«САБИЗ САЛАТ ЖЕЙМ ДЕП ООРУКАНАГА ТҮШКӨНДӨР КӨБӨЙДҮ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

«Сабиз салаттын айынан операция болуп жатышыптыр...» Бул кабар мени Улуттук хирургия борборунун Боор хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Асанбек Сыдыгалиевге кездешип, баарлашуума түрткү болду.

– Сабиз салат жеп, операцияга түшүп жаткандары чын. Жадакалса мурдагы жылдардан көбүрөөк түшүүдө дейт элем. Аптасына жок дегенде бир же экөө сөзсүз түшөт. Себеби эмнеде? Себеби эң жөнөкөй. Сабиз салатты чайнап жебей, шашкандан же тиши жоктон бүкүлү же бир-эки күрмөп эле жутуп койгондон. Арактын артынан закуске кылып түшкөндөр да бар.
Анткени чайналбай жутулган сабиз ашказанда аш болбойт, сиңбейт. Ичегиге өтүп, бир жерде түйдөктөлүп чогулуп калат. Ичегидегилер нары өтпөй туруп калуудан ич катуу бурап ооруп, көөп, заң чыкпайт. Убакыт өткөн сайын ичегинин жанагы жери сезгенип, ириңдей баштайт. Оорулуу мында да ооруканага келбесе, акырында жарылат.
Сабиз аш болсун үчүн жок дегенде 15-20 жолу чайноо кажет.
Мисалы, өткөн аптада биздин бөлүмгө экөө келип түшкөн. Бири 17 жаштагы бишкектик жигит. Үйүнө ачка келип, шашып-бушуп сабиз салат жеген экен, жыйынтыгы операцияга жеткирди. Ичегисин кесип, топтолуп калган сабиздерди алып чыктык.
Экинчиси 44 жаштагы киши, ал да бишкектик. Байкуш тиши жоктон сабиз салатты эптеп чайнамыш этип жутуптур. Мунун ичегисинде сабиздер ашказанына жакын жерде топтолуп калгандыктан, операцияда сабиздерди кайра ашказанга сыдырып салдык. Ошол жерден калган-катканы араң аш болуп кетет. Ичегисин кескен жокпуз.
Дагы айтчу нерсе, тиши жок чал-кемпирлер, жаштар деле алманы же эттин чарым, тарамышын кесек бойдон жутуп жиберип түшүшөт. Кесек жутулган нерсе, жогоруда айткандай, ашказанда аш болбой ичегиге өтүп, бир жерине туруп калат. Мында деле операция жолу менен алып чыгабыз. Андыктан кемпир-чалдарга, жаштарга деле тиштери түшсө, протез тиш салдырууну сунуштайм. Тамакты чайнап жебесе, ашказанга да күч келип, оорулар жаралат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
01.04.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки чайнап, 1 жутсак ушуга барабыз да.
01.04.2013. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык го
01.04.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Как раз, сабиз салат апкелип жегем.. Уу кошуп же ачыгандарын сатып атышат го депмин.. Остаткасы калдыле майда чайнап жебесем:p
01.04.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да кечээ жасап жеп алып оорудум,уксус коп кошуп алыпмын деп ойлогом,значит коп чайнаш к.к экен даа ))) рахмат
02.04.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билгенден биле элегибиз коп экен а тообаа
02.04.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кокуй жалмап жей койуп,синбей калганын карасан ашказанда заманына жараша однаразовый болувататко,
ушинтип тиги чон курсактардын ашказаны оорубайбы десен баары жокту жутуп бутушту куландай былкылдашат
02.04.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim сиздин создорунуз дайым боорду эзетда,тимеле туздуу создорду терип жазасынар
02.04.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы сабиз салаттын жээгенден кийин ашказаным ооруйт.корсо копко чейин чайнашы керек экенда))))))))))
04.04.2013. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как тэгирмендей иштейт...
05.04.2013. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeginer gelse mayda tuuragan tuuragichtan otkorsonor jakshi jelet,jana ani may tuz,bir az limon koshup ezish gerek oshondo jumsharat,bazardagilar tuuragichtan otkorgondon giyin jumshartbay ele sous,tatimdarin koshup salat anan elder ani chaynay alishbay kiynalat.
15.04.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягыда мен да озуму жаман сезип отравление болгомго десем, корсо мен да олтургон екенмин да
06.03.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер учун рахмат супер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо