АТАХАНОВ КЫЗМАТЫНАН УБАКТЫЛУУ ЧЕТТЕТИЛДИ

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошоп, өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсү боюнча Болот Шер баштаган депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын жыйындары жабык эшик артында өтүп, жыйынтыктары ачыкка чыга баштады.

ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯНЫН БИРИНЧИ ЖЕМИШИ
Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер Шамиль Атаханов Азиз Батукаевдин иши тергелип бүткүчө кызматын убактылуу тапшырды.
Үлкөн аткаминердин мындай кадамга баруусуна уулуна байланыштуу маалыматтын ачыкка чыгышы себеп болду. «Ата мекенчи» депутат Жоомарт Сапарбаев «мыйзамдагы ууруну» Грозныйга алып кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлегенин айтып чыккан. Вице-премьер бул маалыматтын калп экенин билдирди.
«Биз Данияр Атахановду чартердик бортту жөнөтүүгө тиешеси бар деп так айта албайбыз, анткени берилген документтерди тыкыр изилдеп жатабыз»,- деди Болот Шер.

КЫЗМАТЫНАН КОЛ ЖУУЧУЛАР КИМДЕР?
Атахановдон сырткары депутаттык комиссия башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаев жана Нарындагы №4-тергөө изоляторунун башчысынын милдетин аткаруучу Т.Абылгазиевди да кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштады. Бирок Зарылбек мырза өз каалоосу менен эч кандай кызматтан убактылуу четтөөгө барбай турганын билдирди. Ошондой эле комиссия медициналык корутундуну чыгарган врачтар менен акыйкатчыны да жыйынга чакырышат.
Соңку маалыматтарга караганда, Азиз Батукаев Чеченстанда эмес, Орусияда отурукташмай болуптур. Мунун айынан бул өлкөдөгү миңдеген кыргыз мигранттарына зыянын тийгизиши мүмкүн деген кооптонуулар пайда болуп жатат.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
22.04.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда жургон карапайым кыргыз калкына зыяны тийбесе эле болду!
22.04.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атаны кокуй бйиликтегилер ай, эми озунор жумуш таап бере албаганынар аз келгенсип, мигранттарды коздой карышкырды кой бердинерби
23.04.2013. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот Шеринер да кулака илсе аны ким?...
23.04.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чеченстан менимче Орусияда жайгашса керек эле :))
25.04.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шамиль да чечен окшойт, менин оюмча.
25.04.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу жогорку мамлекеттик кызматтарга эч качан башка улуттун адамдарын койбош керек, биздин бийлик неге эле башка улуттагыларды кое беришет, тушунбойсун...Кыргызды кыргыздай эч ким тушунбойт, а ботондор четинен сатып кетип жатышат, анан неге ички секреттерге ботондорду коюп коюшат, тушунсом буюрбасын ((((((
Модератор admin_media түзөттү 25.04.2013 12:34
25.04.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life,
Маданиятсыз сөздөрдү жазуудан оолак болуңуз, билдирүүңүз түзөтүлдү. Кайталанса сайттан четтетүүгө аргасыз болобуз.
25.04.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media баары эсте болот, кантип жазып алганымда да билбей калыпмын ;) хозяин барин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо