ушундай оорулардан жаман нерселерден сактасын!окуп алып аябай жаман блдум,Эже алла шыпаасын берсин эртерээк айыгып кетиниз!Орустар оорубайын, кыргыздар олбойун деп барат ооруканага дешкен чын да!
05.04.2013. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин.
05.04.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин. Эч ким ооруубасын коруп алып жаман болуп жатам
07.04.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаа берсин!бакшыга баруу ишенуу Аллага шек келтиргендик.Аллахым кечиримдуу зат шыпаа берсин балдарыныздын кунун корун
07.04.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооруканага орустар ооруп калбайын деп барса.кыргыздар олуп калбайын деп барат деген акыйкат да!
07.04.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батыраак айыгып кетиниз.
22.04.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолукта болунуз!
04.06.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу колдосун жакшы болуп калыныз.
19.01.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезирээк сакайып кетиниз,Алла Таала сизге узун омур берсин,ден соолукта болунуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо