БЫРЫШТАРДАН АРЫЛЫП, ЖАШАРЫҢЫЗ!

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Бырыш мимикаларыбызга, терибиздин сапатына жараша түшөт. Жаш өткөн сайын да мезгил бетибизге өз изин калтырат. Бырыштар менен күрөшүүнүн сырлары, ыкмалары тууралуу Бишкектеги «Фа-Косметик» сулуулук салонунун жетекчиси Фатима Керимбаева баяндайт.

БЫРЫШТАН КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ
Укалоо. Кол менен да, атайын аппараттын жардамы менен да жазылат. Кол менен укалоо артыкчылык кылат. Аппарат менен бир аз туура эмес жасалып калса, бет булчуңдары бузулушу мүмкүн. Анан да бул ыкма миома, богок, аллергиясы барларга болбойт. Бир жылда 2 курс алуу сунушталат.
1 курс 10-15 сеансты камтыйт.
Кардардын бети алгач гель менен тазаланып, анан маска коюлат. Масканын бетти агартуучу, терини тартуучу, азыктандыруучу сыяктуу түрлөрү бар. Булардан соң укалоо жүргүзүлөт. Баарына 1-1,5 саат убакыт кетет. Кызмат акысы 1 сеанс үчүн 1000 сомдон ашык.

Мезотерапия. Мезотерапия жашартуучу, коррекциялоочу (оңдоочу), бырышты жазуучу ыкма болуп саналат. Алгач беттин түзүлүшүнө карай дары заттардын топтому – коктейль сүйкөлөт. Андан соң гиалурон кычкылы шприцке сордурулуп, бет терисине сайылат.
Мезотерапия менен бүт денени коррекциялоого (жамбашты, санды, булчуңду сулуу жана чымыр көрсөтүү) жана целлюлиттен арылууга болот.
Мезотерапияда денедеги шлактар чыгат, кан жана зат алмашуу жакшырат. Беттин өңү жакшырып, тери жылмакай болуп, нурданат. 1 курс үчүн кызмат акы 3,5-4 миң сомдон өйдө.

Бырыштын ордун толтуруучу гелдер. Гиалурон гели бырыштын алдына шприц аркылуу сайылат. Бул ыкма бетти жашартпайт, болгону бырыштын ордун толтуруп, бырыштар билинбей калат. Кызмат акысы 10 миң сомдун тегереги. Күчү 5-6 айга жетет.

Пластикалык операция. Көздүн тегерегиндеги бырыштарды кетирүү үчүн көздүн сурмасындагы жана көздүн алдындагы ашыкча тери (шалбырап калган) кесилип салынат. Бырыштар жоголуп, көз чоң көрүнүп калат.
Бетти жалпы тартууда беттеги жана моюндагы ашыкча терилер кесилет. Натыйжада бет тартылып, адам жаш көрүнүп калат. Баасы 25 миң сомдун тегереги. Көздүн үстүнө
жасалчу операция 11-12 миң сом, көз алдына жасалчу операция 14-15 миң сом турат.

Ботокс. Ботокс – мимикалык булчуңдарга сайылчу A тибиндеги ботулин затынын уусу. Ботокс булчуңдардын нервин өлтүрүп, кыймылдатпай коёт. Булчуң кыймылдабагандыктан, бет тери ордунда калып, күлгөндө да, ыйлаганда да бырыштар билинбейт. Күчү 5-6 айга жетет. Кызмат акысы Бишкекте 14-15 миң сомдун тегереги.

ЖАШАРТУУЧУ МАСКАЛАР
(Бүт бет терилери үчүн)

Япон маскасы. Балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө алып, жакшы аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетке 15-20 мүнөт коюу керек. Андан соң ромашканын кайнатмасы менен жууп салыңыз. Аптасына 2 ирет жасоо сунушталат.

Картошка маскасы. Чийки картошканы сүргүчтөн өткөрүп, майдалап, аны бетке 20 мүнөт коёт. Бул маска бетти агартып, тери тешикчелерин кичирейтип, күнгө күйгөндөгү беттин кызылын кетирет.

Кайың маскасы. Кайыңдын жаңы жалбырактарын майдалап, үстүнө ошончо өлчөмдө сулу уну менен өсүмдүк майы куюлат. Бетке 15 мүнөт жаап, андан кийин жылуу суу менен жууп салуу зарыл.

Аралаш маска. Алоэнин 2 аш кашык маңызына 1 жумуртканын сарысы, 3 аш кашык сүт, 1 чай кашык бал кошулат. Боткону бетке 20 мүнөт жаап, артынан жууп, муз менен сүртүү кажет.

Эскертүү: Булардан тышкары колго тийген жашылча-жемиштерден маска жасай берсеңиз, жаңы бырыштардын алдын алып, эскилеринен канчалык бир деңгээлде кутулган болосуз.

БЕТТИ ЖУУ ҮЧҮН ЧӨП КАЙНАТМАСЫ
Розанын тундурмасы. Розанын гүлүнөн 3-4 аш кашык алып, үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, жарым саат демдеп коюу кажет. Ал суу менен бетти 2 маал чайкаса болот. Мындай тундурма бырышты жазгандан тышкары беттин терисин серпилгич жана чың кылат.

Эскертүү: Розанын ордуна ит мурун, розмарин, липа же ромашканын гүлүн колдонсо да болот. Ромашка, ит мурун, роза кургак терилер, ал эми розмарин, липа жана ромашка майлуу терилер үчүн колдонулат.

БЫРЫШ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ТҮШӨТ?

  • Сырткы факторлордун терс таасири (күн нуру, шамал ж.б.)
  • Стресстер жана ар кандай адаттар (чекени тырыштыруу, көздү жүлжүйтүү, эринди чормойтуу ж.б.)
  • Узакка созулган өнөкөт оорулар
  • Бет жана моюн терилерин күтө билбегендик (бет майды ашыкча сыйпоо, бетти убагында жууп-тазалабоо ж.б.)
  • Тиштердин түшүшү (бет булчуңдары бошоңдоп, тери шалбырайт)
  • Кескин арыктап кетүү ж.б.

БЫРЫШКА КАРШЫ 7 АЗЫК

Капуста. Бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу зат бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 57 грамм капуста жеш зарыл.
Буурчак өсүмдүктөрү. Соя, маш, буурчак биздин организмде гиалурон кычкылы деп аталган карылыкка каршы заттын иштелип чыгышын шарттайт. Адам төрөлгөндө анын организминде бул кычкыл жетиштүү өлчөмдө болуп, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азая берет. Андыктан күнүнө жок дегенде 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.
Үндүк эти. Мындай этте тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде «каз тамандардын» пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүк этин жеп туруңуз.
Кара өрүк. Бул жемиш организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Жаңы үзүлгөнүнөн болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп туруу зарыл.
Кызылча. Америкалык диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.
Зайтун майы. Австриялык изилдөөчүлөр зайтун майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болорун аныкташкан.
Шоколад. Какаону пайдаланган соң кандын жүрүшү жакшырат. Кара шоколад теринин №1-душманы болгон ультра-кызгылт нурлардан сактайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Бырыштардан арылып, жашарыңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(31)
22.04.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат чон, абдан пайдалуу кенеш экен!
22.04.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат аябай сонун кенеш экен.
22.04.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен.Чоон рахмат
22.04.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буурчак деген эмне?
22.04.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
22.04.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buurchak degen goroh
22.04.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунуго жок дегенде 2кашык Буурчак осумдугу,менин жеке оюмча фасоль,нокот, соя,маш, жана дагы кооооп .............(гречка,жугору,курсу,)пайдалуу азыктар кооп
22.04.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбодум ромашка кургак териге да майлуу териге да пайдалуубу же адашып жазылганбыы?
23.04.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Зайтун майы" это кыргызча? Зайтуну эмне :(
26.04.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chicagogirl, зайтун дегени- оливковое масло
23.04.2013. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ромашка майлу териге да кургак териге да боло берет.
23.04.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буурчак-бул орусча "горох".
23.04.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешенеге тырыш тушпош учун эмне кылуу керек?
23.04.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан моюнга жана жалпы эле бетке, ошондой косметиканын зыяны жокбу?
23.04.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенештер.рахмат.Бир чети суйлошкон кызымы тушунуп алдым,неге шоколад эле дей береерин...
23.04.2013. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешенен бырышып тырышпасын десен намаз оку. Бешенен жайнамазга тийген сайын жашарасын.
24.04.2013. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat jakshy kenesh .
25.04.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soonun kenewter
26.04.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat.бул кенештерди аткарууга эркти кантип тарбиялоону да жазып койсо))) Адатта кандай гана жакшы кенеш болсун бир жума, коп болгондо бир ай карманасын анан кайда калганын билбей каласын...
26.04.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каалайбызбы,каалабайбызбы бырыш тушот,канча аракет кылып курошконубуз менен мезгил оз билгенин бербейт.Канчалаган атактуулар бырыш менен курошуп келишет,эч ким он сегиз жаштагы келбетин сактап калалган эмес,жонгана озун озу алдоо,акчасын пайдасыз нерсеге сарптоо деп ойлойм.....
27.04.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат жакшы кенештер.Бурчакты майдалап бетке маска жасаса да агартат.
SUPER.KG видео
22.05.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо,аябай керектуу кенештер екен чоон рахмат ишиниздер илгерилесин!!!
SUPER.KG видео
22.05.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сепкилди жоготуу жөнүндө да материал берсеңиздер абдан жакшы болмок, сепкилдеримди жогото албай жүрөм.Raxmat
SUPER.KG видео
22.05.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйлоп жаткан эже озунун бырышын кетирип албайбы,баягы орустардын сапожник без сапог дегендей да.
SUPER.KG видео
23.05.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат пайдалуу кенеш болуптур
SUPER.KG видео
24.05.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо, тороттон кийинки беттеги тактарды кантип кетирсе болот, ошол жонундо да маалымат берип койсонуздар соонун болот эле.Алдын ала рахмат.
18.09.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы кенештер экен.Чон ыраазычылык билдиребиз Суперге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо