Өмүрбек Текебаев: «МИКРОКАРЖЫЛЫК УЮМДАР ДЫЙКАНДАРДЫН ТЕРИСИН СЫЙРУУДА»

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Ар кандай митингдер караламан калкты кызыктырбашы мүмкүн, бирок бул мыйзам долбоору эч бирөөнү кайдигер калтырбайт. Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитети Өмүрбек Текебаев сунуштаган «Сүткорлук ишке чек коюу тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Эми бул мыйзам ЖКнын пленардык жыйынында каралат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, Өмүрбек Текебаевдин максаты карапайым калкка өтө жогорку үстөк пайыз менен насыя берип, элди акыркы мал-мүлкүнөн ажыратып жаткан сүткорлордун үстөк пайыздарын азайтуу. «Микрокаржылык уюмдар биздин дыйкандардын терисин сыйрууда» деген эле парламентарий, бул мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча өткөн тегерек столдо. «Мамлекеттик органдар ишкерлердин бул категориясын көзөмөлдөбөй жатат. Алар үстөк пайызды күнүнө кошушат. Ушундай жол менен насыянын жылдык кошумча пайызы 60тан 365 пайызга жетип калууда. Орто эсеп менен алганда, банктан алган насыядан 20 эсе чоң болуп калат» дейт ал.
Эл өкүлүнүн көздөгөнү каржы-кредиттик мекемелердин, күрөөканалардын жана сүткордук менен алектенген адамдардын үстөк пайыздарын алар каалагандай эмес, Улуттук банк реалдуу негизде бекитиши керек. УБ бекиткен орто эсептеги пайыздык ставкага жогоруда аталган мекемелер 1 пайыз кошо алат. Ал эми УБнын расмий сайтында орто эсептеги пайыздык ставка жарыяланып турат. Демек, андан каалаган жарандардын баары кабардар болуп, микрокаржылык компаниялардан ошонун негизиндеги пайыздык үстөктү талап кыла алышат. Эске салып өтсөк, Кыргызстанда азыр 197 кредиттик союз жана 320 микрокаржылык компаниялар бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
09.04.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан туура чечим
09.04.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
микрокредиттерди жоготуш керек пайдасынан зыяны коп, процентинен пениясы коп. айылда ар бир экинчи адамда кредит. ошонун айынан баары банкрот
09.04.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштете алышпаса эмнеге алышат, же микрокредиттик компаниялар ар бир уйдун эшигин кагып зордоп берип жатышыптырбы,элдин камын ойлошпой эле коюшсун,эл бийликсиз эле оздорун багып жатышат.Азыр эл бай бизде а мамлекет итке минип калды десе болчудай ар кимиси ар жактан чоюп жатышып.Чондор элдердин ырыскысын жешип жыргал жашоого карк болуп журушот да чалчакташып жана эл багып жатат...
09.04.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынындале,карапайым эл кредит алып аны пайызы коптугунон толой албай,уй-мулкун алдырып койгондор толуп жатат,анан орусияны коздой агылып жатышат кредиттен кутулуу учунОмурбек акабиздин чечими туураго дейм менимче))))
09.04.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин финансылык билими жана тажрыйбасы жок бөлүгү акчаны алып алат да берсе..Берген адам аны изилдей билиши керек. Ал элдин кыйналышы кредит берген компанияга деле пайдасы жок..Аны билгенде бербейт болчук дешсе керек, же жакшы болду үйүн алып койдук дейби?? Демек эки жак тең күнөөлүү..Жаш балага ширенке берген адам күнөөлүү болобу же өрт чыгып кетсе жаш бала күнөөлү
09.04.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ага чеин билбеген нерсени айтып коюу, бул - ар бир үйдүн эшигин каккылап бергендей эле болуп калат..
17.04.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде мыйзам кабыл алышат да анан иштебейт ал,негизи азыркы эн чон койгой ушул нерсе. Канча эл уйун корбой чет жакта иштеп журушот.Мындан кандай чыгыбыз белгисиз азырынча убакыт корсот эми. Эн башкысы мыйзам иштесе гана бизде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо