ЖАПЫЗ ӨСЧҮ ЖЕМИШ БАКТАРЫ

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Акыркы учурда жапыз өсчү жемиш бактарын өстүрүүгө кызыккандардын саны өсүүдө. Анткени алар башка бактарга салыштырмалуу отургузгандан 2 жылдан соң түшүм бере баштайт. Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган ушундай бактарга иликтөө жүргүзүп көрөлү.

КЫРГЫЗСТАНГА КАЙДАН КЕЛГЕН?
Бийик эмес мөмө-жемиш бактарынын сортторун чыгаруу иштери алгач Англиядагы Чизвик аймагындагы багбандар тарабынан 1875-жылы башталган. Кийин жапыз деп эсептелген жемиш бактардын көчөттөрүн Р.Г.Хеттон аттуу окумуштуу 1912-жылы Ист-Моллинг селекциялык станциясында тиккен. Хеттон көп жылдык эмгектин аркасында аларды топторго бөлүп, кыйыштыруу жолу менен жаңы көчөттөрдү алуу иштерин уланткан.
1921-жылы алманын кыюу асты (подвой – же уруктан, же тамырдан өсүп чыккан көчөт) жаңы түрлөрү алынган. Мында ММ-101ден ММ-115ке чейинки тамырлардын үлгүлөрү пайда болгон. Аларды көбөйтүү, кыйыштыруу жолу уланып, 1962-жылы ММ-106, М-9 деген үлгүлөрү дүйнөгө таратылган. Анткени бул сорттор суук аба ырайына да чыдамдуу келген. Кыргызстандагы жапыз өсчү алмалар мына ушул М-9 үлгүсүндөгү тамырдан, ал эми алмуруттар А-6 үлгүсүндөгү тамырдан өстүрүлүүдө.

БАГУУ
Топурак семиз болсо, жакшы өсөт. Агротехникалык ыкмаларды колдонуп, жер семирткичтерди берип туруу зарыл. Тамыры терең эмес болгондуктан, сууну үзбөш керек. Азыктандыруу үчүн азот (дарактын өсүшүнө), калий (сөңгөгүнүн катуу болушуна) жана фосфор (эртерээк түшүм беришине) берилет. Бир чарчы метрге 20 грамм азот, 12 грамм калий жана 20 грамм фосфор керектелет. Эгер бул минералдык семирткичтерди табууга мүмкүн болбосо, 3-4 килограмм кык жарайт.

КАНЧА ТҮШҮМ БЕРЕТ?
Бир түбүнүн мөмөсү алгач 3-4 килограммдан башталат да, 7-8 жылда жакшы багылса 30-40 килограммга чейин мөмө бере алат. Мөмөсү бою орто жана бийик мөмө-жемиш бактарына караганда чоңураак келет.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Бийиктиги 2-2,5 метрди гана түзгөндүктөн дарылоо, кыйыштырууда кыйынчылык жаратпайт.
  • Эрте түшүм бере баштайт. Тигилгенден кийин 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт.
  • Түшүм жыйноодо бийик мөмө дарактарына караганда убакытты үнөмдөйт.
  • Аянтты үнөмдөйт. Бир бак үчүн 3,75 (2,5х1,5) чарчы метр аянт жетет.

КЕМЧИЛИКТЕРИ:

  • Көбүрөөк эмгекти талап кылат. Керме зым тартуу зарыл. Себеби мөмөсү жыш болсо бутактар сынып, сугарганда бак жыгылып калат.
  • Өтө катуу суукка чыдамы жок. Кыштын күнү кар жок кезде суукка үшүп калышы мүмкүн.
  • Жашоосу кыска, 15-20 жылдай гана жашайт.

«БАЗАРДА АЛДАШАТ...»
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин токой чарбасы боюнча кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты КУБАНЫЧБЕК ТУРГУНБАЕВ жапыз өсчү мөмө-жемиш дарагын кантип тандоо керектигине кеңеш берет:

  • Базардан албаңыз. Үйүнө барып ошол өстүрүлгөн көчөттөрүн көрүп, анан алыңыз. Себеби орто бийиктиктегилерди да бою жапыз деп сата беришет.
  • Эгер базардан эле алам десеңиз, тамырына көңүл буруңуз. Тамыры чачы жана кыска болот. Орто бийиктиктегилердин да тамыры чачы болгондуктан, адашып калышыңыз мүмкүн. Бирок орто бийиктиктегилердин тамыры бир аз чоңураак келет. Ал эми бийик өсүүчүлөрдүн тамыры узун болот.
  • Экинчи көчөттүн бутагын, тактап айтканда, тамырдан өйдө жагын караңыз. Ал жерде бүчүр кошулган изи болот. Себеби бою жапыз көчөттөр тамырга бүчүр байлоо жолу менен алынат.
  • Биздин өлкөдө жапыз бойлуу түрлөрдөн болгону уруктуулардыкы (алма жана алмурут) гана бар. Ал эми данектүүлөрдүкү (өрүк, гилас) бизде гана эмес, Орто Азияда жок. Андыктан биздин базарларда сатылып жаткан гилас (черешня), өрүк дегендер бою жапыздар эмес. Анткени данектүүлөрдүн тамыры азырынча келе элек. Бирок Орусиядагы Крым тажрыйбалык-селекциялык станциясында чыгарылган. Алар данектүүлөрдү келишимге ылайык АКШ жана Голландияга гана сатышат. Биз сатып алалы деп сураганыбызда сатпастыгын билдиришкен.
  • Кыргызстанда бою кыска жемиш бактарын жакшы колдонбой келатышат. Буга себеп, биздин окумуштуулар, илимий изилдөө институттары иш алып барбай жаткандыгынан болууда. Мамлекет ушул жагына каралашса жакшы болор эле. Анткени эгин айдаганга караганда мөмө-жемиш бактарынан пайда көбүрөөк түшөт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
22.04.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базардан алган кооптуурак экен да, андан башка кимден жана каяктан алсак болот жазып койсонуздар сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо