ТЫРМАККА СҮРӨТ ТАРТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Ар бир айым колдорунун жана манжаларынын сулуу, көрктүү болушун каалайт. Ал үчүн маникюр кызматын көрсөтүүчү салондор да бар. Ал эми үй шартында колго кам көрүп, тырмак боёону үйрөнгүңүз келсе, төмөндү карай көз жүгүртүңүз.

ТАРЫХЫ
Тырмакка сүрөт тартуу искусствосунун (Nail Art) келип чыгышына индиялык айымдардын колдоруна тарткан сүрөттөрү негиз болгон. Ал эми тырмакты узун кылып өстүрүп, ага гүлдүн сүрөтүн тарткан алгачкылар – япониялык гейшалар. Тырмактын узун болушу көрк тартуулаарын кытай кыздары да манжаларына узун, учтуу темирлерди кийип бийлөө менен тастыктап келишкен. Тырмак боёктун (лактын) келип чыгышы тырмакка ар түрдүү сүрөттөрдү тартууга мүмкүнчүлүк берди.

ТЫРМАКТАРДЫ ДАЯРДОО
1. Алгач колду жылуу сууга малып, 5-10 мүнөт кармоо керек. Бул тырмактын тегерегиндеги терини жумшартуу үчүн жасалат.
2. Эми жаргак терилерди атайын кескич менен этият кесип салыңыз.
3. Өгөөнүн жардамы менен тырмактар формага келтирилет. Сиздин тырмактар боёп, сүрөт тартууга толугу менен даяр болду.

СУУ МЕНЕН
1 Cуу куюлган идишке 2-3 түстөгү лакты биринин үстүнө экинчисин тамызып, тиш чукугуч менен сызыкча жүргүзүңүз.

2 Эми тырмактарды суудагы сүрөттүн үстүнө тийгизип, кайра этияттык менен суудан чыгарыңыз.

3 Тырмактын тегерегиндеги ашыкча лакты кетирүү үчүн кебезди ацетонго малып, тазалап, үстүнөн бекемдөөчү (түзсүз) лак сүйкөңүз.

ГЕЗИТ МЕНЕН
1 Алгач тырмакты негиз боло турган лак менен боёо керек.

2 Анан идишке куюлган спиртке боёлгон манжаны 5 секунд малып кармап, чыгарар замат гезиттин барагын тырмактын үстүнө жабыштырып, 10 секунд кармаңыз.

3 Баракты этияттап сыйрып, үстүнөн бекемдөөчү лак менен боёп коюңуз. Ашыкча боёктор ацетонго малынган кебез менен тазаланат.

ГУБКА МЕНЕН
1 Нымдалган губканы ак түстөгү лакка малып алыңыз.

2 Аны боёлгон тырмактын учуна абайлап басуу керек.

3 Акырында бекемдөөчү лак менен боёлот.

ИЙНЕ МЕНЕН
Төмөндөгү схемаларды пайдаланып, тырмагыңызга ийне менен эки түрдүү сүрөт тартсаңыз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(21)
01.04.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат!рахмат!
01.04.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалыматка рахмат.Коптон бери кызык эле мага дагы жазсанар.
01.04.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы тырмактын корунушу бул-кыска,таза жана боёлбогон тырмак!
01.04.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суу менен сурот тартууда алгач колго крем суйкоп алса, колдун терисинен тырмак боегу (лак) оной кетет
01.04.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат.жакшы маалымат.Ийне менен жасалганын эле билчумун.
01.04.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жакшы кором маникюрду! Жакты рахмат!
01.04.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rakhmat maga kerek bolup jaty ele
01.04.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
магада жакты бирок,намаз окугандар тырмак бое,денеге сурот тартуу дегенден алыс болуш керекенго,ошого мумкунчулугум чект елууудааа
07.04.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, мумкунчулук чектелуу деп кайгырбаныз! Боелбогон, кыска таза тырмака эч бири жетбейт шариат боюнча да медицина боюнчада!!!
02.04.2013. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birinchi surottogugo koshumchalai geteyin , barmagindin tegeregin skoch je lenta menen baylaysin tirmaka onoy tushurush uchun.ani asseton menen tazalap oturbay .
02.04.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу гейшахандардын таппаганы жок экен да ,илибой жакшы нерсени ушулар ойлоп тапканго экспериментчилер
04.04.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага губка колдонгон ыкма аябай жакты сонун корунуп калат экен
05.04.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле олло кызыгам
05.04.2013. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты магада губка колдонгону айрыкча. Рахмат супер инфо.
05.04.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото узун тырмак эч качан жакшы корунбойт
05.04.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен гезит менен, суу менен, ийне менен да жасап кордум. Гезитти аппакай лакка жасаса жакшы болот экен. Азыр да ошонтип боеп журом тырмактарымды. Эмкиде губканы колдонуп корбосом...
04.05.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saya4ka, Мен губка менен кылдым сонун болот экен
17.04.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен,рахмат. Жаз келип тырмакка кам корууго убакыт келди!
29.07.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аи соонун экен, озгочо колду идишке малып боегон
20.02.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен
20.02.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун маалымат экен рахмат супер инфо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо