«ЖАШОО СҮРТҮМДӨРҮ»

№546 19-25-апрель, 2013-ж

ТАСМА ТУУРАЛУУ
Тарткан өлкө – Түркия
Сценарийин жазган – Алфан Дикмен, Башак Ангигюн
Режиссёру – Cем Табак
Жанры – Драма, комедия
Башкы ролдордо – Эмре Алтуг (Кенан), Рожда Демирер (Седеф), Ахмет Курал (Метин), Замире Зейнап (Айнур), Еве Караман (Кенандын уулу) жана башкалар
Тартылган жылы – 2010-2012-жылдар

БАШ СӨЗ ОРДУНА
Бул жолу түрк тасмасына, тагыраак айтканда, кыргыз телеканалдарынын биринде жүрүп жаткан «Жашоо сүртүмдөрүнө» токтолууну чечтик. Сериал «тасмадагы окуялар ойдон чыгарылган» деп башталганына карабай, бүгүнкү күндө кары-жаштын көңүл чордонун ээлеп жатканы талашсыз. Тасманы кыргыз тилине которгон «Дөөлөт» котормо студиясынын башкы редактору Орозбек Мусакеевдин айтуусунда, бул телесериал Түркия элчилиги тарабынан кыргыз тилине которууга сунушталган. Башка тилдерге которулган эмес.
Бул тасманы алгач көргөн көрүүчү «эмне деген тасма? Каармандар обу жок немелер го?..» деп ойлошу мүмкүн. Чынында, каармандардын ар бир маеги, жоруктары адамга күлкү тартуулайт. Тереңдеп көргөн көрүүчүгө ошол күлкүнүн ары жагында турмушта кездешчү маанилүү маселелер жатканы белгилүү болот.

СТАМБУЛ КЕНАНГА БАКЫТ ТАРТУУЛАЙБЫ?
Сүйүү, көрө албастык, атаандашуу, элдин өйдө-төмөн болгон социалдык турмушу сүрөттөлгөн бул тасма Кенан менен уулу Юсуфтун Стамбулга келиши, аларды Кенандын бир кезде колледжде чогуу окуган классташы, сүйгөнү Седефтин тосуп алышы менен башталат. Үй-бүлөлүү, бир кыздуу болгонуна карабай Седефтин кайрадан Кенанга болгон сүйүүсү тутанат.
Стамбулга бакыт издеп келген ата-баланы, албетте, бир топ кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр күтүп турган болот. Кайнежеси Гонжа да аны жакшы кабыл албайт. Ал «сиңдимдин өлүмүнө сен күнөөлүүсүң! Сен айтсаң ал өлбөйт эле...» деп күйөө баласын күнөөлөгөнүн токтотпойт. Окурманда «неге?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени доктурлар Гонжа менен сиңдиси, Кенандын келинчеги Бахарга «силерге төрөгөнгө болбойт» деп диагноз коюп беришкен эле. Бирок Бахар алардын сөзүн укпай, балалуу болууну чечет. Тилекке каршы, төрөт учурунда Бахар каза таап, Кенан тырмактай уулу менен жалгыз калат. Убакыттын өтүшү менен жээни Юсуфту эч нерседен кем кылбай өстүрүп жаткан күйөө баласына ыраазы болгон Гонжа ага жакшы мамиле жасоого өтөт.
Уулунун туулган күнүнө таттуу алганы кирген Кенан дүкөндө иштеген Зейнептин жүрөгүнө чок салат. Бул сүйүүсү үчүн Кенан кесиптеши Метин менен араздашууга чейин барат. Анткени Метин да Зейнепти сыртынан жактырып жүргөн мырзалардын катарында эле.

ТАСМА КАНДАЙЧА АЯКТАЙТ?
Албетте, ар бир көрөрман үчүн каармандын алдыдагы жашоосу кызык болсо керек. Чынында, тасма кантип аяктайт, арзышкандар бири-бирине жетишеби?
Аталган тасма 2 сезондон, 72 бөлүмдөн турат. Биринчи сезон өзүнө 1-41-бөлүмдөрдү камтып, Риват менен Айнурдун баш кошуусу, Кенандын жүрөк оорусуна кабылып, ооруканага түшүшү менен аяктайт.
Баарынан кызыгы, 2-сезондо 1-сезондогу каармандардын айрымдары гана катышып, калгандары кайда калганы белгисиз бойдон калат. Тагыраак айтканда, Кенан, Метин, Риват, Айнур гана ойношот.
Бул сезон Метиндин башка мугалим кызга баш кошуусу менен аяктайт. Демек, Зейнеп Метиндин сүйүүсүн кабыл алган жок. Бирок Кенан сүйүүсүнө жетти дейин десек, анын андан аркы турмушу сүрөттөлбөй, белгисиз бойдон калат. Балким, тасманын дагы кийинки бөлүмү жаралабы, аны азырынча тартуучу топтун эч кимиси ачыкка чыгара элек.

КЕНАН – ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ЫРЧЫ
Башкы ролдогу каармандардын өзү тууралуу билгибиз келип, издөө салганыбызда көптөгөн кызыктарга ээ болдук. Мисалы, Кенан «Бу кадармы» ыры менен белгилүү ырчы болсо, Метин Түркияга белгилүү куудул.

Эмре Алтуг (Кенан, математика мугалими) – «Бу кадармы» деген ыры менен белгилүү болгон түрк ырчысы. Актёр 1970-жылы 14-апрелде Стамбул шаарында төрөлгөн. Ал Стамбул консерваториясын аяктаган соң ар кандай кечелерде ырдап келген. 2000-жылы «Мага ошол жөнүндө айтчы?!» ыры менен популярдуулукка жеткен. 2003-жылдан тарта ар кандай жарнамалык роликтерге, телесериалдарга, көркөм тасмаларга чакыруу ала баштаган. Актёр учурда жубайы, түрк модели Чагла Шикель экөө 2 уулду тарбиялап келишет.


 

Рожда Демирер (Элиф, адабият мугалими) – 1980-жылы 12-августта Анкара шаарында төрөлгөн. Ал 8 жашынан тарта эле телерадио тармагына ыктап, алгач ар кандай уктурууларды алып барса, кийинчерээк ар кандай балдар берүүлөрүндө иш алып барган. 2001-жылы Анкара университетинин театралдык бөлүмүн аяктап, 2003-2008-жылдар аралыгында Трабзон мамлекеттик театрында сүрөтчү болуп иштеген.

 

 

Ахмет Курал (Метин, физика мугалими) – 1982-жылы Кютахьяда төрөлгөн. Театралдык окуу жайын аяктаган Ахмет Курал бир топ жылдык эмгегинен кийин «2012-жылдын мыкты куудул актёру» деп табылган.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
23.04.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо, абдан кызык маалыматтар, эми бул кинону корбой эле койсомбу.
23.04.2013. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
emnege Kyutahya?bizde ü tamgasi bar da demek Kütahya dep ele jazabiz (mende kirgizcha klaviatura jok bolgonu uchun turkcho ü koldondun)
23.04.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул сериалдын айынан мени унутуп калгандар болууда. Эжем чалам деп туруп чалбайт, чалсан албайт. Корсо сериал коруп атат. Дагы бироо маанилуу кепти ушул сериал айынан артка жылдырды
23.04.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда ушул сериал м.н ооруп журомда. .абдан кызык
23.04.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwu kinonu korbosom uktabaim.Ryfattyn obrazyn kyiyn tuurap kaldym mama akcha berin akcha dep heheee.Kinodogu Kenan Daashandy aiabai jakshy koromun.
24.04.2013. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыргыз кинолорун берсе эмне болот тушунбойм же кыргыз актёр актрисалары жакшы аткара албаганы учун бербейби тушунбойм акыркы мезгилде жакшы эле чыгып жатат кинолору эмне учун аны бербейт
24.04.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"буркутум менин", "муруту жок мышыктай болуп" деген сыяктуу тамашалуу создору менен оригиналдуу экен бул тасма
24.04.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кыргыздардын кинолору жонундо деле жазсанар? Мисалы "Общага" деген сериал жонундо...))).
25.04.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кино О.Мусакеев агайдын Доолот студиясы тарабынан которулуптур,бирок ун кошотогон адамдар аябай начар коштогон.М:агайдын жаныбарлар дуйносу аттуу беруусундо унун озу коштойт,ушунчалык уккулуктуу ошондуктан берилуу мн коруп,ичине сунгуп кирип кетесин.Казактардын кино которгонун байкасанар алар ото жогорку денгээлде которушат. Бизде болсо эптешип,эмоциялуу жерлерин жон эле коштоп коюшат ананда кулкусу келишип которгондой эле сезиле берет мага.Кино жакшы экен,но ундорун ото кызыксыз коштошкон..
25.04.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий алтыным десе, жааным..:p мага Зайнептин иничеги менен Кенан жезде аяввай жагат да! Рифатты Раффат деп журупмун, боорду эзет го жездеси экоо:D Айшегуль красавица!
25.04.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай боорду эзген, маанайды которгон кино. мага жагат
25.04.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эң жогорку денгээлде эмес, коүлго тооорлук эмес!
25.04.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sonun tarbiyalik maanisi da jakshy! biz ui-bulobuz menen oorup atavyz bul kino menen daje baldarym da uktabai RIFAT korobuz dep...
25.04.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмре Алтугнун жубайы Кагла Шикер эмес Чагла Шикел
25.04.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyldyzka,
Рахмат! Ката түзөтүлдү.
26.04.2013. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда жазган кээ бир адамдар ич куйдуулук, коралбастык кылбасанар. Омурундо КТРК бир сериалды кыргызча которуп кыргыз тилине салымын кошуп аракет кылып жатканда аны колдогондун оордуна жанын койбой сынга да алып жиберипсинер. А корокчо Кыргызча кинолор сериялдар кобойсо экен деп тилегиле да. Коч бара бара тузолот, онолот.
26.04.2013. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озу КТРК сериалбы,же жон эле кинобу которгондо кулкулуу чыгып калат,анан чынында эле эмоция жок.Узбек,казактарды коруп жатабыз го кайгырганда кайгырып,кулгондо чын эле шанкылдап кулуп,ундоручу чыныгы уну менен суйлоп,биздикилер чыйылдап,жасалма суйлоп жаткандай угулат.
26.04.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба котормого сөз жок, башкаларга караганда өсүш бар Дөөлөт студиясына ийгилик. Бийиктике көтөрүлө бергиле, а киного келсек Кенан, Рыфат, Халил сөз жок.
27.04.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок кулкулу кино экен мага жакты саатты карап кутом качан башталат деп,фантастика боевик кинолорго караганда жакшыда уйбуло менен коргону тарбиялык мааниси жагы да бар экен КТРК ушундай кинолорду коп койсо жакшы болот эле жаш балдардын да психологиясы жакшы жака бурулмак
27.04.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы уккулуктуу которулган кино болорун чыдамсыздык менен кутобуз уй-булобуз менен сонун которгон, анан бир жерин айтып коёун гунже кененди жезде деген жери барда ал кандай болот зейнепти да жазгылачы ал канчанчы жылы тулган. Анан Кенен ырдаган ыр депсинер (Бу кадармыны) аны Таркан ырдачу эмес беле. Автору Кененби ушуну да тактап кетсенер.
27.04.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы ушундай кылып которо бергиле "Дооло" студиясы силерге терен ыраазылык билдирем ушул сериальдын дискеттерин кайсыл жерден алсам болот жардам берсенер бирок кыргызча которулганын жакшы которулган.
06.05.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да аябай жаккты
06.05.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сатууга качан чыгат экен мен да коруп алайын
03.06.2013. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче 3- сезону бар болуш керек,анткени коп адамдардын тагдыры белгисиз бойдон калды.Балдар
03.06.2013. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сынакты жакшы бере албай калышат.
13.06.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай кызыктуу сериал!!!!!!!! чынында кулкулуу, бирок анын артындагы манызы баардыгына тааныш жана тарбиялуу десем жанылышпайм
14.07.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жуктоп койгулаачы сураныч! КТРКдан таппай жатам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо